Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

2016-жылдын жылдык аяты

«Мындан ары да ортоңордо бир туугандык сүйүү болсун» (Еврейлер 13:1).

2016-жылдын жылдык аяты

«Көптөр... бири-бирин жек көрөт... Көбүндө сүйүүнүн илеби кайтат» (Мт. 24:10, 12). Бул сөздөр менен Иса пайгамбар б.з. 70-жылы Иерусалим талкаланарда адамдардын ортосундагы сүйүү муздап каларын айткан. Бирок анын жолдоочулары бири-бирине сүйүү менен мамиле кылып, башкалардан айырмалана бермек (Жкн. 13:35).  Элчи Пабылдын бир туугандык сүйүү жөнүндөгү жана бири-бирин андан ары да сүйө берүүгө үндөгөн сөздөрү Иса Машаяктын Иерусалимдеги жүйүт жолдоочуларын бекемдегени шексиз.

Азыр да Шайтандын дүйнөсү жок боло турган убак аябай жакындап калды. Биз да, 1-кылымдагы бир туугандардай эле, Кудайды жана жакындарын эмес, акчаны, рахатты, өзүн өзү сүйгөн адамдардын арасында жашап жатабыз (2 Тим. 3:1—4). Бирок дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн ортосунда бир туугандык сүйүү күндөн күнгө чыңалууда. Келгиле, мындан ары да бир туугандарыбызга карата сүйүү өрчүтүп, сүйүүнүн булагы болгон Жахабаны даңазалай берели!