Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Балдарыңарды үйрөткүлө

 1-БӨЛҮМ

Кудайдын ыйык сырын билгендер бактылуу

Кудайдын ыйык сырын билгендер бактылуу

Сага кимдир бирөө өзүнүн сырын айтты беле?  * Ыйык Китепте «ыйык сыр» деп аталган өзгөчө сыр жөнүндө айтылат. Кудайдын сыры болгондуктан ал ыйык болуп саналат. Анын сыр деп аталганынын себеби аны адамдар билбейт. Атүгүл периштелер да ал жөнүндө көбүрөөк билгиси келишет. Ал эмне болгон сыр экенин билгиң келеби?

Периштелер эмне жөнүндө билүүгө аракет кылып жатышат?

Илгери-илгери Кудай эң биринчи эркек менен аялды жараткан. Алардын аты Адам менен Обо болгон. Кудай аларга Эйден деп аталган кооз бакчада жашагыла деген. Эгер Адам ата менен Обо эне Кудайдын тилин алышса, өздөрү да, балдары да бүт жер жүзүн Эйден багындай кооз бейишке айлантышмак. Анан ошол жерде түбөлүк жашашмак. Бирок Адам ата менен Обо эненин эмне кылганы эсиңдеби?

Алар Кудайдын тилин алышкан эмес. Ошон үчүн биз бүгүн Бейиште жашабайбыз. Ошого карабай Кудай жер бетин гүлдөгөн бейишке айлантарын убада кылган. Ал жакта адамдар эч качан өлбөй, кубанып жашашат. Кудай муну кантип кылат? Муну адамдар көптөн бери билбей келишкен. Ал сыр болчу.

Иса Машаяк жерге келгенде ошол сыр жөнүндө көп нерсе айтып берген. Ал сыр Кудайдын Падышалыгына байланыштуу болгон. Иса Машаяк адамдарды: «Падышалыгың келсин»,— деп тиленүүгө үйрөткөн. Анткени Падышалык аркылуу жер бети ажайып кооз бейишке айланат.

Кудайдын ыйык сыры жөнүндө билгенде сүйүндүңбү? — Жахаба Кудайдын тилин алгандар гана Бейиште жашай турганын унутпа. Ыйык Китепте Жахабанын тилин алган көптөгөн адамдар тууралуу жазылган. Алар жөнүндө көбүрөөк билгиң келеби? — Кел анда, алардын айрымдары жөнүндө жана аларды кантип туурасак болору жөнүндө окуп көрөбүз.

^ 3-абз. Бул китепчеде айрым суроолордон кийин узун сызык (—) коюлган. Сызык турган жерлерге бир аз токтоп, балаңарга жооп берүүгө мүмкүндүк бергиле.