Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Балдарыңарды үйрөткүлө

 2-БӨЛҮМ

Ребека Жахабаны кубанткан

Ребека Жахабаны кубанткан

Ребека Жахабаны аябай жакшы көрчү. Анын күйөөсүнүн аты Ыскак болгон. Ал да Жахабаны жакшы көрчү. Ыскак менен Ребека кантип таанышышкан? Ребека Жахабаны кантип кубанткан? Кел, ушул жөнүндө окуп көрөлү.

Ыбрайым пайгамбар менен Саара Ыскактын ата-энеси болгон. Алар Жахабага сыйынбаган кишилер жашаган Канаан деген жерде турушкан. Бирок Ыбрайым пайгамбар уулуна Жахабага кызмат кылган аял алып бергиси келген. Ошондуктан, кыязы, Элиезер деген кулун Харанга жиберген. Ал жерде Ыбрайым пайгамбардын туугандары жашачу.

Ребека төөлөрдү сугарыш үчүн суу ташып келгенге даяр болгон

Ошентип, Элиезер он төөгө тамак-аш, белек-бечкектерди артып алып, жанына башка кулдарды алып, жолго чыгат. Алар узак жол жүрүшөт. Элиезер Ыскакка аял боло турган кызды кантип тапкан? Алар Харан деген шаарга жетип, кудуктун жанына төөлөрүн чөк түшүрүшөт. Ал жерге шаардан суу алганы кыздар келет. Элиезер Жахабадан: «Мен кайсы кызга: „Кумураңды ылдый кылчы, суу ичип алайын“,— десем, ал: „Ичиңиз, төөлөрүңүздү да сугарып берем“,— десе, ошол кыз сен тандаган кыз болот»,— деп тиленет.

Бир убакта шаардан ийнине кумура көтөрүп алып Ребека келет. Ыйык Китепте анын аябай сулуу болгону айтылат. Элиезер андан: «Ичкенге бир аз суу берчи»,— деп сураганда, ал: «Ичиңиз, төөлөрүңүзгө  да суу сузуп келип берейин»,— деп жооп берет. Суусаган төөлөрдүн көп суу ичерин билчү белең? Ошон үчүн Ребека кудукка кайра-кайра чуркап, суу ташыйт. Анын жаны тынбай төөлөрдү сугарып жатканын сүрөттөн көрүп жатасыңбы? — Элиезер Жахабанын анын тиленүүсүнө жооп бергенин көрүп, таң калып отуруп калат.

Анан Ребекага ар кандай кооз белектерди берет. Ребека болсо Элиезер менен анын жанындагы кишилерди үйүнө конокко чакырат. Элиезер Ребеканын ата-энесине Ыбрайым пайгамбардын аны бул жакка эмне үчүн жибергенин жана Жахабанын анын тиленүүсүнө кантип жооп бергенин айтып берет. Ошондо ата-энеси кызын Ыскакка аялдыкка берүүгө макул болот.

Ребека Канаан жерине барып, Ыскакка турмушка чыккан

Ребека Ыскакка турмушка чыкканга өзү макул болду беле? — Ал Элиезерди Жахаба өзү жибергенин билген. Андыктан ата-энеси андан: «Канаан жерине барып, Ыскакка турмушка чыкканга макулсуңбу?» — деп сураганда, ал: «Ооба, макулмун»,— деп жооп берет. Анан эртеси күнү Элиезер менен жолго чыгат. Ошентип, Ребека Канаан жерине барып, Ыскакка турмушка чыгат.

Ребека Жахаба каалагандай иш кылгандыктан, Жахаба ага мол бата берген. Ошондон көптөгөн жылдар өткөндөн кийин Ыскак менен Ребеканын тукумунан Иса Машаяк төрөлгөн. Эгер сен Ребекадай болуп, Жахабаны кубантсаң, Жахаба сага да мол бата берет.

ЫЙЫК КИТЕБИҢДЕН ОКУ