Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Дар-эс-Саламдагы адабияттар текчеси көптөрдүн кызыгуусун туудурууда

 БЫЛТЫРКЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР

Ишти илгерилеткен ыкма

Ишти илгерилеткен ыкма

ҮЙМӨ-ҮЙ күбөлөндүрүү дагы деле Жахабанын Күбөлөрүнүн негизги ыкмасы болсо да, кабар айтууда колдонулган адабият үстөлдөрү, дөңгөлөктүү адабият текчелери көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө тартып, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын таралышына зор салым кошууда (Мт. 24:14). Бир туугандар эл көп жерлерде күбөлөндүрүш үчүн адабият текчелерин, үстөлдөрүн, күркөлөрүн колдонуп жатышат. Андан сырткары, дүйнө жүзүндөгү жыйналыштар 250 000дей дөңгөлөктүү адабият текчеси менен камсыз кылынган. Мунун натыйжасы кандай болууда?

Ири шаарларда эл көп жерде кабар айтуу боюнча атайын программа Танзаниянын Дар-эс-Салам шаарында 2014-жылы иштей баштаган. Анын аркасында 700дөй  киши Ыйык Китепти изилдегиси келерин билдиришкен. Көптөгөн кызыгуучулар жыйналыштарга келип, Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүдө. Андан тышкары, бир эле жылдын ичинде адабият текчелеринен Африканын ар кайсы өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден келген адамдар 250 000ден ашуун адабият алышкан.

Соломон аралдарындагы 2 000дей жарчы аябагандай кең аймакта — эл отурукташкан 300дөн ашуун аралда — чындыктын үрөнүн себүүдө. Алар акыркы жылдары ири шаарлардын эл көп жүргөн жерлеринде күбөлөндүрүү ыкмасын кеңири колдонуп жатышат. Мамлекеттин борбор шаары Хониарада бир туугандар 104 000ден ашуун журнал, 23 600дөн ашуун китепче таратышкан. Адабият алгандардын көбү жарчылар жок аралдардан жана алыскы айыл-кыштактардан болушат. Бир жолу түштөн кийин эле «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебинин 400 нускасы таратылып, 60 киши алар менен ыйык китептик изилдөө өткөрүлүшүн суранган.

Венесуэлага караштуу Маргарита аралында Майкл менен Линда деген үзгүлтүксүз пионерлер бир күнү эртең менен деңиз жээгинде адабият текчесин жайгаштырып жатышканда, алардын жанына Энибал деген киши келет. Ал «Ыйык Китепте эмне делет?» китебин алып, так ошол жээкте жети жыл мурун атасы каза болгонун, ошондон бери апасы депрессиядан кыйналып жүргөнүн айтып берет. Энибал кийинки жумада да келип, Майкл менен Линдага атасы ошол күнү кайтыш болгонун айтат. Анан апасына телефон чалып, аны Майклга сунат да, апасын жубатып коюшун суранат. Майкл  анын өтүнүчүн орундатат. Ошондон кийин анын апасы Майкл менен Линдага бир нече жолу чалган, экөө болсо ага бекемдээрлик аяттарды окуп беришкен. Бир жолу Энибалдын апасы аларга: «Бүгүн өзүмдү алда канча жакшы сезип калдым, анткени силер мени сооротуп, ишенимимди бекемдедиңер»,— деп жазган.

