Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Көп миссионерлердин барышы

Көп миссионерлердин барышы

1964-жылы 9-июлда Индонезиядагы Юстиция министрлиги Жахабанын Күбөлөрүн расмий түрдө каттаган. Бирок дин тутуу эркиндигин толук пайдаланардан мурун Дин иштери боюнча департаменттен каттоодон өтүш керек болгон. Департамент Жахабанын Күбөлөрүнө айыгышкан күрөш жүргүзгөн протестанттардан турган Христиан биримдигинин башкы директораты менен кеңешкен.

Бир күнү бир ишенимдешибиз Дин иштери боюнча департамент менен тыгыз кызматташкан жогорку даражалуу кызматкерге жолугуп калган. Экөө айылдаш болуп чыккан, муну билгенде өздөрүнүн диалектисинде көпкө жакшы пикирлешкен. Бир тууганыбыз ага Христиан биримдигинин башкы директораты тарабынан болгон көйгөйдү айткан. Ошондо ал үч бир тууганга мусулман болгон, адамгерчиликтүү министрдин өзүнө жолуктурган. Ошентип, 1968-жылы 11-майда министр Жахабанын Күбөлөрү диний уюм жана Индонезияда ишин жүргүзүүгө укуктуу деген токтом чыгарган.

 Чет өлкөлүк Жахабанын Күбөлөрү миссионердик виза алышы үчүн, ал кызматкер Христиан биримдигинин башкы директоратына өз каалоосу менен кайрылган. Калыс ой жүгүрткөн ошол кызматкердин аркасында 64 миссионер Индонезияга кирүүгө уруксат алган.

1968-жылга чейин 300дөй миссионер, атайын пионерлер, 1 200дөн ашуун жарчы кабарды Индонезиянын булуң-бурчуна жеткиришкен. Миссионерлер жергиликтүү бир туугандарды көп нерсеге үйрөтүшкөн. Бул алардын батыраак өсүшүнө өбөлгө түзгөн. Алар бир туугандарды өз убагында үйрөтүшкөн, себеби куугунтуктун кара булуту тездик менен жакындап келаткан.

«Рождествого карата белек»

1974-жылы Христиан биримдигинин башкы директораты Жахабанын Күбөлөрүнө тыюу салуу өнөктүгүн кайра баштаган. Анын башкы деректири Дин иштери боюнча департаменттин аймактык кеңселеринин баарына Жахабанын Күбөлөрү расмий түрдө катталган эмес деп каралап кат жөнөтүп, жергиликтүү бийликти аларга тоскоол кылууга үндөгөн. Бул Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктоого тымызын айтылган чакырык эле. Бийликтегилердин көбү буга анча маани берген эмес. Бирок айрымдары, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жолугушууларды өткөрүүгө, үймө-үй кабар айтууга тыюу салууга аракеттенишкен.

1976-жылы 24-декабрда Жахабанын Күбөлөрүнө тыюу салынганы жарыяланган гезит

Ошол убактарда Чиркөөлөрдүн бүткүл дүйнөлүк кеңеши Жакартада эл аралык жыйын өткөрүүнү — жергиликтүү мусулмандарды чагымчыл, кызуу кандуу деп, аларга каршы кыймыл уюштурууну — ойлонуштуруп жаткан. Диний кастык өрчүп бараткандыктан, Чиркөөлөрдүн бүткүл дүйнөлүк кеңеши жыйынды токтотуп койгон. Бирок христиандык прозелитизм кызуу талаш  туудурган маселе болгондуктан, саясатчылардын көбү кыжырданып турган. Анан, күтүлгөндөй эле, чиркөө төбөлдөрү кабар айтуу ишине нааразычылыгын эл алдында билдирип, Жахабанын Күбөлөрүн жаманатты кылышкан. Натыйжада бийликтегилердин көбү Жахабанын Күбөлөрүнө карата терс көз карашта болуп калган.

1975-жылдын декабрында, диний кастык күч алган маалда, Индонезия Чыгыш Тиморго (азыр Тимор-Лесте), Португалиянын мурунку колониясына, кол салган. 7 айдан кийин Чыгыш Тиморду улутчулдуктун жалыны каптаган. Бир туугандар бейтараптуу болуп, аскердик кызматтан, желекке таазим кылуудан баш тарткан. Бул жогорку наамдагы аскер кызматкерлеринин ачуусун козгогон (Мт. 4:10; Жкн. 18:36). Учурдан пайдаланып, диний жетекчилер мүдөөсүнө жетиш үчүн өкмөттөн Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чара көрүүнү талап кылган. Акыр-аягы, 1976-жылдын декабрынын орто ченинде өкмөт диний жетекчилерге «Рождествого карата белек» тартуулаган, атап айтканда, Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салган.