Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

 ИНДОНЕЗИЯ

Батыш Явада кабар айтуу ишинин жемиш бериши

Теодорос Рату

Батыш Явада кабар айтуу ишинин жемиш бериши

1933-жылы Фрэнк Райс Түндүк Сулавесинин жергиликтүү тургуну Теодорос (Тео) Рату бир туугандан Жакартада адабият кампасын ишке киргизүүгө жардам беришин суранган. «Мен Падышалыктын иштерин аткарууга жан-дилим менен кириштим, ошондой эле Райс бир тууган менен бирге кабар айта баштадым,— деп эскерет Тео.— Кийинчерээк Билл Хантерге кошулуп, Явада кабар айттым. „Жарык ташыгыч“ кеме менен кабар айткан бир туугандар болуп Суматрага да бардык». Тео индонезиялыктардын арасынан чындыкты биринчи болуп кабыл алган. Ал Явада, Түндүк Сулавесиде, Суматрада ондогон жылдар бою пионер болуп кызмат кылган.

Кийинки жылы Билл Хантер Жакартада окуган Феликс Тан деген жигитке «Адам өлгөндө эмне болот?» деп аталган баракча берген. Феликстин үй-бүлөсү Батыш Явадагы Бандунг шаарында турчу. Ал үйүнө кайтып келгенде иниси Додого ошол баракчаны көрсөткөн. Баракчадан Адам атанын өлбөс жаны болбогону, Адам ата өзү жан болгону жөнүндө окуганда экөө тең таң калышкан (Башт. 2:7). Феликс менен Додонун аябай кызыгып, Бандунгдагы эски  китептер сатылган дүкөндөрдү кыдырып Күзөт мунарасы коомунун адабияттарын издешкен. Алар окуп-билгендерин үй-бүлөсүнө да айтышкан. Табылган китептердин, баракчалардын баарын окуп чыккандан кийин Жакартадагы адабият кампасына кат жөнөтүшкөн. Анан алардыкына жаңы адабияттарды көтөрүп Фрэнк Райс келгенде, алар аябай бекемделишкен.

Тандын үй-бүлөсү

Райс бир тууган Жакартага кеткенден көп өтпөй, Клем менен Жэн Дешан деген жаш жубайлар Бандунгга 15 күнгө келишкен. «Клем бир тууган үй-бүлөбүздөн чөмүлгүбүз келер-келбесин сурады,— дейт Феликс.— Үйдөн төртөөбүз: Додо, карындашыбыз Жозефин (Пин Нио), апам (Каң Нио) жана мен Жахабага арналып, чөмүлдүк» *. Ошондон кийин алар Клем менен Жэнге кошулуп тогуз  күндүк кабар айтуу өнөктүгүнө катышышкан. Клем аларга Ыйык Китептеги кабар үч тилде жазылган баракчаны колдонуп кантип кабар айтса болорун көрсөткөн. Көп өтпөй Бандунгдагы чакан топ чоң жыйналышка айланган. Ал Индонезиядагы экинчи жыйналыш болгон.

Поптун баш кийими

Кабар айтуу иши илгерилей баштаганда, христиан диний жетекчилери «уйкудан ойгонушкан». Алар таламдаштары менен Жахабанын Күбөлөрүнүн ишенимин, иштерин сындаган макала чыгарышкан. Ошондон улам Дин иштери боюнча департамент Фрэнк Райсты чакырткан. Ал суроолорго канааттандырарлык жооп бергендиктен, алар кабар айтуу ишин жүргүзө берүүгө уруксат беришкен *.

1930-жылдардын башында колониялык бийлик өкүлдөрү кабар айтуу ишине каршылык көрсөтүшкөн эмес. Бирок Европада нацисттик Германиянын таасири күч алганда, элге үстөмдүк кылып көнгөн бийлик төбөлдөрүнүн, өзгөчө, католик динине бекем кармангандардын мамилеси кескин түрдө өзгөргөн. Клем Дешан мындай деп эскерет: «Бажы инспекциясындагы бир кызматкер адабияттарыбызда нацисттик режимге каршы пикирлер бар деген шылтоо менен китептерди өлкөгө киргизбей койгон. Бажы бөлүмүнө арызданып барсам, ал өргүүдө экен. Анын ордунда сылык, католик динин тутпаган киши иштеп жатыптыр. Ал: „Тиги жумушка чыга электе, баарын алып кетип калгыла“,— деп китептерибизди дароо өткөрүп койду».

«Бир жолу бийликтегилер „Душмандар“ деген китептеги эки сүрөттү жоготкула деп талап кылышты. Ал оролуп турган жылан (Шайтан) менен мас болгон сойкунун (жалган диндер) сүрөттөрү болчу. Экөөнүн тең башында  поптун баш кийими бар эле *. Биз китепти тарата берүүгө чечкиндүү болчубуз. Ошондуктан үчөөбүз мээ куйкалаган ысыкта жээкке отуруп алып миңдеп саналган китептердеги поптун баш кийими тартылган сүрөттөрдү өчүрүп чыктык»,— дейт Жэн Дешан.

