Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Сурабая жыйналышы, 1954-ж.

 ИНДОНЕЗИЯ

Миссионерлердин келиши

Миссионерлердин келиши

1951-жылдын июлунда Жакартадагы чакан жыйналыш Индонезияга кызмат кылуу үчүн келген Гилат мектебинин бүтүрүүчүсү Питер Вондерхегенди тосуп алуу үчүн чогулган. Жылдын аягына чейин өлкөгө Австралиядан, Германиядан, Нидерландиядан дагы башка 13 миссионер келип, жарчылардын саны дээрлик эки эсеге өскөн.

«Үймө-үй кабар айтканда жаңсап сүйлөйм го деп ойлогом»,— деп эскерген нидерландиялык миссионер Фредрика Ренскерс.— Бирок көптөр нидерланд тилин билет экен, ошо себептен башында көбүнчө ошол тилде кабар айтчумун». Австралиялык миссионер Роналд Жакэ болсо мындай деген: «Айрымдарыбыз индонезия тилинде кыскача сунуштоо жазылган күбөлөндүрүү баракчасын колдончубуз. Эшикти тыкылдатардан мурун баракчага бир сыйра көз жүгүртүп, ичимен кайталап алчумун».

Ынталуу миссионерлердин келиши менен жарчылардын саны бир эле жылдын ичинде 34төн 91ге жеткен. 1951-жылдын 1-сентябрында Борбордук Жакартадагы Андрэ Елиастын үйүндө Күзөт мунарасы коомунун филиалы негизделген. Роналд Жакэ филиалдын кызматчысы болуп дайындалган.

Башка аймактарга эшик ачылышы

1951-жылы ноябрда Питер Вондерхеген Манадого (Түндүк Сулавеси) дайындалган. Ал жакта Тео Рату менен анын жубайы чакан топ түзгөн болчу. Жергиликтүү тургундардын көбү Кудай Сөзүн туу туткан христиандар эле. Алар Жахабанын Күбөлөрүн үйүнө киргизип, Ыйык Китепти түшүндүрүп беришин суранышчу. Бир туугандар алгач он чакты адам менен сүйлөшчү. 15 мүнөттөн  кийин 50дөй киши чогулуп калар эле. Ал эми бир сааттын ичинде 200гө жетип, сыртка чыгууга туура келчү.

1952-жылы Алберт менен Жэн Мэлтби Индонезиядагы чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Сурабая шаарында (Чыгыш Ява) миссионерлер үйүн негиздешкен. Аларга алты миссионер: Гертруд Отт, Фредрика Ренскерс, Сюзи менен Мэриан Стувэ, Эвелин Плат менен Мими Харп кошулган. «Тургундардын басымдуу бөлүгү мусулмандар болчу, алар момун, сылык-сыпаа кишилер эле,— дейт Фредрика Ренскерс.— Көбү чындыкты эңсеп күтүп жатышкандай болчу, ошондуктан алар менен оңой эле  изилдөө баштачубуз. Үч жылдын ичинде Сурабая жыйналышында 75 жарчы болуп калды».

Жакартадагы миссионерлер үйү

Ошол убактарда филиалга Падангда (Батыш Суматра) жашаган Азиз деген мусулман кишиден кат келген. Ал 1930-жылдары австралиялык пионерлер менен Ыйык Китепти изилдеп жүрчү экен, бирок, Жапония өлкөнү басып алганда, байланышы үзүлүп калыптыр. Анан бир күнү Жахабанын Күбөлөрү чыгарган баракчаны таап алыптыр. Ал: «Баракчадан Жакартанын дарегин көргөндө кубанып кеттим»,— деп жазган. Филиал дароо райондук көзөмөлчү Франс ван Влитти Падангга жөнөткөн. Азиз коңшусу Назар Риске да билгендерин айтып бериптир. Ал да Кудай жөнүндө аябай билгиси келчү экен. Ошентип, экөө тең үй-бүлөсү менен чындыкты кабыл алышкан. Кийин Азиз аксакал болуп дайындалган, Назар Рис болсо атайын пионер болгон. Назардын балдарынын көбү азыркыга чейин ынталуу кызмат кылып келишет.

Франс ван Влит жана карындашы Нил

Ошондон көп өтпөй Франс ван Влит Баликпапандагы (Чыгыш Калимантан) жигердүү эмес болуп калган нидерланд жарчыга барган. Ал согуш учурунда талкаланып калган мунай заводду оңдоп жатыптыр. Франс аны менен кызматка чыгып, кабарга кызыккан бир нече адам менен изилдөө өткөрүп турууга үндөгөн. Ал бир тууган Нидерландияга кайтып баргычакты Баликпапанда чакан топту негиздеген.

Кийинчерээк жаңы эле чөмүлгөн Тити Кютин деген эже Банжармасинге (Түштүк Калимантан) көчүп барып, даяк жамаатындагы туугандарына кабар айткан. Алардын көбү чындыкты кабыл алып, айрымдары көп өтпөй эле Калимантандын алыскы айылдарына көчүп барышкан жана топторду негиздешкен. Кийин ал топтор бекем жыйналыштарга айланган.

 Индонезия тилиндеги адабияттардын басылышы

Кабар айтуу иши тездик менен илгерилеген сайын, индонезия тилиндеги адабияттар көбүрөөк керек боло берген. 1951-жылы «Кудай чынчыл» деген китеп индонезия тилине которулган. Бирок өкмөт Индонезиянын жазуу системасын кайра иштеп чыккандыктан, котормону кайра карап чыгууга туура келген *. Китеп акыры басылып чыгып, индонезиялыктардын көбүнүн кызыгуусун арттырган.

Филиал акыркы жолу 12 жыл мурун чыгарылган индонезия тилиндеги «Күзөт мунарасын» 1953-жылы 250 нускада басып чыгарган. Мимеограф менен көбөйтүлгөн 12 беттүү ал журналга башында изилдөө макалалары гана чыкчу. Үч жылдан кийин журнал 16 бет болуп чыга баштаган жана бир ишкана ай сайын 10 000 нускада басып чыгарып турган.

1957-жылдан тартып индонезия тилиндеги «Ойгонгула!» журналы ай сайын чыга баштаган. Кыска убакыттын ичинде эле ал журналдын нускасы 10 000ге жеткен. Дүйнө жүзү боюнча кагаз жетишсиз болгондуктан, кагаз  алуу үчүн өкмөттөн уруксат алуу талап кылынган. Бир туугандардын арызын караган бийлик өкүлү: «„Менара Пеңгавал“ („Күзөт мунарасы“) журналын Индонезиядагы эң жакшы журналдардын бири деп эсептейм, ошондуктан кагазга уруксат алууга жан-дилим менен жардам берем»,— деген.

^ 1-абз. 1945-жылдан тартып Индонезиянын жазуу системасында эки нерсе каралып, нидерланд жазуу системасы алмаштырылган.