Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Бразилия: Валдира шамдын жарыгында телефон менен изилдөөдө

 ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ

Түндүк жана Түштүк Америка

Түндүк жана Түштүк Америка
  • ӨЛКӨЛӨР: 57

  • КАЛКЫ: 982 501 976

  • ЖАРЧЫЛАР: 4 102 272

  • ИЗИЛДӨӨЛӨР: 4 345 532

Ээн талаада изилдөө

Бразилияда атайын пионер болуп кызмат кылган жубайлар Ыйык Китепти 13 жыл мурда изилдеген Валдира жөнүндө угушкан. Алар чаңы сапырылган көчөлөр менен жол жүрүп, өтүү кыйын болгон дарыяны кесип өтүп, акыры, аны табышкан. Ал кайрадан кантип изилдейм деп ойлонуп жүрүптүр. Алыскы аймакта жашагандыктан ага өзгөчө күч жумшоого туура келмек.  Ыйык Китепти изилдөө үчүн чөнтөк телефон сатып алган, бирок телефон анын үйүнөн бир топ алыс жердеги талаадан гана тартчу. Ошондой эле ал кечки 9дан кийин гана изилдей алмак. Жаш кыздын ээн талаада жалгыз отуруп алып Ыйык Китепти шамдын жарыгында телефон менен изилдеп жатканын элестетсеңер.

Валдира жекшембидеги жолугушууну да телефондон угат. Ан үчүн Ыйык Китебин, «Күзөт мунарасын», ыр китебин көтөрүп алып талаага барат. Жаан жааганда, кол чатырын да алып алат.

Март айында ал 100 километрдей жолду басып, жергиликтүү Падышалык залында өткөн атайын жолугушууга барган. Жолугушууда португал тилиндеги Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралып, басылып чыкканы кулактандырылган. Валдира жаңы Ыйык Китеп алганда кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн. Бир туугандар аны Ыйык Китепти изилдеш үчүн көп күч жумшап жатканы үчүн мактаганда, ал: «Бул кыйын деле эмес!» — деген.

«Акыры бир күнү келериңерди билгем»

Колумбияда юкпа деген индей эли жашайт. Фрэнк деген атайын пионер ал аймакка барарда ошол элдин башчысы Жон Киро деген кишиден сак болуу керектигин эскертишкен. Ал киши мурда ошол жакка кабар айтып барган евангелисттерди кубалап жибериптир. Бир жолу атүгүл ондук чогултуп жүргөн бир евангелистти тапанчасы менен абага аткылап аркасынан кубалаптыр.

Колумбия: Фрэнк юкпа элинен болгон адамдар менен изилдөө өткөрүүдө

Фрэнк мындай деп эскерет: «Ал кыштактан кабарга кулак каккандардын биринчиси так ошол кишинин  кызы болуп чыкса болобу! Биз „Ыйык Китепте чынында эмне делет?“ китебин көрсөткөндө, ал сүйүнүп: „Силердин диниңерге киргим келип жүргөн!“ — деди. Анан келгенибизди атасына айтканы чуркап кетти. Атасы бизди дароо чакыртты. Биз жүрөгүбүз түшүп, ага бардык. Бирок оозубузду ача электе эле, ал: „Силердин диниңер чыныгы дин экенин билем. 8 жыл мурда таштандыдан силер кызыма берген так ушу китебиңерди таап алып, окуп чыккам. Ошондон бери силерди күтүп жүргөм. Акыры бир күнү келериңерди билгем. Мени менен да, үй-бүлөм менен да, айылдагылар менен да Ыйык Китепти изилдегиле. Эшигибиз дайым ачык“,— деди.

Ошондо көзүбүзгө жаш алдык. Кабарды укканы бүт айыл чогулуп, Жон Киро которуп берип турду. Кетерде  жүгүбүздү жеткирип алышыбыз үчүн, эшегин берди. Учурда 120 түтүн болгон юкпа элинин ар кайсы айылда жашаган 47 кишиси менен, анын ичинде Жон Киро жана анын кызы менен изилдеп жатабыз».

