Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Балдарыңарды үйрөткүлө

 7-БӨЛҮМ

Жалгызсырап, корккон учурларың болду беле?

Жалгызсырап, корккон учурларың болду беле?

Сүрөттөгү кичинекей баланы карасаң. Ал жалгызсырап, бир нерседен коркуп жатат окшойт, э? Сенин да корккон учурларың болду беле? — Бардык эле адамдардын корккон учурлары болот. Алардын бири Илияс пайгамбар болгон. Кел, ал жөнүндө көбүрөөк билели.

Изабел Илияс пайгамбарды өлтүргүсү келген

Илияс пайгамбар Машаяк төрөлгөнгө чейин көп жыл мурун Ысрайылда жашаган. Ысрайылдын падышасы Ахап Жахабага сыйынбаган киши болгон. Анын аялы Изабел Баал деген жалган кудайга сыйынчу. Ошондуктан Ысрайылда адамдардын көбү да Баалга сыйына башташкан. Изабел аябай каардуу, жаман каныша болгондуктан Жахабага сыйынган адамдардын баарын, атүгүл Илияс пайгамбарды да өлтүргүсү келген. Ошондо Илияс пайгамбардын эмне кылганын билесиңби?

Ал чөлгө качып кетип, бир үңкүргө жашынып алган. Эмне үчүн деп ойлойсуң?  Анткени аябай коркуп кеткен. Бирок ал коркпошу керек болчу. Себеби Жахабанын жардам берерин жакшы билген. Бир жолу Жахаба ага өзүнүн кандай күчтүү Кудай экенин көрсөткөн болчу. Илияс пайгамбар тиленгенде, Жахаба ага жооп кылып асмандан от түшүргөн. Ал азыр да пайгамбарына жардам берүүгө даяр болгон.

Жахаба Илияс пайгамбарга кантип жардам берген?

Илияс пайгамбар үңкүрдө отурганда, Жахаба: «Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?» — деп сураган. Пайгамбар: «Сага сыйынгандардан менден башка эч ким калган жок. Мен жапжалгызмын. Мени да өлтүрүп коюшабы деп аябай коркуп жатам»,— деп жооп берген. Анткени ал Жахабага сыйынгандардын баарын жаман кишилер өлтүрүп салды деп ойлогон. Ошондо Жахаба аны: «Жок, андай эмес. Мага сыйынган жети миң киши бар. Кайраттуу бол. Сага дагы көп иштерди тапшырам»,— деп кайраттандырган. Илияс пайгамбар муну укканда сүйүнгөнбү?

Илияс пайгамбар жөнүндөгү окуядан эмнеге үйрөнө аласың? — Сен эч качан жалгызсырап, коркпошуң керек. Анткени Жахабаны да, сени да жакшы көргөн сонун досторуң бар. Аябай күчтүү болгон Жахаба да сага жардам берүүгө дайыма даяр. Жалгыз эмес экениңди билгенде кубандыңбы?