Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Жапондор салган оор моюнтурук

Жапондор салган оор моюнтурук

1942-жылы жапондордун кара таандай каптаган аскери Индонезияны басып алган. Бир туугандардын көбү жол салуу, арык казуу сыяктуу оор жумуштарга салынган. Башкалары согушту колдобогону үчүн оор шарттагы абактарга камалып, азап чегишкен. Үч бир тууган түрмөдөн каза тапкан.

Жоана Харп эки кызы жана курдашы Бет Годензи (ортодо) менен

Чыгыш Яванын алыскы тоолуу аймагында жашаган нидерландиялык Жоана Харп согуш башталгандан кийинки эки жылда эркиндикте жүргөн. Ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өспүрүм курактагы эки кызы, бир баласы менен «Куткарылуу» китебин, «Күзөт мунарасы»  журналын англис тилинен нидерланд тилине которгон *. Которулган адабияттардын көчүрмөлөрү жасалып, Явадагы Жахабанын Күбөлөрүнө жашыруун жөнөтүлүп турган.

Аз сандагы эркиндикте жүргөн Жахабанын Күбөлөрү топ болуп чогулуп турган жана билгизбей кабар айта берген. «Расмий эмес кабар айтканда аябай сак болушум керек болчу. Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга баратканда шахмат ойногону бараткандай болуп шахмат көтөрүп алчумун»,— деген Жозефин Элиас (мурда Тан). Ал эми Феликс Тан менен жубайы Бола самын сатымыш болуп үйдөн үйгө кабар айтышчу. Феликс мындай деген: «Бизди жапондордун „Кемпейтай“ деп аталган, элдин үшүн алган полициясынын агенттери дайыма аңдып жүрчү. Билинип калбаш үчүн Ыйык Китепти изилдегендердин үйүнө ар башка убакта барчубуз. Алардын алтоо жакшы ийгилик кылып, согуш учурунда чөмүлдү».

Жакартадагы бир туугандардын кайчы пикири

Бир туугандар бул кыйынчылыктардан тышкары, дагы бир чоң сыноого кабылышкан. Жапондук бийлик башчылар чет өлкөлүктөрдүн баарынан (анын ичинде кытай-индонезиялыктардан) каттоодон өтүп, Жапон империясына берилгендик көрсөтүүгө ант беришин талап кылган. Ошондо көптөгөн бир туугандар: «Каттоодон өтүп, инсан күбөлүгүнө кол коюш керекпи же жокпу?» — деп ойлонушкан.

Жозефин Элиас агасы Феликс менен

Феликс Тан мындай деген: «Жакартадагылар бизди, Сукабумидеги бир туугандарды, инсан күбөлүгүнө кол коюудан баш тартууга үндөшкөн. Бирок биз бийлик башындагылардан күбөлүктөгү „кол койгондор жапон аскерине берилгендик көрсөтүшү керек“ деген сөздөрдү,  „кол койгондор жапон аскерине каршылык көрсөтпөйт“ деп оңдоп койсок болор-болбосун сурадык. Таң калыштуусу, алар макул болушту, ошондуктан биз инсан күбөлүгүн алууну чечтик. Жакартадагы бир туугандар муну укканда бизди чындыктан четтегендер деп бөлүп салышты».

Өкүнүчтүүсү, Жакартадагы инсан күбөлүгүн алуудан баш тарткандардын көбү камакка алынып, натыйжада чындыктан баш тартып кетишкен. Андрэ Елиас алардын бири менен түрмөдө чогуу отуруп калган. «Ал бизди бөлүп салгандары үчүн кечирим сурады,— деген Андрэ.— Экөөбүз түрмөдө чогуу көп отуруп, бири-бирибизди бекемдедик. Кейиштүүсү, түрмөдөгү оор шарттан улам ал каза болуп калды».

«Мердека!»

1945-жылы согуш аяктагандан кийин, бир туугандар ынтызарлык менен кабар айта беришкен. Түрмөдөн запкы жеген бир ишенимдешибиз Австралиядагы филиалга мындай деп жазган: «Азаптуу 4 жылдан кийин мына эми кайрадан араңардамын. Ишенимим алсыраган жок,  көз карашым да ошол эле бойдон. Көрбөгөн кордукту көрсөм да, бир туугандарды унуткан жокмун. Мага китептерден жөнөткүлөчү».

Көптөн күткөн адабияттар акыры өлкөгө келген, башында аз-аздан, кийин көп-көптөн келе баштаган. Жакартадагы 10 жарчы адабияттарды индонезия тилине которууга кайрадан киришишкен.

1945-жылдын 17-августунда Индонезиянын эгемендиги үчүн күрөшкөн саясий кыймыл Индонезияны эгемендүү деп жарыялап, Нидерландияга каршы көтөрүлүш чыгарган. Төрт жылдык ал кагылышууда он миңдегендер каза таап, 7 миллиондон ашуун киши башка жакка көчүрүлгөн.

Ошол маалда бир туугандар үйдөн үйгө кабар айтканын токтотушкан эмес. «Патриоттор аларга кошулуп: „Мердека!“ („Эркиндик“) деп кыйкырууга кысым көрсөтүштү,— деп эскерген Жозефин Элиас.— Бирок саясий иштерде бейтараптуу экенибизди түшүндүрдүк». Акыры, 1949-жылы Нидерландия ага күнкор болгон Индонезияга эгемендик берип, аны Индонезиянын Кошмо Штаттар Республикасы деп жарыялаган (Азыр Индонезия Республикасы) *.

1950-жылга чейин Индонезиядагы бир туугандар дээрлик он жылга созулган кагылышууга туруштук беришкен. Бирок алдыда чоң-чоң иштер күтүп турган. Алар Индонезиядагы миллиондоп саналган элге кабарды кантип жеткиришмек? Адамдык көз караш менен бул мүмкүн эместей сезилген. Бирок бир туугандар Жахабанын «оруп-жыюуга жумушчуларды жибереринен» кымындай да шектенбей, ишти илгерилете беришкен (Мт. 9:38). Жахаба, чынында эле, жумушчуларды жиберген!

^ 2-абз. Жоананын кичүү кызы Хермина (Мими) согуштан кийин Гилат мектебин бүтүрүп, кайра Индонезияга миссионер болуп дайындалган.

^ 3-абз. Нидерландия 1962-жылга чейин Батыш Папуага (мурун Батыш Жаңы Гвинея) бийлик кыла берген.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн саясатка аралашпайт?

Алар өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурабы?