Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

50 жыл атайын пионер болдум

Алистен Лумарэ

50 жыл атайын пионер болдум
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1927

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1962

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Мурун полиция кызматкери болгон, кийин чындыкты таанып, 50 жылдан ашуун атайын пионер болуп кызмат кылган.

1964-ЖЫЛЫ Маноквариге (Батыш Папуа) атайын пионер болуп дайындалдым. Ал жердеги жыйналыш жергиликтүү диний жетекчилер тарабынан катуу каршылыкка дуушар болуп жаткан. Барганымдан көп өтпөй эле, бир протестант диний кызматкер үйүмө атырылып кирип келип:

«Азыр үйүңдүн таш-талканын чыгарып, Манокваридеги Жахабанын Күбөлөрүнүн көзүн тазалайм!» — деп кыйкырды.

Мурда полиция кызматкери болгондуктан анын опурулганынан коркуп кеткен жокмун. Ошентсе да сылык сүйлөдүм, акыры, ал үйдөн чыгып кетти (1 Пет. 3:15).

Маноквариде ал кезде 8 эле жарчы бар болчу. Бүгүн, 50 жылдай өткөндөн кийин, 7 жыйналыш бар. 2014-жылдагы региондук жыйынга 1 200дөн ашык киши келди. Жахабанын бул алыскы аймакта кылып жаткан иштерин көргөнүмдө, жүрөгүм кубанычка толот.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Пионерлер деп кимдерди айтабыз?

Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары ай сайын 30, 50 же андан көп саатын кабар айтуу ишине жумшашат. Мындай кылганга аларга эмне түрткү берет?

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү үймө-үй кыдырышат?

Иса пайгамбардын өзүнүн шакирттерине кандай ишти тапшырганын билиңиз.