Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Боливия: Адабияттар аймара тилине которулган Эль-Альтодогу алыскы котормо кеңсесин куруу

Былтыркы орчундуу окуялар

Былтыркы орчундуу окуялар

КУДАЙ өзүнүн Падышалыгы аркылуу эмнелерди кылары айтылгандан кийин, Ышая 9:7де: «Муну асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ынтасы ишке ашырат»,— делген. Ал Падышалыктын Падышасы Иса да жерде жүргөндө чыныгы сыйынууну бүт ынтасы менен колдогон (Жкн. 2:17). Башкаларга асмандагы Атасынын сүйүүсүн сезүүгө жардам берүү менен Жахабанын эли андан жана Исадан ынталуу болуу жагынан үлгү алууда. Бул кийинки билдирүүлөрдөн көрүнүп турат.

2015-жылы Эль-Сальвадордо болгон региондук жыйын

БУЛ БӨЛҮКТӨ

«Биз JW телеберүүсүн ушунчалык жакшы көрөбүз!»

Интернет аркылуу көрсөтүлгөн телеберүүбүз ишке кириши үчүн, кандай күч-аракеттер жумшалган?

Падышалык залдарын куруу ишинин тездеши

Миңдеген Падышалык залдары курулушу керек болгондуктан, курулуш бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Уориктеги куруу иши кандай жүрүп жатат?

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгында жаңы дагы эмнелер курулду?

Ишти илгерилеткен ыкма

Терри Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшкөнү тиленүүсүнө жооп болгонуна эмнеден улам ынанган?

Жарык улам жаркыроодо

Бул бөлүктө Жахабанын өзүнүн чыныгы кызматчыларынын жолуна кантип жарык чачып жатканы жөнүндө айтылат.

Филиалдардын арноо аземи

Мадагаскардагы жана Индонезиядагы Жахабанын Күбөлөрү 2015-жылдын башында өзгөчө кубанычка бөлөнүштү.

Көп тилде чыгып жаткан «Жаңы дүйнө котормосу»

2015-кызмат жылында 16 чыгарылышы жарык көрдү.

Юридикалык отчёт

Диний кодулоого каршы күрөш дүйнө жүзү боюнча дагы деле улантылып жатат.

Келип түшкөн каттар. Дүйнө жүзүндөгү кабарлардан

Кендин жашыруун кутусу Падышалык залын курууга жардам берди.