Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Канада: Квебектин түндүгүндөгү инуит эли жашаган Кангирсук айылы

 БЫЛТЫРКЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР

Келип түшкөн каттар. Дүйнө жүзүндөгү кабарлардан

Келип түшкөн каттар. Дүйнө жүзүндөгү кабарлардан

Кабар Канаданын булуң-бурчуна жетип жатат

«Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген тасма Канададагы филиалдын карамагындагы жергиликтүү 8 калктын тилине которулган. 2014-жылы октябрда Нунавик-Арктика районунда 10 күндүк өнөктүк өткөрүлүп, инуктитут тилиндеги ошол тасма 12 000ден ашык киши жашаган 14 айылдын дээрлик ар бир тургунуна көрсөтүлгөн.

Таасирленген деректир

2014-жылы сентябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы «Дүйнөлүк кубок стадионунда» өткөрүлгөн  эл аралык жыйынга 56 000ден ашык киши катышкан. Стадиондун деректири Жахабанын Күбөлөрүн жакшы жүрүм-туруму үчүн мактап, кызматташуу жагымдуу болгонун айткан. Ал: «Ар бири өзүн жакшы алып жүрөт экен. Алардын стадионду тазалаганы биздин тазалыкка жооптуу адистердин тазалаганынан да ашып түштү. Биздин жумушчулар да ушинтип иштесе кана! Мына, дин тутам деген кишилер Жахабанын Күбөлөрүндөй болушу керек»,— деген.

Түштүк Корея: 2014-жылы Сеулда өткөрүлгөн эл аралык жыйын

Жахаба алдын ала даярдап койгон

Жахабанын Күбөлөрү Швеция өкмөтүнө башка диний уюмдарга берилген экономикалык жеңилдиктерди аларга да беришин сурап кайрылышкан. Тилекке каршы, 2012-жылы майда өкмөт алардын өтүнүчүн  канааттандыруудан баш тарткан. Жетектөөчү Кеңеш жергиликтүү бир туугандарга өлкөнүн Жогорку Административдик Сотуна кайрылууга уруксат берген.

Сот чечим чыгарардын алдында оозеки отурум өткөрүүнү чечкен. Ар кайсы өлкөдөн келген бир нече бир тууган ал сотко даярданыш үчүн Стокгольмдогу бир Падышалык залына чогулган.

Даярданып жатканда залдын коңгуроосу шыңгыраган. Бир тууган эшикти ачса, 13, 14 жаштагы эки кыз туруптур. Алар Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө бир нече суроо бергиси келерин айтышыптыр. Эшикти ачкан бир тууган мындай деп эскерет: «Биз даярданып жаткандыктан алардын суроолоруна жооп бергенге убактыбыз жок болчу. Ошон үчүн аларга башка күнү келгиле деп айткым келди».

Бирок ал эки кыз менен сүйлөшүүнү чечкен. Кыздардын көп суроолору бар экен. Алардын айрымдары социалдык маселелерге, шайлоодо добуш берүүгө байланыштуу болчу. Алар менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин ал бир тууган башка бир туугандарга кыздардын кандай суроолорду беришкенин жана аларга эмне деп жооп бергенин айтып берген.

Эртеси күнү Сот мурунку күнү келип кеткен кыздар берген суроолордун көбүн бергенде, бир туугандар аябай таң калышкан. Сотко уюмдун өкүлү катары катышкан бир тууган мындай деген: «Өлкөдөгү кадыр-барктуу мыйзам билермандарынын алдында тургандыктан толкунданышым керек болчу. Бирок такыр тынчсызданган жокмун. Анткени Жахаба биз тарапта экенин көрсөтүп, бизди бир күн мурун даярдап коюптур».

Ошентип, иш биздин пайдабызга чечилген. Анан, жаңы чечим чыгарылышы үчүн, кайра өкмөткө жөнөтүлгөн.

 Кендин бир мүшөк күрүчү

Алты жаштагы Кен Гаитиде жашайт. Ал Падышалык залы куруларын укканда аябай сүйүнгөн. Анан тартуу салганга куту жасап, бөлмөсүнө катып койгон. Ал ата-энеси мектепке деп берген акчаны коротпой, ошол кутуга сала берген. Ошентип, ал акчасын залды кура турган бир туугандар келгенге чейин чогулткан. Көрсө, ал бир чоң мүшөк күрүч сатып алганга жетерлик акча чогултуп коюптур. Көп күндөр бою бир туугандар түшкү тамакта Кендин күрүчүн жыргап жешкен.

Генералдын буйругу

Өткөн жылы Эбола тумоосу жайылып, карантин коюлгандыктан, Сьерра-Леоненин аймактарына атайын уруксат менен кирип калышкан. Алсак, райондук көзөмөлчүлөргө жана кат-кабар ташыгандарга ошол райондорго кириш үчүн өздөрү жана унаалары үчүн уруксат кагазын алууга туура келген. Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү комитетине болсо инфракызыл термометр, хлор жана тамак-аш жеткирип туруу керек болгон. Таң калыштуусу, керектүү кагаздар эч тоскоолдуксуз берилип турган.

Бир окуя бир туугандардын ишенимин өзгөчө бекемдеген. Алар 34 кишиге жана 11 машинеге уруксат сурап, кат жүзүндө кайрылат. Уруксат алыш үчүн генерал менен жолугушуу керек болот. Филиалдын эки өкүлү белгиленген күнү генералга жолугушат. Баягы кат эч жерде жок болуп чыгат. Тигилер: «Өзүңөрдүн кагаздарыңардын арасынан карап көргүлөчү»,— деп айтышат. Бирок бир туугандар аны таппай коюшат. Бир маалда генерал катчысына: «Жумуш бүттү, калган арыздарды эки жумадан кийин карайм»,— деп айтып калат. Бир туугандар Жахабадан жардам сурап, ичинен жалындуу тиленип жиберишет. Ошондо генерал аларды карап:  «Канча кишиге, канча машинеге уруксат керек эле?» — деп сурайт. Бир туугандар санын айтканда, ал ордунан тура калып: «Ушунча көппү?» — деп кыйкырып жиберет.

Бир туугандарыбыз кандай иш жүргүзөрүбүздү жана ушул иш-чаралар Эбола оорусу менен күрөшүүгө жардам берерин түшүндүрүп беришет. Генерал бир аз ойлоно түшүп, катчысына: «Буларга эмне сураса, ошонун баарын бергиле!» — деп буйрук берет.

Гвинея жана Сьерра-Леоне: Падышалык залдарынын баарында санитардык чаралар көрүлгөн