Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Алгачкы ыкмалар

Алгачкы ыкмалар

Радиоберүү

РАДИОДОН Жозеф Рутерфорддун англис тилиндеги баяндамасын уктуруу үчүн 1933-жылы Жакартадагы радиомунара колдонулган. Дагы башка баяндамаларды чындыкка кызыккан киши радиодон нидерланд тилинде окуп берген. Радиоберүүгө көптөр кызыгып, көп адабият таратылган.

Радиодон Рутерфорддун «„Ыйык жылдын“ тынчтык менен өркүндөп-өсүүгө тийгизген таасири» * деген курч баяндамасы берилгенде, католик диний жетекчилери каарданып чыккан. Өз кишилерин колдонуп, алар аудиожаздырууларды даярдаган Дэ Шумакэрди «жалаа жаап, кастык кылып жатат» деп айыпташкан. Ал сотто өз укугун тайманбастык менен коргогон, бирок ага 25 гульден * айып пул салып, сот чыгымдарын төлөтүшкөн. Үч беделдүү гезитке ошол сот иши жөнүндө чыгып, көптөрдүн кабар угушуна шарт түзгөн.

 «Жарык ташыгыч»

1935-жылы 15-июлда Күзөт мунарасы коомунун «Жарык ташыгыч» деп аталган 16 метрлик кемеси Сиднейден (Австралия) чыгып, 6 айдан кийин Жакартага жеткен. Кемеде Индонезияда, Сингапурда, Малайзияда кабар айтууга чечкиндүү 7 ынталуу пионер бар болчу.

 Эки жылдан ашуун убакыттын ичинде кемедеги пионерлер Индонезиянын кеме жайларынын баарына жетип, көп адабият таратышкан. «Чакан кеме жайларга киргенде үн жаздырган аппаратты күйгүзүп, Күзөт мунарасы коомунун ошол кездеги президенти Рутерфорддун баяндамаларынан койчубуз,— дейт Жэн Дешан.— Алыскы Малайя айылындагылардын чоң кемени көрүп, жаңырган үндү угуп таңыркап турганын элестетсеңер. Алар учуучу тарелканы көрсө да, анчалык таң калмак эместир».

Бир туугандардын ынталуулугуна каары кайнаган диний жетекчилер бийликтегилерди «Жарык ташыгыч» кемесинин Индонезиянын портторуна киришине тыюу салууга мажбурлашкан. Ошентип, ал кеме 1937-жылы декабрда Австралияга кайткан, бирок миссионерлердин зор иштери өлкөнүн тарыхында кала берген.

«Жарык ташыгыч» кемеси менен кызмат кылган бир туугандар

^ 2-абз. Баяндамада Рим-католик чиркөөсү ашкереленип, анын жалган окуулары, саясатка, коммерцияга аралашканы айтылган.

^ 2-абз. Болжол менен 300 долларга барабар.