Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Балдарыңарды үйрөткүлө

 3-БӨЛҮМ

Рахап Жахабага ишенген

Рахап Жахабага ишенген

Канаан жеринен орун алган Жерихо шаарында жүргөнүңдү элестетсең. Ал шаарда Жахабага ишенбеген адамдар жашашкан. Рахап деген аял да ошол шаарда жашачу.

Кичинекей кезинде Рахап Муса пайгамбардын ысрайылдыктарды Мисир жеринен кулчулуктан алып чыгып, Кызыл деңизди экиге бөлгөнүн уккан болчу. Мындан тышкары, ал Жахабанын өзүнүн элине душмандарын жеңгенге жардам бергенин уккан. Эми ошол ысрайылдыктар Рахап жашаган Жерихо шаарын басып алыш үчүн шаарга жакын келишет.

Рахап Жахабага ишенгендиктен эки чалгынчыны жашырып койгон

Бир күнү ысрайылдык эки чалгынчы Жерихо шаарын көрүп келгени жөнөйт. Алар шаарга кирип, Рахаптыкына барышат. Рахап алардан түнөп кетүүнү өтүнөт. Бирок Жерихонун падышасы ысрайылдык эки чалгынчынын Рахаптын үйүндө экенин билип калып, аларды кармаш үчүн түн ичинде кишилерин жиберет. Рахап тиги экөөнү жашырып, падышанын кишилерине: «Алардын меникине келгени чын, бирок шаардан кетип калышты. Тезирээк артынан кууп жөнөсөңөр, жетесиңер»,— деп коёт. Рахаптын эки чалгынчыны эмне себептен жашырып койгонун билесиңби? — Анткени ал Жахабага ишенген жана анын Канаан жерин ысрайылдыктарга берерине эч шектенген эмес.

Эки чалгынчы кетерде Рахапка, Жерихо талкаланганда, өзүнүн жана тууган-туушкандарынын аман каларын убада кылган. Алар ага эмне кыл деп айтканын билесиңби? — «Терезеңе бул кызыл жипти байлап кой. Ошондо баарыңар аман каласыңар»,— дешкен. Рахап эки ысрайылдык киши кандай айтса, так ошондой кылган. Андан кийин эмне болгонун билесиңби?

Жахаба Рахап менен анын туугандарын аман алып калган

Бир нече күндөн кийин ысрайылдыктар шаарды унчукпай эле айлана башташат. Алар алты күн бою күнүнө бир жолу айланышат. Анан жетинчи күнү шаарды жети жолу айланып чыккандан кийин катуу кыйкырышат. Ошондо Жахаба шаардын дубалдарын уратып салат. Бирок терезесине кызыл жип илинген үй эч нерсе болбойт. Муну сүрөттөн көрүп жатасыңбы? — Ооба, Рахап туугандары менен аман калган.

 Рахапты кантип туурасаң болот? — Ал Жахабанын кереметтүү иштери жөнүндө уккандыктан ага ишенген. Сен да Жахабанын укмуштуу иштери жөнүндө окуп-билип жатасың. Рахаптай болуп, Жахабага бекем ишенесиңби? — Ишенериңе эч шектенбейбиз!