«Душмандар» китебиндеги бийликтегилер жок кылууну талап кылган сүрөттөр

Европада мына-мына согуш чыгат деп турган маалда адабияттарыбызга христиан дүйнөсүнүн эки жүздүүлүгү, саясий иштери ашкереленген курч макалалар чыга берген. Диний жетекчилер болсо бийликтегилерге кысым көрсөтүп, ишибизге чектөө коюуга мажбурлаган. Ошентип, айрым адабияттарыбызга тыюу салынган.

Бирок бир туугандар кабар айтуу ишин алга жылдырууга чечкиндүү болгондуктан Австралиядан басма машине алып, колдоно башташкан (Элч. 4:20). Ошол учурда кантип тапкычтык кылышканын эскерип, Жэн Дешан мындай дейт: «Китепче чыгарабызбы же журналбы, уруксат  алыш үчүн бир нускасын бийликтегилерге көрсөтүшүбүз керек болчу. Бирок адабияттарды жуманын башында басып чыгарып, жыйналыштарга таратып жиберчүбүз. Ал эми адабияттын бир нускасын башкы прокурордун кеңсесине жуманын аягында алып барып берчүбүз. Эгер адабиятты таратууга уруксат бербей коюшса, кайгырып жаткандай болуп башыбызды шылкыйтып чыгып кетчүбүз да, кийинки адабиятты басып чыгарууга шашып жөнөчүбүз».

Тыюу салынган адабияттарды тараткан бир туугандар полиция кызматкерлерин мышык-чычкан ойноткон учурлар көп болгон. Айта кете турган болсок, бир жолу Чарлз Харрис Чыгыш Явадагы Кедири шаарында кабар айтып жүргөндө, жергиликтүү полиция кызматкери чакырып:

«Силерди бир күн кечке издедим. Тыюу салынган китептериңердин тизмесин алып келгиче, кетпей тур»,— деген.

«Ал үйүнө кирип чыккыча, тыюу салынган адабияттарды ички чөнтөгүмө ката салдым. Анан ал чыкканда, тыюу салынбаган 15 баракчаны берип койдум. Ал айла жок тартуусун берди, мен андан ары кетип, тыюу салынган адабияттарды тараттым»,— деген Чарлз.

Адабияттарды басып чыгаруу

Экинчи дүйнөлүк согуш Европаны каптаганда, адабияттар Нидерландиядан Индонезияга келбей калган. Бирок бир туугандар муну алдын ала көрө билгендиктен журналдарды Жакартадагы бир ишканадан басып чыгарууну ойлонуштуруп коюшкан. «Сооротуу» (азыр «Ойгонгула!») журналынын индонезия тилиндеги биринчи басылышы 1939-жылы чыккан, «Күзөт мунарасы» болсо кийинчерээк чыккан. Бир туугандар кичинекей басма машине сатып алып, журналдарды өздөрү басып чыгара башташкан. 1940-жылы Австралиядан чоңураак басма машине алып, индонезия жана нидерланд тилиндеги баракчаларды, журналдарды өз эсебинен басып чыгарышкан.

Жакартадагы кампага келген биринчи басма машине

 Акыры, 1941-жылдын 28-июлунда өкмөт адабияттарыбыздын баарына тыюу салган. Жэн Дешан мындай дейт: «Бир жолу эртең менен кеңседе машинке менен жазып жаткам. Анан эшик тарс ачылып, үч полиция кызматкери жана нидерланд улутундагы төшүнө толо орден, белине кылыч тагынган, ак кол кап кийген, үкү тагылган баш кийимчен жогорку рангдагы полиция кызматкери кирип келди. Биз таң калган жокпуз. Анткени үч күн мурун адабияттарыбызга тыюу салынышы мүмкүн экени эскертилген. Жасанган полиция кызматкери упузун билдирүүнү окуп, басма машинени беришибизди талап кылды. Бирок жолдошум басма машине бир күн мурун сатылып кеткенин айтты».

Ыйык Китепке тыюу салынбагандыктан, бир туугандар аны колдонуп, үймө-үй кабар айта беришкен. Изилдөөлөрдү да өткөрүшкөн. Өкүнүчтүүсү, кийин согуш Азияга да жайылышы мүмкүн болгондуктан, чет өлкөлүк пионерлерге Австралияга кетүүгө туура келген.

^ 1-абз. Кийин Феликстин атасы, үч иниси Жахабанын Күбөсү болгон. Карындашы Жозефин Андрэ Елиас менен баш кошуп, экөө Гилат мектебинен билим алышкан. Жозефиндин өмүр баяны «Ойгонгула!» журналынын 2010-жылдын январь—мартындагы санына чыккан.

^ 1-абз. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Фрэнк Австралияга кайтып барып, үй-бүлө курган. Ал жердеги жашоосун 1986-жылы аяктаган.

^ 3-абз. Сүрөттөр Аян 12:9га жана 17:3—6-аяттарга негизделген.