Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 БЫЛТЫРКЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР

Падышалык залдарын куруу ишинин тездеши

Падышалык залдарын куруу ишинин тездеши

ЖАХАБАНЫН чыныгы сыйынууну алга илгерилетип жатканын көрүү кандай гана жүрөк толкутарлык! (Ыш. 60:22). Мунун аркасында Падышалык залдарына болгон муктаждык барган сайын өсүүдө. Учурда дүйнө жүзү боюнча 13 000ден ашуун Падышалык залын куруу же оңдоп-түзөө керек.

Жумушту мүмкүн болушунча үнөмдүү аткарыш үчүн Жетектөөчү Кеңеш ар кайсы курулуш бөлүмдөрүнө өзгөрүүлөрдү киргизүүдө. Жакында эле Бруклиндеги башкы башкармалыкта негизделген бүткүл дүйнөлүк долбоор/курулуш бөлүмү (БДК) ар кайсы өлкөлөрдөгү куруу жана оңдоп-түзөө иштерин маанилүүлүгү боюнча бөлүштүрүп, иштин жүрүшүн тездетип, күжүрмөн  эмгектенип жатат. Австралазиядагы, Борбордук Европадагы, Түштүк Африкадагы жана Кошмо Штаттардагы филиалдарда жайгашкан региондук долбоор/курулуш бөлүмдөрү (РДК) болсо өздөрүнө караштуу региондордогу долбоорлорду көзөмөлдөп, Падышалык залдарын тез, ошол эле учурда каражат көп кетпегидей курууга басым жасайт. Андан сырткары, РДКлар филиалдарга аймактагы теократиялык имараттарды кантип күтө билүү керектигин да үйрөтүшөт. Ал эми филиалдардын карамагындагы жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмү (ЖДК) Падышалык залдарын жана жыйындар залдарын куруу жана оңдоп-түзөө иштерин жетектейт.

2015-жылдын январында Кошмо Штаттардагы бардык аксакалдар видео байланыш аркылуу кызыктуу жолугушууга катышышкан. Ал жолугушууда Падышалык залдарынын долбоорлорун түзүүгө, аларды курууга жана тейлөөгө байланыштуу жаңы көрсөтмөлөр берилген. Төмөндө ошол жолугушууда айтылган негизги ойлор келтирилди.

  • Куруу: Имараттардын долбоорлору, курулуш материалдары белгиленген стандартка жооп беришине, ошол эле учурда жергиликтүү шарттарга ыңгайлаштырылышына жана Жетектөөчү Кеңештин Басма комитетинин көрсөтмөлөрүнө ылайык келишине кам көрүлөт. Имараттар тейлөө иштерин, акча каражатты көп талап кылбайт, бирок бекем курулат жана көрүнүшү жагымдуу болот.

  • Тейлөө: Сыйынуу жайларыбыз көп убакытка колдонулушу үчүн, ар бир жыйналыштагы ыктыярдуу жардамчылар аларды жакшы абалда күтө билүүгө үйрөтүлөт.

Ырас, учурда имараттарды куруу, аларды тейлөө жагынан укмуштуудай чоң иштер жасалышы керек. Бирок Кудайдын элинин биргелешип аракет кылганынын аркасында ишибиз тездеп, тартуу кылынган акча-каражаттын туура колдонулары шексиз.