Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Үлгүлүү жаранга айланган кылмыштуу топтун башчысы

Хизар Сомин

Үлгүлүү жаранга айланган кылмыштуу топтун башчысы
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1911

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1952

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Мурда кылмыштуу топтун башчысы болгон. Кийин филиалдын комитетинин мүчөсү болуп дайындалган.

БИР ЖОЛУ Чалгын кызматынын деректири Сомин бир тууганды башкы прокурордун кеңсесине чакырткан.

Ал: «Сен индонезиялыксың, ачык айтчы, Жахабанын Күбөлөрү Индонезияда чынында эмне кылып жүрүшөт?» — деп сураган.

«Мен сизге өзүм жөнүндө айтып берейин. Мурда кылмыштуу топтун башчысы болчумун, азыр элге Ыйык Китепте жазылгандарды үйрөтүп жүрөм. Жахабанын Күбөлөрү Индонезияда мага окшогондорду адам кылып, үлгүлүү жаранга айлантып жатышат»,— деп жооп берген Сомин бир тууган.

Чалгын кызматынын деректири кийинчерээк мындай деген: «Мен Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө көп нааразычылыктарды уккам. Бирок Сомин мырзанын оңолгонунан улам алардын дини жакшы дин экенин түшүндүм».

Көбүрөөк билиңиз

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Жерге тынчтык кантип орнойт?

Кудайдын өзүнүн өкмөтү аркылуу жерге тынчтык орнотом деген убадасын кантип аткарарын окуп көрүңүз.