Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Бактылуу үй-бүлөлөрдөн боло аласыңар

 8-БӨЛҮМ

Кайгы-касирет болгондо...

Кайгы-касирет болгондо...

«Силерге ар кандай сыноолордон улам бир аз убакытка кайгырууга туура келсе да, абдан кубанып жатасыңар» (1 Петир 1:6).

Үй-бүлөңөр бактылуу болуш үчүн колуңардан келгендин баарын кылсаңар да, кээде күтүлбөгөн окуялардан улам кубанычыңарды сактоо оңой болбошу мүмкүн (Насаатчы 9:11). Анткен менен кыйынчылыкка туш болгонубузда, Жахаба мээримдүүлүк менен жардам берет. Эгерде Ыйык Китептеги төмөнкү принциптерди колдонсоңор, оор сыноолорду да көтөрүп кете аласыңар.

 1 ЖАХАБАГА ТАЯНГЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:7). Башыңарга түшкөн кыйынчылыктарга Кудай күнөөлүү эмес экенин эч качан эстен чыгарбагыла (Жакып 1:13). Эгер аны менен ынак мамиледе болсоңор, ал силерди колдойт (Ышая 41:10). «Анын алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө» (Забур 62:8).

Ошондой эле Ыйык Китепти күнүгө окуп-изилдесеңер, жан дүйнөңөр тынчтанат. Натыйжада Жахабанын «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай» экенине ынанасыңар (2 Корунттуктар 1:3, 4; Римдиктер 15:4). Ал бизге «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» берерин убада кылган (Филипиликтер 4:6, 7, 13).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Cезимге алдырбай, туура ой жүгүртүү үчүн Жахабадан жардам сурагыла

  • Көйгөйдү чечүүнүн жолдорун таразалап көрүп, эң ылайыктуусун тандагыла

2 ӨЗҮҢӨРГӨ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨҢӨРГӨ КАМ КӨРГҮЛӨ

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Түшүнө билген адамдын жүрөгү билимге ээ болот, акылмандардын кулагы билим издейт» (Накыл сөздөр 18:15). Жагдайды толугу менен эске алгыла. Үй-бүлөңөрдүн ар бир мүчөсү эмнеге муктаж болуп жатканын аныктагыла. Алар менен сүйлөшкүлө, айткандарын кунт коюп уккула (Накыл сөздөр 20:5).

Эгер жакыныңардан айрылсаңарчы? Андайда ыйлагандан тартынбагыла. Иса Машаяктын да «көзүнө жаш алган» учуру болгон (Жакан 11:35; Насаатчы 3:4). Андан тышкары, жакшы эс алып, уйкуңарды кандыргыла (Насаатчы 4:6). Бул күйүттү оңоюраак көтөрүп кетүүгө жардам берет.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Үйдөгүлөрүңөр менен дайыма пикир алышкыла. Ошондо кыйынчылык болгондо, алар силерге оңой кайрыла алат

  • Силердикиндей жагдайга туш болгондор менен сүйлөшкүлө

 3 БАШКАЛАРДАН ЖАРДАМ СУРАГЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17). Досторуңар силерге жардам бергиси келсе да, кантип жардам беришти билбеши мүмкүн. Андыктан аларга эмнеге муктаж болуп жатканыңарды айтуудан уялбагыла (Накыл сөздөр 12:25). Ошондой эле Ыйык Китепти жакшы билген бир туугандарга кайрылгыла. Алардын кеңештери абдан пайдалуу болору шексиз (Жакып 5:14).

Кайраттуу болуш үчүн Кудайга жана анын убадаларына бекем ишенгендер менен пикирлешип тургула. Өзүңөр да жардамга муктаж болгондорду жөлөп-таясаңар, кайгыны көтөрүү жеңилирээк болот. Аларга Жахаба менен анын убадалары жөнүндө айтып берип, дайыма көңүл бургула. Силерди ойлогон, жакшы көргөн кишилерден качпагыла (Накыл сөздөр 18:1; 1 Корунттуктар 15:58).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Жакын досуңар менен сүйлөшүп, жардамын кабыл алгыла

  • Эмнеге муктаж болуп жатканыңарды ачык айткыла

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Балаңар өлүм жөнүндө сураса...

Балдардын суроолоруна жооп берүүгө жана аларга күйүттү көтөрүүгө жардам берген төрт кеңеш.

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Жамандык качан башталган жана эмне үчүн Кудай анын болушуна азыркыга чейин жол берип келет? Азап-кайгы жок болобу?

Жакыныңардан айрылганда...

16 жыл мурун Роналдунун ата-энеси, туугандары жол кырсыгынан каза болуп калышкан. Жүрөгүндөгү бөксөсү толбосо да, анын азыр жан дүйнөсү тынч.