Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Ал рухий кенчти баалаган

Зио Сең Би

Ал рухий кенчти баалаган
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1906

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1937

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Расалык кастыкка туруштук берген ишеними күчтүү аксакал. (Айтып берген: кызы Зио Со Нио).

1963-ЖЫЛЫ майда Батыш Явада Кытайга каршы көтөрүлүш чыккан. Кесепетинде Сукабуми шаары жабыркаган. Биз ошол шаарда жашап, жүк ташуучу машинелер менен иш жүргүзчүбүз. Бир жолу жаалданган жүздөгөн кишилер, анын ичинде айрым кошуналарыбыз үйүбүздү көздөй бет алышты. Баарын тоноп жатышканда, коркконубуздан бир бурчка тыгылып калдык.

Алар кеткенден кийин, бизди жубатыш үчүн башка кошуналарыбыз келип, атам алар менен сүйлөшүп отурду. Анан талкаланган буюмдардын арасынан сунда тилиндеги чоң Ыйык Китебин таап келип, мындай кыйынчылыктардын болору мурун эле жазылганын окуп берди. Кудайдын Падышалыгы келечекте эмнелерди кыларын да айтты.

Атам байлыкка эч умтулган эмес. Ал: «Кудайдыкы биринчи орунда турушу керек!» — деп көп айтчу. Анын ынталуулугунун аркасында апам, 6 бир тууганым, 90 жаштагы чоң атам, туугандарыбыздын көбү, кошуналарыбыз чындык жолуна түшүшкөн.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Ыйык Китепте расизм жөнүндө эмне делет?

Расанын баары теңби? Расизм жок болобу?