Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Жакшы кабардын чыгышка жайылышы

Жакшы кабардын чыгышка жайылышы

1953-жылы Питер Вондерхеген Индонезияга кыдыруучу көзөмөлчү болуп дайындалган. Анын районуна бүт өлкө жана чыгыштан батышка 5 100дөй километрге, түндүктөн түштүккө 1 800 километрге созулган аймак кирген. Ал ушундай чоң аймакты иштетип жүрүп көп кызыктуу окуяларга туш болгон.

Питер Вондерхеген

1954-жылы Вондерхеген Индонезиянын чыгышындагы ар кандай диндердин өкүлдөрү жашаган аймакка, анын ичинде Бали аралдарына барган. Бали аралдарындагы калктын басымдуу бөлүгүн индустар, Ломбок менен Сумбаванын тургундарынын көбүн мусулмандар, Флоресте жашагандардын көпчүлүгүн католиктер, Сумба, Алор, Тимор аралдарындагылардын көбүн протестанттар түзөт. Вондерхеген сынып кетчүдөй болгон кайык  менен Батыш Тимордун борбору Купангга барган. Ал жакка жеткиче бир нече аралга кабар айткан. «Мен Тимордо эки жума болдум,— деген Вондерхеген.— Нөшөрлөгөн жаанга карабай, адабияттардын баарын тараттым, 34 киши журнал алып турууга жазылды, бир нечеси менен изилдөө баштадым». Аларга кийин атайын пионерлер кайра барып, Купангда жыйналыш уюштурушкан. Ал жерден кабар Роти, Алор, Сумба жана Флорес аралдарына тараган.

Протестант диний жетекчилери оторундагылардын Жахабанын Күбөлөрүнө кулак кагып жатканына каарданышкан. Алардын башчысы жашы улгайган, бир колу жок Томас Тубулау деген каңылтыр устага Жахабанын Күбөлөрү менен изилдегенин токтотушу, билгендерин башкаларга айтпашы керектигин, болбосо кан төгүлөрүн айткан. Ошондо Томас: «Исанын жолдоочусу минтип айтмак эмес. Экинчи чиркөөңөргө басып да барбайм!» — деген. Ал кийин ынталуу жарчы болгон, кызы атайын пионер болуп дайындалган.

Тимордогу диний төбөлдөр Жахабанын Күбөлөрүн жок кылууга чечкиндүү болушкан. 1961-жылы алар Дин иштери боюнча департаментке, жергиликтүү аскердик башкаруу органына кысым көрсөтүп, үймө-үй кабар айтууга тыюу салдырышкан. Бирок бир туугандар ыкмасын бир аз өзгөртүп, кабар айта берген. Алар базарларда, суу ала турган жерлерде, жээктеги балыкчыларга, жакындарынын мүрзөлөрүн тазалап жүргөндөргө кабар айтышкан. Бир айдан кийин аскердик башкаруу органы кичине жумшарып, радиодон Тимордо жашагандардын баары дин тутуу эркиндигине ээ экенин жарыялаган. Дин иштери боюнча департамент үймө-үй кабар айтууга уруксат берилген жок деп көшөрүп туруп алганда, бир туугандар аны кагаз жүзүндө жазып беришин суранышкан. Бийлик өкүлдөрү мындай кылуудан баш тарткан. Ошондон  кийин бир туугандар үймө-үй кыдырып, ээн-эркин кабар айта башташкан.

Пит менен Нил де Ягер, Ханс менен Сюзи ван Вюрэ деген миссионерлер Папуага 1962-жылы барып, көп өтпөй диний жетекчилердин каршылыгына туш болушкан. Жогорку даражалуу үч диний жетекчи аларга каршы чыгып, башка жакка кетишин талап кылган. Диний төбөлдөр үгүт аркылуу да, радио аркылуу да, жазуу түрүндө да Жахабанын Күбөлөрүн каралап, бийликтегилерди тукура беришкен. Андан сырткары, миссионерлер менен изилдеп жаткан чиркөө мүчөлөрүнө кошомат кылышкан, коркутуп-үркүтүшкөн же пара беришкен. Жергиликтүү уруу башчыларын да кабар айтуу ишине бөгөт коюуга кысым көрсөтүшкөн.

Бирок бир жолу бул тескери натыйжа берген. Бир уруу башы айылга кабар айтып барган миссионерлерди сүйлөшүүгө чакырган. Ханс мындай деп эскерген: «Уруу башы бүт айылды чогултканда, Пит экөөбүз кабар айтуу ишибизди түшүндүрүп, кыскача эки баяндама айттык. Жубайларыбыз эшикти тыкылдатып, кожоюн үйүнө чакырса, кирип, кантип кабар айтарыбызды көрсөтүп беришти. Бул уруу башына да, айылга да жагып, кабарды айта берүүгө уруксат беришти».

Ушу сыяктуу окуялар кийин да болгон. Кабар айтуу ишине көбүнчө христиан диний жетекчилери каршы чыгышчу. Азыр деле ушундай.

Башкаруучулардын алдына барышкан

Иса Машаяк шакирттерине: «Мен үчүн силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына сүйрөп барышат. Бул аларга жана башка элдерге күбөлөндүрүшүңөр үчүн болот»,— деген (Мт. 10:18). Бул сөздөрдүн калетсиздиги Индонезияда бир нече жолу тастыкталган.

1960-жылы Жакартада бир көрүнүктүү нидерланд теологунун китеби чыккан. Ал китебинде Жахабанын  Күбөлөрүн Исанын жалган жолдоочулары деп каралаган. Бул диний жетекчилердин Жахабанын Күбөлөрүн кайрадан айыпташына шыкак болгон. Мисалы, бир шаардагы дин кызматкери Дин иштери боюнча департаментке Жахабанын Күбөлөрү «алардын оторундагылардын башын айлантып жатат» деп жазган. Бийликтегилер бир туугандарды чакыртып, буга эмне деп жооп берерин сурашканда, алар далилдерди келтирип, эң сонун кабар айтышкан. Департаменттеги бир кызматкер кесиптешине: «Жахабанын Күбөлөрүн тим кой. Алар үргүлөп отурган протестанттарды ойготуп жатышат»,— деген.

Машинеден «Бейиш» китебин түшүрүп жатышат, 1963-ж.

1964-жылы Папуадагы протестант диний жетекчилердин тобу Дин жана социалдык иштер боюнча парламенттик комитетке Жахабанын Күбөлөрүнө тыюу салышын  сурап кайрылган. Филиал да ал комитеттен коргонууга уруксат сураган. «Комитеттин алдында бир саатка жакын сүйлөп, Ыйык Китепке негизделген билим берүү ишибизди так-айкын түшүндүрүп бердик,— деген Тагор Хутасоит.— Бир протестант саясатчы бизге Папуада диний бөлүнүүчүлүккө себепкер болуп жатышат деген жалаа жапты. Бирок комитеттин мусулман мүчөлөрүнүн көбү биз тарапты ээледи. Алар: „Конституция дин тутуу эркиндигине кепилдик берет, ошондуктан силердин кабар айтууга укугуңар бар“,— дешти. Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку даражалуу бийлик кызматкери: „Жаңы өкмөт... дин тутуу эркиндигин жактайт жана бул жаңы диндерге да тиешелүү“»,— деген билдирүүнү окуду.