Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Сааранын кызы

Тити Кютин

Сааранын кызы
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1928

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1957

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Каршы болгон күйөөсүнө чындыкты билүүгө эстүүлүк менен жардам берген (Айтып берген: баласы Марио Кютин).

АПАМ мээримдүү, ачык-айрым, Ыйык Китепти аябай жакшы көргөн киши болчу. Ал Манадодогу (Түндүк Сулавеси) Гертруд Отт деген миссионерге жолукканда Ыйык Китепти изилдөөгө дароо макул болуп, чындык жолуна түшкөн. Бирок атам каршы болгон. Ал банкта иштечү, кийин Жакартадагы фондулук биржанын жетекчиси болгон.

Бир күнү атам ачууланып:

«Диниңди же мени танда!» — деп шарт койду.

Апам көпкө ойлонуп, жумшактык менен: «Мага сен да керексиң, Жахабада да керек»,— деди.

Ошондо атам сөзү оозунан түшүп, жини тарай түштү.

Атам апамды жакшы көрчү жана түшүнүктүүлүгүн баалагандыктан кийин каршы болбой калды.

Ошентсе да апам атамдын Жахабага сыйынышын каалачу. Бул тууралуу жалындуу тиленгенден кийин ал атамдын тил үйрөнгөндү жакшы көрөрүн эстеп, англисче Ыйык  Китептин текстин үйдүн ар жерине коюп койгон. Атама: «Англис тилин үйрөнөйүн деп жатам»,— деген. Атам баяндамаларды укканды жакшы көргөндүктөн, апам андан Теократиялык кызмат мектебинен алган, даярдалган тапшырмасын угуп беришин сураганда, атам макул болгон. Атам меймандос эле, ошондуктан апам райондук көзөмөлчүнү конокко алууну сураган. Атам каршы болгон эмес. Апам атамдын бизди аябай жакшы көрөрүн да билгендиктен жыйынга биз менен барып келүүнү сунуштаган. Ошентип, атам жыйынга барган.

Апамдын чыдамдуулугунун, эстүүлүгүнүн аркасында атам жумшарган. Кийин Англияда жашап жүргөнүбүздө атам жыйналыштарга барып турду. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон Жон Барр менен да достошуп кетти. Атам ошол жылы чөмүлүп, апамды кубанычка бөлөдү. Атам апамды сүйчү жана муну дайыма билдирип турчу.

Апамдын Жахабаны сүйгөнү, нормаларына бек карманганы, сылык-сыпаалыгы өзүнө тартып турчу

Досторубуз апамды 1-кылымдагы меймандос Лидияга окшоштурушчу (Элч. 16:14, 15). Бирок мен аны көбүнчө Ыбрайым пайгамбарга толук баш ийген Саарага окшоштурам (1 Пет. 3:4—6). Апамдын Жахабаны сүйгөнү, нормаларына бек карманганы, сылык-сыпаалыгы өзүнө тартып турчу. Атама чындыкты таанууга апамдын үлгүсү түрткү берген. Мен үчүн ал Сааранын кызы болчу.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөлөрдү бузабы же чыңдайбы?

Жахабанын Күбөлөрүн үй-бүлөлөрдү бузат деп айыпташат. Бирок чынында кандай?