Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Бибелкриң

Бибелкриң

ТҮНДҮК СУМАТРАДАГЫ Тоба көлүнө жакын жердеги аймакта 1940-жылдарга жакын «Бибелкриң» (нидерланд тилинен которгондо «Ыйык Китеп изилдөөчүлөрдүн тобу» дегенди билдирет) деп аталган жаңы диний топ пайда болгон. 1936-жылы ал жакка бир пионер, кыязы, Эрик Юинз кабар айтып, бир нече мугалимге адабият калтырып кеткен. «Бибелкриң» тобу ошондон кийин негизделген. Мугалимдер адабиятты окугандан кийин Батак протестант чиркөөсүнөн чыгып, Ыйык Китеп изилдеген топторду түзүшкөн. Бара-бара ал топтор жүздөгөн кишилерден турган топторго айланган *.

Мурда «Бибелкриң» тобунун мүчөсү болгон Дейм Симболон

«Бибелкриң» тобунун алгачкы мүчөлөрү ошол пионер калтырган адабиятты окуп, Ыйык Китептеги чындыктын айрымдарын түшүнүшкөн. Мурда ошондой топтун мүчөсү болгон жана 1972-жылы чындыкты тааныган бир ишенимдешибиз: «Алар желекке таазим кылуудан баш тартып, Рождествону, туулган күндү белгилебей калышкан. Атүгүл айрымдары үймө-үй кыдырып кабар айтышчу»,— дейт. Бирок Кудайдын уюму менен байланышы жок болгондуктан, ал топтор көп өтпөй адамдык көз карашка жетектеле баштаган. «Аялдар такыр боёнбой, жасалгаларды тагынбай, заманга ылайык кийинбей, атүгүл такалуу бут кийим кийбей калышкан,— дейт мурда ошол топтун мүчөсү болгон Лимериа Надапдап аттуу бир тууганыбыз.— Топтун мүчөлөрүнө жарандык күбөлүк алууга да тыюу салынган болчу, бул бийликтегилердин ачуусун козгогон».

Убакыттын өтүшү менен ал топтор агымдарга бөлүнүп кеткен да, акырындап таптакыр тарап кеткен. Кийин Тоба көлүнүн аймагына пионерлер барганда, мурда ошол топтун мүчөсү болгондордун көбү чындыкты кабыл алган.

^ 1-абз. Айрым булактарга ылайык, «Бибелкриң» тобуна миңдеген кишилер кошулган.