Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Балдарыңарды үйрөткүлө

 5-БӨЛҮМ

Шемуел дайыма туура иш кылган

Шемуел дайыма туура иш кылган

Шемуел кичинекей чагынан тартып эле адамдар Жахабага сыйынган ыйык чатырда жашап, ар кандай иштерди аткарган. Анын ыйык чатырда кандайча кызмат кылып калганын билесиңби? Кел, адегенде Шемуелдин апасы Анна жөнүндө окуп көрөлү.

Анна көптөн бери балалуу болгусу келип, бирок төрөй албай жүргөн. Ошон үчүн Жахабадан бала беришин сурап көп жалынчу. Ал Кудайга: «Эгер мага эркек бала берсең, мен аны сага ыйык чатырга кызмат кылганга берем»,— деп убада берген. Жахаба анын тилегине жооп кылып, уул берген. Анна анын атын Шемуел деп койгон. Ал Кудайга берген сөзүнө туруп, уулу төрткө чыгып калганда, аны Кудайдын ыйык чатырына алып барган.

Ыйык чатырда Эйли деген дин кызматчы бар болчу. Анын эки уулу да ошол жерде кызмат кылышкан. Ыйык чатыр Кудайдын үйү болуп эсептелгени эсиңдеби? Ал жердеги адамдар жакшы иштерди эле кылышы керек болчу. Бирок Эйлинин уулдары жаман иштерди кыла беришчү. Мунун баарын Шемуел көрүп турган. Шемуел да, Эйлинин уулдарындай болуп, жаман иш кылганбы? — Жок, ал, ата-энеси үйрөткөндөй, дайыма жакшы иштерди гана кылган.

Кандай деп ойлойсуң, Эйли жаман иш кылган уулдарын эмне кылышы керек эле? — Аларды жазалап, Кудайдын үйүндөгү кызматынан бошотушу керек болчу. Бирок Эйли анткен эмес. Андыктан Жахаба Эйлиге да, анын эки уулуна да аябай ачууланып, аларды жазалоону чечкен.

Шемуел Эйлиге Жахабанын сөздөрүн айткан

Бир күнү Шемуел уктап жатканда кимдир бирөөнүн: «Шемуел!» — деп чакырганын угат. Ал Эйлиге чуркап барса, Эйли: «Мен сени чакырган жокмун»,— дейт. Бул дагы эки жолу кайталанат. Үчүнчү жолкусунда Эйли Шемуелге: «Ошол үндү дагы уксаң, айта бер, Жахаба, угуп жатам»,— деп жооп бериши керектигин айтат. Анан Шемуел так ошондой кылат. Ошондо Жахаба Шемуелге: «Эйлиге: „Жаман иш кылганыңар үчүн үй-бүлөңдү  жазалайм“,— деп айт»,— дейт. Шемуелге Жахабанын сөзүн айтуу оңой болгонбу? — Жок, оңой болгон эмес. Бирок ал корксо да, Жахаба кандай кыл десе, так ошондой кылган. Убакыттын өтүшү менен баары Жахаба айткандай болуп, Эйли өзү да, эки уулу да өлгөн.

Шемуел биз үчүн жакшы үлгү калтырган. Ал, башка адамдар жаман иш кылып жатса да, дайыма туура иш кылган. А сенчи? Шемуелге окшоп, дайыма туура иш кыласыңбы? Эгер ошентсең, Жахабаны да, ата-энеңди да кубантасың.

ЫЙЫК КИТЕБИҢДЕН ОКУ