Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Татымал аралы

Татымал аралы

УЧУРДА чийки мунай дүйнөлүк экономикага зор таасир тийгизгендей эле, 16-кылымда татымалдар экономикага чоң таасир эткен. «Татымал аралы» (азыр Малукка провинциясы жана Индонезиядагы Түндүк Малукка) деп белгилүү болгон аралдан келген мускат данеги, чеге гүл сыяктуу татымалдар Европада кымбатка турчу.

Христофор Колумб, Васко да Гама, Фернан Магеллан, Самюэль Шамплейн жана Генри Гудзон деген саякатчылар «Татымал аралына» жетүүнү көксөгөн. Ошентип, Индонезия татымалдарын издеп жер кезгендердин аркасында адамзат биринчи жолу жер шары тууралуу түшүнүк алган.