Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Бактылуу үй-бүлөлөрдөн боло аласыңар

 6-БӨЛҮМ

Бала жашооңорго кандай таасир этет?

Бала жашооңорго кандай таасир этет?

«Балдар — Жахаба берген мурас» (Забур 127:3).

Чүрпөлүү болгондо ата-эне бир чети кубанычы койнуна батпай сүйүнсө, бир чети тынчсызданат. Адатта, жаш ата-эне убактысы менен күчүнүн көбү баласына кетип жатканын көрүп, таң калат. Уйкудан калгандыктан жана маанайлары тез өзгөрүп, өйдө-төмөн боло бергендиктен, алардын өз ара мамилеси начарлашы мүмкүн. Андайда жубайлар баласына да кам көрүп, мамилелерин да чыңдай алышы үчүн айрым өзгөрүүлөрдү жасашы керек болот. Ыйык Китептеги кеңештер мындай кыйынчылыктарды чечүүгө кантип жардам берет?

 1 ЖАШООҢОРДУН ӨЗГӨРГӨНҮН ТҮШҮНГҮЛӨ

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Сүйүү чыдамкай, боорукер», ошондой эле «өз кызыкчылыгын көздөбөйт, кыжырданбайт» (1 Корунттуктар 13:4, 5). Көз жаргандан кийин эненин оюнун баары эле жаңы төрөлгөн ымыркайында болуп калгандыктан, күйөөсү өзүнө такыр көңүл бурулбай калгандай сезе башташы мүмкүн. Ошондуктан аялдар күйөөсүнүн да көңүл бурууга муктаж экенин унутпашы керек. Чыдамкай, боорукер болуу менен силер, аялдар, күйөөңөргө өзүн керектүү сезүүгө жардам берип, балаңарды карашууга түрткү бере аласыңар.

Ал эми силер, «күйөөлөр, мындан ары да аялыңарга алган билимиңерге жараша мамиле кылгыла» (1 Петир 3:7). Жубайыңардын күчүнүн көбү балаңарга кам көрүүгө кетип жатканын унутпагыла. Ага эне катары жаңы милдеттер артылгандыктан, тынчсызданышы, чарчашы, атүгүл көңүлү чөгүшү, кээде силерди да жактырбашы мүмкүн. Ошондой учурларда өзүңөрдү кармай билгиле, анткени «ачууланууга шашпаган киши эр жүрөктөн артык» (Накыл сөздөр 16:32). Кыраакы болуп, аялыңарды жөлөп-таягыла (Накыл сөздөр 14:29).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Аталар, баланы кароого түнүчүндө да жардам бергиле. Жубайыңар менен балаңарга көбүрөөк көңүл буруш үчүн башка иштерге жумшаган убактыңарды чектегиле

  • Энелер, күйөөңөр баланы кароого жардам бергиси келсе, каршы болбогула. Кайсы бир нерсени оюңардагыдай кылбаса, аны сындабай, кантип кылышты жумшактык менен көрсөтүп бергиле

 2 МАМИЛЕҢЕРДИ ЧЫҢДАЙ БЕРГИЛЕ

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Экөө бир дене болот» (Башталыш 2:24). Башыңарга баш кошулса да, жарыңар экөөңөр «бир дене» бойдон кала берериңерди унутпагыла. Мамилеңерди ысык бойдон сактоого бүт күчүңөрдү жумшагыла.

Аялдар, жолдошуңарга жардамы, колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргиле. Силердин жылуу сөзүңөр дарыдай даба болору шексиз (Накыл сөздөр 12:18). Күйөөлөр, зайыбыңарды сүйөрүңөрдү, баалаарыңарды билдирип, зор эмгеги үчүн мактап тургула (Накыл сөздөр 31:10, 28).

«Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн»,— делет Ыйык Китепте (1 Корунттуктар 10:24). Дайыма жарыңардын жыргалчылыгын ойлогула. Бири-бириңерди кунт коюп уккула, мактагыла, пикир алышкыла. Жыныстык мамиледе да жарыңардын «пайдасын көздөп», анын муктаждыктарын эске алгыла. Ыйык Китепте түгөйлөрдүн «өз ара макулдашып алгандан» башка учурларда «жубайлык милдетин» аткарышы керектиги айтылат (1 Корунттуктар 7:3—5). Андыктан бул тууралуу ачык сүйлөшкүлө. Чыдамдуу болуп, бири-бириңерди түшүнө билсеңер, мамилеңер ынак болот.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Жарыңар менен өзүнчө убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк тапкыла

  • SMS жөнөтүү, чакан белек берүү сыяктуу майда-чүйдө иштер аркылуу аны сүйөрүңөрдү билдирип тургула

 3 БАЛАҢАРДЫ ОКУТУП-ҮЙРӨТКҮЛӨ

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Сени акылман кыла ала турган ыйык жазмаларды ымыркай кезиңен билесиң. Андай акылмандык сени... куткарылууга алып барат» (2 Тиметей 3:15). Балаңарды кантип тарбиялай турганыңарды ойлонгула. Ал атүгүл курсакта жатканда эле айрым нерселерди үйрөнүүгө жөндөмдүү болот. Алсак, үнүңөрдү таанып, кандай сезимде болуп жатканыңарды туя алат. Ошондуктан ага төрөлгөнүнөн тартып эле китеп окуп бергиле. Ал окугандарыңарды түшүнбөсө да, китепке жакын болуп чоңоёт.

Балаңарга Кудай жөнүндө айтып берүүгө али эрте деп ойлобогула. Аны менен чогуу тиленгиле (Мыйзам 11:19). Ойноп жатканыңарда да Кудайдын иштери жөнүндө айтып бергиле (Забур 78:3, 4). Чоңойгон сайын ал Жахабаны жакшы көрөрүңөрдү көрүп, өзү да аны жакшы көрө баштайт.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Балаңарды тарбиялоо үчүн Кудайдан акыл сурагыла

  • Кичинесинен тартып үйрөнө бериши үчүн, ага үйрөткүңөр келген негизги ойлорду, сөздөрдү кайра-кайра айта бергиле

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Өзүмчүл дүйнөдө балдарды камкор кылып чоңойтуу

Балаңарга өзүмчүл болбогонго жардам бере турган үч нерсе жөнүндө окуп көргүлө.

Аталык милдетиңерди кантип жакшы аткара аласыңар?

Аталык милдетиңерди жакшы аткарганга жардам бере турган Ыйык Китептеги беш кеңеш жөнүндө окуп көргүлө.