Куугунтуктаган кишинин өзгөрүшү

Мурда католик динине берилген Хосе Эквадордо жашайт. Ал мындай деп жазган: «Жахабанын Күбөлөрүн аябай жек көрүп, 10 жыл куугунтуктап жүрдүм. Сүрмө топторду каршы тукуруп, ур-токмокко алып, уурулар деп жалаа жапкан күндөрүм болгон. Аларды участокко алып барышканда, камап салышын талап кылчумун. Бир жолу бир Жахабанын Күбөсүнүн машинесин талкалап салганбыз. Башка жолкусунда алардын мотоциклин жардан түртүп жибергенбиз.

 2010-жылы чочко тумоосу менен ооруп калдым. Доктур Анд тоолорундагы үйүмөн кетип, деңиз жээгиндеги жылуураак аймактарга барууну айтты. Ошентип, деңиз жээгинде жашаган туугандарымдын чарбасына көчүп бардым. Ал жакта баарын жалгыз кылганга туура келди. Сүйлөшкөнгө эч ким жок болгондуктан жалгызсырап аябай кыйналдым. Анан эле бирөөлөр келип калды. Ким дебейсиңерби? Жахабанын Күбөлөрү! Жалгыздыктан тажагандыктан айла жок сүйлөштүм. Алардын Ыйык Китепти ушунчалык жакшы билерин көргөндө таң калдым. Анан кызыкчылык үчүн Ыйык Китепти изилдеп көрүүнү чечтим. 6 айдан кийин биринчи жолу жыйналышка бардым. Ал жердегилердин чындап көңүл бурганын, жылуу-жумшак мамилесин көрүп: „Кудайдын чыныгы кызматчылары ушулар болуп жүрбөсүн?“ — деп ойлондум. Ошентип, акырындык менен ийгилик кылып, 2014-жылы апрелде чөмүлдүм.

Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктап жүргөнүмө өзүмдү көп жемелечүмүн. Бирок Жахаба абийиримдин кандайдыр бир деңгээлде тазаланышына мүмкүндүк берди. 2014-жылдын 4-октябрындагы райондук жыйында дил маек берип, мурда Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктап жүргөнүмдү айттым. Ошондо мени менен маек курган бир тууган: „Өзүңө куугунтуктагандардан кечирим сураганга мүмкүндүк берилсе, кимден кечирим сурайт элең?“ — деди. Мен Едмундо деген бир туугандан кечирим сурамактыгымды, бирок анын каякта экенин билбей турганымды айттым. Кызыктуусу, райондук көзөмөлчү аны сахнанын артына тургузуп коюптур. Анан Едмундо сахнага чыгып келгенде, экөөбүз кучакташып ыйлап, залда отургандарды да ыйлаттык».

«Жахаба, кызматчыларыңды жиберчи»

Парагвай: «Жахабанын Күбөлөрүсүңөрбү?» — деп сураган кыз

Парагвайдын борбору Асунсьондо кызмат кылган эже-карындаштар мээ кайнаткан ысыкта кабар айтып,  аймактарын иштетип бүтүшкөн. Анан бүт күчүн топтоп жакын жердеги үйлөргө да кире кетүүнү чечишкен. Бир эже: «Балким, бирөө тиленип жаткандыр»,— деген. Анан эки бир тууган бурчтагы үйгө барганда, бир кыз чыгып, жылмая: «Жахабанын Күбөлөрүсүңөрбү?» — деп сураган. Көрсө, ал бир ай мурун жумушуна байланыштуу Боливиядан көчүп келиптир. Боливиядан Ыйык Китепти изилдеп жүрчү экен. Кошуналарынан Жахабанын Күбөлөрүн каяктан тапса болорун сураса, билбей турганын айтышыптыр. Андыктан: «Жахаба, кызматчыларыңды жиберчи»,— деп тилениптир. Так ошол күнү аныкына кабар айтып барып калышыптыр. Ошентип, ал кайрадан изилдей баштаган.