Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Балдарыңарды үйрөткүлө

 13-БӨЛҮМ

Тиметей жардам берүүгө даяр болгон

Тиметей жардам берүүгө даяр болгон

Тиметей башкаларга жардам берүүгө дайыма даяр болгон. Ал көп жерлерди басып өтүп, көптөгөн адамдарга жардам берген. Ошон үчүн анын жашоосу абдан кызыктуу болгон. Бул жөнүндө көбүрөөк билгиң келеби?

Тиметейдин апасы менен таенеси ага Жахаба жөнүндө айтып беришчү

Тиметейдин балачагы Листра шаарында өткөн. Таенеси Лоис менен апасы Эйнике ага кичинекей кезинен эле Жахаба жөнүндө билим беришкен. Мына ошол себептен Тиметей чоңойгондо башкаларга да Жахаба жөнүндө айтууну каалаган.

Тиметей жаш болсо да, элчи Пабыл аны өзү менен кошо башка жерлерге кабар айтууга чакырган. Жардам берүүгө даяр болгон Тиметей дароо макул болгон.

 Ошентип, ал элчи Пабыл менен Македониянын Тесалоника шаарына жөнөп кеткен: Ал шаарга жетүү үчүн көп жерлерди жөө басып өтүп, анан кемеге түшүшкөн. Көздөгөн жерине жеткенден кийин шаардын тургундарына Жахаба жөнүндө кабар айта башташкан. Бирок айрымдар ачууланып, аларды сабоого аракет кылышкан. Ошондуктан элчи Пабыл менен Тиметей кабар айтканга башка жерге кетип калышкан.

Тиметейдин жашоосу кызыктуу болгон

Бир нече айдан кийин элчи Пабыл Тиметейден Тесалоника шаарына барып, бир туугандардын ал-жайын билип келүүнү суранган. Тургундары сабап сала жаздаган шаарга кайра барыш үчүн эр жүрөктүк талап кылынган. Бирок Тиметей ишенимдештерин ойлоп, тынчсыздангандыктан Тесалоникага барган. Анан бир туугандардын жакшы жатканын көрүп, элчи Пабылга айтып келген.

Тиметей элчи Пабыл менен көп жылдар бою кызматташкан. Пабыл бир жолу анын жыйналыштарга кам көрүү жагынан эң мыкты бир тууган экенин жазган. Анткени Тиметей Жахабаны да, адамдарды да аябай жакшы көрчү.

Сен да адамдарды жакшы көрөсүңбү? Аларга Жахаба жөнүндө айткың келеби? — Эгер ошондой болсо, жашооң Тиметейдикиндей кызыктуу болуп, бактылуу өмүр сүрөсүң.