Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Эсте каларлык жыйын

Эсте каларлык жыйын

1963-ЖЫЛЫ 15—18-августка чейин өлкөнүн чар тарабынан жүздөгөн жарчылар, чет өлкөлүк 122 конок Бандунгга (Батыш Ява) агылып келе баштаган. Алар Индонезияда биринчи жолу өткөрүлгөн, «Түбөлүк жакшы кабар» деген эл аралык жыйынга келатышкан.

Жыйынга даярдык көрүлүп жатканда көп кыйынчылык болгон. Эгемендүүлүк күнү белгиленип жаткандыктан, жыйын өтө турган жер үч жолу алмаштырылган. Инфляцияга байланыштуу өкмөт унаа акысын 400 пайызга көтөргөн. Ошондуктан айрымдарга жыйынга кантип барууну кайра ойлонууга туура келген. Бир ишенимдешибиз 6 күн жөө жүргөн. Сулавесилик 70 делегат 5 күн кеменин эл жык толгон палубасында отуруп барган.

Индонезиялык бир туугандар чет өлкөлүк делегаттарга, Жетектөөчү Кеңештин эки мүчөсү Фредерик Френц менен Грант Сьютерге жолукканына аябай кубанышкан. Бир делегат: «Баарынын жүзүнөн жылмаюу кетпей, ушунчалык сүйүнүп жатышты»,— деген.

Жыйынга 750 киши барып, 34ү чөмүлгөн. Роналд Жакэ: «Жыйын изилдеп жаткандарга чындык жолунда бекем болууга, жергиликтүү бир туугандарга болсо ого бетер ынталуу болууга түрткү берген»,— деген.

Жыйында баяндама айтып жаткан Роналд Жакэ (оңдо) жана котормочу (1963-ж.)

Көбүрөөк билиңиз

Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн чоң жыйындарга барышат?

Биз жылына үч жолу чоң жыйындарга барабыз. Андай жыйындардан кандай пайда ала аласыңар?