Кошмо Штаттардын 14 шаарынын 127 жеринде эл көп жерлерде кабар айтуу уюштурулган. Натыйжада 2015-кызмат жылынын алгачкы 7 айында эле 8445 изилдөө башталган. Кызматтын бул түрү уюмдан алыстап кеткендерге да кайрадан чындык жолуна түшүүгө жакшы жардам болууда. Буга Терри менен болгон окуя мисал боло алат. Ал Лос-Анжелесте (Калифорния штаты) адабият текчесинин жанына келип туруп калганда, бир туугандар андан биздин адабияттарды окуп көргөн-көрбөгөнүн сурашат. Терри Жахабанын Күбөсү экенин, бирок төрт жылдан бери жигердүү эмес болуп калганын айтат. Жубайлар ага Жахабанын Жезекиел 34:11деги: «Мен өзүм койлорумду издеп таап, аларга кам көрөм»,— деген сөздөрүн окуп берип, талкуулашат. Ошондой эле ага веб-сайтыбыз жана JW телеберүүсү жөнүндө айтышат. Терри эртеси эртең менен бир тууганга кат жазып, аларга кезигердин астында эле жыйналышка барбай жүргөнү үчүн Жахабадан кечирим сурап жалынганын жана аны менен кайрадан ынак мамиле өрчүтүүгө жардам беришин өтүнгөнүн айтат. Ал: «Силер мени жылуу тосуп алып, бекемдээрлик аят окуп берип, Жахабанын уюмуна кайтып келүүгө түрткү берген маалымат менен бөлүштүңөр. Ошондо тиленүүмө жооп алдым»,— деген.

Эфиопиянын борбору Аддис-Абебанын төрт аймагында да эл көп жерде күбөлөндүрүү уюштурулган. Бир туугандар үч айдын ичинде 37 275 адабият таратышкан жана 629 киши аларга Күбөлөрдүн келип кетишин  суранган. «Ыйык Китепте эмне делет?» китебин алган көптөгөн кишилердин арасында жашы улуураак бир киши да бар болчу. Ал китепти алары менен окуй баштаган. Мурун диний семинарларга катышкандыктан анда Иса Машаякка жана Кудайдын Падышалыгына байланыштуу суроолору бар болчу. Суроолоруна жооп алыш  үчүн ал эртеси да адабият текчесине келет. Анан кийинки күнү Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, жуманын аягында биринчи жолу жыйналышка катышат. Ал азыр жолугушууларга үзгүлтүксүз барып, жакшы ийгиликтерди кылып жатат.

Аддис-Абебадагы адабият текчесине коюлган амхар тилиндеги адабияттар

Мексикада адабият текчесине бир жүйүт киши келип, ишенимдештерибизден өлүм жөнүндө жазылган адабият сурайт. Алар андай журнал түгөнүп калганын айтып, ага келечек тууралуу жазылган адабият сунушташат. Ал киши бир туугандын колун кармап: «Келечек кандай болору мага баары бир, өлгүм эле келип калды»,— деп ыйлай баштайт. Байкелер эмне үчүн анчалык кайгырып жатканын сураганда, ал: «Мен жакында эле уулумдан айрылдым»,— деп боздойт. Бир туугандар «Ыйык Китепте эмне делет?» китебинин 7-бөлүмүн ачып, «Жакын адамыбыздан айрылганда...» деген бөлүмчөнүн алгачкы эки абзацын жана өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө айтылган абзацтарды окуп беришет. Жүрөгү козголгондуктан ал киши кайра бир туугандын колун кармап: «Чын эле ушундай болобу?» — деп сурайт. Бир туугандар аны Жахаба убадасын сөзсүз аткарарына ынандырышат. Ошондо ал: «Уулумду көрүш үчүн эмне кылышым керек?» — дейт. Бир туугандар анын үйүнө барууну сүйлөшүшөт. Анан үйүнө барышса, ал Ыйык Китепти изилдөөнү чыдамсыздык менен күтүп жатыптыр.

Нью-Йоркто эл көп жерде күбөлөндүрүү ишин уюштурууга көмөктөшкөн бир кыдыруучу көзөмөлчү мындай деген: «Жахаба бул программага аябай батасын берип жатат. Бул ыкма он миңдеген кишилерге жакшы кабарды жеткирүүгө өбөлгө түзгөндөн тышкары, „жоголгон“ койлорго — жигердүү эмес болуп калгандарга жана жыйналыштан чыгарылгандарга — оторго кайтып келүүгө жардам берүүдө» (Жез. 34:15, 16).