Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Көтөрүлүштө аман калгам

Роналд Жакэ

Көтөрүлүштө аман калгам
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1928

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1941

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: 25 жылдан ашуун убакыт Индонезиядагы филиалдын кызматчысы болгон.

1965-ЖЫЛДЫН 1-октябрынын таңында эл Индонезия Коммунисттик партиясына (ИКП) кошулуп, төңкөрүш кылуу максатында 6 белгилүү генералды өлтүргөн. Өкмөт буга каршы дароо чара көрүп, козголоңчуларды катуу жазалаган. Бүт өлкөнү каптаган, «ээ жаа бербеген мыкаачылык» деп сүрөттөлгөн ал кагылышта шектүү деп эсептелген 500 000дей коммунист ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн.

Ошондон бир нече жума өткөндөн кийин бир аскер башчы мага коммунисттер жок кылууну көздөгөн биздин аймактагы диний жетекчилердин тизмесинин эң башында эле менин атым турарын айткан. Атүгүл сөөгүмдү коюу үчүн казылган жайды көрсөтүп берем деген, бирок сылыктык менен баш тарткам. Саясий абал курчуп турган маалда аны менен басып элге көрүнгүм келген жок жана бейтараптуулугуман жазгандай көрүнүп, аброюма шек келбесин дедим.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн саясатка аралашпайт?

Алар өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурабы?