Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Кымбаттуу бир туугандар!

Ышая пайгамбар Жүйүт падышалыгынын гүлдөп-өсүшү, ийгиликтери Жахабанын батасын берип жатканынын аркасында болгонун айткан. Ал: «Оо, Жахаба,.. иштерибиздин баары сенин колдооң менен аткарылып жатат»,— деген (Ыш. 26:12). Акыркы кызмат жылында кылынган иштер жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө биз да ушундай сезимде болорубуз күмөнсүз. Ооба, Жахаба «эч качан жасалбаган» «ажайып иштерди» кылууда (Чыг. 34:10). Келгиле, андан алган баталардын айрымдарына токтололу.

jw.org деп аталган расмий веб-сайтыбыз эң сонун курал болуп келүүдө. Сайт которулган тилдердин саны 600дөн ашты жана адабияттарды 750дөн ашуун тилде окуса же жүктөп алса болот. Чындыкты жүрөгү таза адамдарга жеткирүүдө сайтыбыз мыкты курал болууда. Мисалы, бир жубайлар дин кызматкерлеринин эки жүздүүлүгүн көрүп туткан дининен иренжип калган. Алар Кудай жөнүндө аябай билгиси келип, изденип жүрүшкөн. Бир күнү сайтыбызга кирип калышкан. Ошондон кийин сайттан адабияттарды окуп, тасмаларды көрө башташкан. Атүгүл «Ыйык Жазманы күндө изилдөө» китепчесин жүктөп алып, өспүрүм курактагы эки баласы менен окуп турушкан. Жахабанын Күбөлөрү эртең менен алардыкына келгенде, алар адаттагыдай эле күнгө берилген аятты окуп жатышкан  болчу. Алар сайттагы макалаларды окугандан кийин көп нерселерди өзгөртүшкөн: денесиндеги чегилип тартылган сүрөттөрдү өчүрүшкөн, дене мүчөлөрүнө тагылган сөйкө-шакектерди алып салышкан, диний сүрөттөрдү, буркандарды жок кылышкан, майрамдарды белгилебей калышкан жана адеп-ахлаксыздык камтылган тасмаларды көргөнүн токтотушкан. Алар ушулардын баарын Жахабанын Күбөлөрүнө жолуга электе эле кылышкан. Бул кат жазылып жаткан учурда ал жубайлар жана алардын бир кызы жарчы болуп кызмат кылып жаткан жана жубайлар өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлгүсү келерин билдиришкен.

Биз JW телеберүүсү чыга баштагандан тартып ыраазычылык билдирген сөздөрдү көп угуп жатабыз. Учурда телеберүүбүздүн ай сайынкы программасын 70тен ашык тилде көрүүгө болот, келечекте дагы көптөгөн тилдерде чыгары күтүлүүдө. Көптөр ал программаны үй-бүлө менен сыйынуу кечинде көрүшөт. Бир ишенимдешибиз: «Жахабанын уюму азыр болуп көрбөгөндөй деңгээлде өсүп жатат, биз да башкы башкармалыкка ошончолук жакын болуп баратабыз»,— деген.

Жыйындар Жахабанын элине дайыма зор кубаныч тартуулап келет. 2015-кызмат жылында өткөрүлгөн региондук жыйын тууралуу да ушуну айтууга болот. Ал жыйында 42 тасма жана сүрөттөр көрсөтүлгөн, ошондой эле үч күнү тең ар бир бөлүктүн башында хор ырдалып жатканы көрсөтүлүп турган. Бир тажрыйбалуу ишенимдешибиз ошол жыйында байкаганы тууралуу мындай деген: «Программа учурунда бир нерсени өткөзүп жибербейин деп эч ким ордунан жылган жок». Ал эми бир миссионер: «Ошол жыйындагы тасмаларды көргөндөн кийин чындыкты дагы тереңирээк  түшүнүп, Падышалыкты дагы жакшыраак элестетип калдым»,— деген.

Былтыр Жахаба бизге бир нече ыр да белек кылды. Бир жубайлар: «Жаңы ырларды укканда Жахаба бизди кучактап жаткандай эле болдук. Ал ырлар оор учурларда сергитип, күч берип келет»,— деп жазган. Жыйын Күзөт мунарасы коомунун оркестри менен хорунун биз үчүн жана Жахабаны даңкташ үчүн кылып жаткан эмгегин эсибизге салды.

Жыйналышка кайтып келгендерди Жахабадай болуп жылуу тосуп алууга баарыңарды үндөйбүз

Жыйналышыңар сүйрөмө текчелерди колдонуп эл көп жерде кабар айтып жатабы? Бул ыкма да эң сонун натыйжа берүүдө. Эшиги кайтарылган жана уруксатсыз эч ким кире албай турган үйлөрдө жашаган, чындыкты такыр уга элек адамдардын көбү кабарды ушунун аркасында угууда. Жигердүү эмес жарчылар да ошондой жол менен жардам алууда. 2015-жылдын январь айында Түштүк Кореяда жашаган бир киши сүйрөмө текченин жанына келип, бир туугандарга акыркы учурларда Кудай жөнүндө көбүрөөк ойлонуп жүргөнүн айткан. Ошентип, аны менен изилдөө башталган. Февраль айында ал биринчи жолу жыйналышка барган, март айында болсо тамекисин таштаган. Ал эми апрель айында Түштүк Кореядагы Бейтелге барган. Ал азыркыга чейин жакшы ийгилик кылууда. Бул окуя башкы башкармалыкка келген сансыз билдирүүлөрдүн бири гана.

Жыйындан алган китепче жигердүү эмес болуп калгандарга кеч болуп кала электе Жахабага кайтып келип, анын мээримине бөлөнүүгө түрткү берсе экен деп тиленебиз! Жыйналышка кайтып келгендерди Жахабадай болуп жылуу тосуп алууга баарыңарды үндөйбүз (Жез. 34:16).

 Ооба, былтыр Жахаба элине батасын мол төктү. Ал бизге дагы эмнелерди бериши мүмкүн? Анда Жахабанын эмнелерди даярдап койгонун көрүүгө куштар болуп күтө берели. Биз, Жетектөөчү Кеңеш, баарыңарды абдан жакшы көрөбүз жана силер үчүн ар дайым тиленебиз.

Жакшы каалоо-тилектерибиз менен

бир туугандарыңар,

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши