Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Кыскача маалымат

Кыскача маалымат

Аймагы. Экватор сызыгы кесип өткөн, Австралия менен континенталдык Азиянын ортосунда жайгашкан Индонезия дүйнөдөгү эң чоң архипелаг болуп саналат. 17 500дөн ашуун аралды адырлуу тоолор жана тропикалык жыш токойлор ээлейт. Индонезияда 100дөн ашык аракеттеги жанар тоо бар жана ал жер шары боюнча аракеттеги жанар тоолор көп жайгашкан аймакка кирет.

Эли. Индонезия дүйнө жүзү боюнча калкынын көптүгү жагынан (Кытай, Индия жана Кошмо Штаттардан кийинки) төртүнчү орунда турат. Өлкөдө  300дөн ашуун этникалык топ бар. Алардын ичинен явалыктар менен сундалыктар калктын жарымынан көбүн түзөт.

Дини. Индонезиялыктардын 90дой пайызы мусулмандар. Калгандары индуисттер, буддисттер же христиандар. Элдин көбү жергиликтүү диний каада-салттарга да карманышат.

Тили. Архипелаг боюнча 700дөн ашуун тил бар. Улут арасында колдонулган тил — малайя тилинен келип чыккан индонезия тили. Көптөр үйүнөн өз эне тилинде да сүйлөшөт.

Тиричилиги. Элдин көбү чарбачылык, соода-сатык кылат. Өлкө минералдарга, жыгачка, чийки мунайга, табигый газга бай. Ошондой эле каучук менен пальма майы мол өндүрүлөт.

Тамак-ашы. Негизги азыгы — күрүч. Белгилүү тамак-аштары: нази-горең (жумуртка, жер-жемиш аралашкан куурулган күрүч), сатай (шишкебек) жана гадо-гадо (жер жаңгактын соусу кошулган салат).

Климаты. Ысык жана нымдуу. Түндүктөн жана түштүктөн соккон шамалдан улам климаты жайкысын нымдуу, кышкысын кургак келет. Чагылгандуу жаан-чачындар бат-баттан болуп турат.