Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Рассел менен чогуу күжүрмөн эмгектенген кыдыруучулар

Жүз жыл мурун 1916

Жүз жыл мурун 1916

1916-ЖЫЛДЫН алгачкы айлары. «Улуу согуш» деп да аталган Биринчи дүйнөлүк согуштун тутанганына 1 жылдан ашып калган. Эки тарап тең көп кишисинен айрылган.

1916-жылдын «Күзөт мунарасынын» 1-январда чыккан санында: «Европаны кучагына алган согуш айрымдардын динге, келечекке болгон көз карашын өзгөрттү»,— делген. Андан ары мындай деп жазылган: «Андыктан Кудайга кызмат кылуу сыймыгын баалап, коркунучка алдырбай, ынталуу кызмат кыла берели, мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбастан, кабарды жигердүү жарыялайлы».

Римдиктер 4:20га негизделген 1916-жылдын жылдык аяты бир туугандарды ишенимин бек сактоого үндөгөн. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр ишенимдүүлүгүнөн жазбай, Жахабадан мол бата алган.

Кыдыруучулардын бир туугандарды бекемдеши

Күзөт мунарасы коомунун кыдыруучу өкүлдөрү шаарларды кыдырып, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдү бекемдеп, көрсөтмөлөрдү беришкен. 1916-жылы 69дай кыдыруучу 1 миллион километрдей жол баскан.

 Уолтер Торн деген кыдыруучу Норфолкто (Виржиния) өткөн жыйында Иса Машаяктын жолдоочулары жүргүзгөн согушту Биринчи дүйнөлүк согушка салыштырып, мындай деген: «Эсептөөлөргө ылайык, майданга аттанган куралчан аскерлердин саны 20—30 миллионду түзөт. . . Бирок согушуп жаткан башка аскерлер бар. Алар — Машаяктын жоокерлери. Гидондун аскериндей болуп, алар да согушууда, бирок кадимки куралдар менен чыккан жок. Алар чындык, адилдик үчүн согушуп, ишеним күрөшүн жүргүзүүдө».

Кыйынчылыктарга карабай кызмат кылышкан

1916-жылдын орто ченинде башталып, жылдын аяк ченине чейин созулган, Франциянын Сомма дарыясынын жанындагы биринчи салгылашта жарадар болгондордун, өмүрүнөн айрылгандардын саны 1 000 000дон ашкан. Ошондой оор кырдаалга карабай, Франциянын башка жактарындагы жигердүү бир туугандар, класстарга, атап айтканда, жыйналыштарга колдоо көрсөтө беришкен.  «Күзөт мунарасынын» 1916-жылдын 15-январдагы санына Жозеф Лэфеврэ деген Ыйык Китеп изилдөөчүнүн каты жазылган. Немистер Францияга кол салганда, ал мекени Денен шаарынан башка жакка кетүүгө мажбур болгон. Жозеф Лэфеврэ Парижге барып, ал жердеги Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн жалгыз классына кошулган. Ден соолугу начар болсо да, ал көп өтпөй жолугушуулардын баарын алып бара баштаган.

Кийинчерээк Жозефке Денен шаарынан кеткен Теофил Леким кошулган. Леким башында Франциянын Ошель деген жерине барып, «Күзөт мунарасы» журналынан макалаларды которуп, Франциянын немистер басып ала элек аймактарындагы бир туугандарга жөнөтүп турган. Бирок аскердик бийлик өкүлдөрү аны шектүү деп эсептеп, Ошелден кетүүгө мажбурлашкан. Леким Парижге барганда, Жозеф Лэфеврэ Жахаба анын тилегине жооп бергенин түшүнгөн.

Алардын Парижде жүргүзгөн ишинин акыбети кайткан. Лэфеврэ мындай деп жазган: «Классыбызда азыр 45 киши бар. . . Көбү чындыкты таанып-билгенине абдан ыраазы, алар муну сыймык катары көрүшөт жана рухий жактан тездик менен өсүп жатышат. Жума сайын өткөрүлгөн күбөлөндүрүү жолугушуусуна (кызматта болгон окуяларды айтып берүү үчүн өткөрүлгөн жолугушуу) дээрлик баары катышат».

Алар бейтараптуулук сакташкан

Согуш күч ала берген убакта бир туугандардын бейтараптуулугу сыналган. Улуу Британияда 18ден 40 жашка чейинки эркектердин баары аскерде кызмат өтөөгө милдеттендирилген мыйзам чыгарылган. Бирок Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн көбү бейтараптуулугунан жазган эмес.

Алсак, «Күзөт мунарасынын» 1916-жылы 15-апрелде чыккан санына У. О. Уорден деген шотландиялык бир туугандын каты жазылган. Ал: «Уулдарымдын бири азыр 19да. Аскердик кызматтан баш тартуу менен ал Мырзабыз тууралуу жакшы күбөлөндүрдү. Атууга кетиши мүмкүн  болсо да, ал Жахабанын күчү менен бекем туруп, адилдикти, чындыкты жактайт деп ишенем»,— деген.

Эдинбург шаарынан болгон Жеймс Фредерик Скотт деген адабият таратуучу да бейтараптуулугу үчүн соттолгон. Бирок сот бардык далилдерди уккандан кийин аны «аскердик кызматка байланыштуу мыйзамдагы жеңилдиктерге ылайык бошотуп, айыпсыз деп тапкан».

Ошентсе да көптөр аскердик милдеттен бошотулган эмес. «Күзөт мунарасынын» 1916-жылы 15-октябрда чыккан санында айтылгандай, сентябрга чейин аскердик кызматтан бошотушун суранып арыз жазган 264 бир туугандын 23ү жарандык кызматтарга дайындалган, калгандары «ар кандай жаза алган», дагы бирөөлөрү «жолдорду оңдоо, казуу жана башка ушу сыяктуу өкмөттүн иштерин аткарууга мажбур болгон». Аскердик милдеттен беш эле бир тууган бошотулган.

Чарлз Тейз Расселдин көз жумушу

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдү жетектеген Чарлз Тейз Рассел 1916-жылы 16-октябрда Кошмо Штаттардын батышына баяндама айтуу үчүн сапар тарткан. Бирок үйүнө кайткан эмес. Себеби 31-октябрда, шейшембиде түштөн кийин Пампа шаарында (Техас штаты) поездде 64 жашында көз жумган.

Көп бир туугандар анын ордуна башка бирөөнүн жетекчилик кыларын элестете алышкан эмес. Рассел бир туугандын узак убакыттан бери жетектеп келаткан ишке байланыштуу каалоосу кандай экени «Күзөт мунарасынын» 1916-жылдын 1-декабрдагы санына чыккан. Ошентсе да: «Бул ишти эми ким жетектейт?» — деген суроо көптөрдү түйшөлткөн.

Бул маселе Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) 1917-жылдын башында боло турган жылдык жолугушуусунда чечилмек. Ал жолугушууга катышкандар добуш берип, бир чечимге келишкен. Бирок ошондон кийинки эле айларда жагдай өзгөрүп, бир туугандар оор сыноого кабылган.