Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Австралия: «Чыныгы дос кандай болот?» деп аталган жандандырылган сүрөт

 ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ

Океания

Океания
  • ӨЛКӨЛӨР: 29

  • КАЛКЫ: 40 642 855

  • ЖАРЧЫЛАР: 98 353

  • ИЗИЛДӨӨЛӨР: 66 022

Кайраттуу окуучу

Он эки жаштагы Эмили Австралияда жашайт. Бир күнү мектептен мугалими досторду туура тандоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтат. Ошондо Эмили мугалимине «Чыныгы дос кандай болот?» деген жандандырылган сүрөттү көрсөтүүнү чечкен. Кийин мугалими аны класска көрсөткөндө, окуучулар аябай кызыгып, көзүн албай көрүшкөн. Бүткөндөн кийин аны бир саат талкуулашкан. Мугалими аны  башка класстарга да көрсөткөн. Эмили мугалими менен классташтарына jw.org сайты жөнүндө да айткан. «Жахаба мага жүздөгөн окуучуларга сайтыбыз жөнүндө айтып берүүгө кайраттуулук берди. Ал мага батасын төктү»,— дейт Эмили.

Алыскы аймактагы жарманке

Беш жарчы тоолуу аймак аркылуу 9 саат жол жүрүп, Тимор-Лестенин Суаи шаарына барышкан. Анан жарманке өткөн жерге адабият текчесин коюшкан. Текченин жанына келгендер 12 тилде чыккан, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды көрүп аябай таң калышкан, себеби ал тилдердин көбүндө адабияттар аз же такыр эле жок экен. Бир аял өзүнүн тилиндеги бир китепчени көргөндө сүйүнгөнүнөн: «Бул менин тилимде экен!» — деп кыйкырып жиберген. Көрсө, ал өзүнүн эне тилинде, бунак тилинде, чыгарылган адабиятты өмүрүндө биринчи жолу көрүп жатыптыр. Ошентип, жарчылар 4 күндүн ичинде эле 4 571 адабият таратышкан жана көптөр алардан үйүнө келип кетишин суранышкан. Кызыккандардын арасында Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө такыр укпагандар да болгон. Кичинекей балдар болсо тетун дили тилиндеги «Жахаба Кудай менен дос бол» деген сериядагы мультфильмдерди бир нече саат бою көрүшкөн. Айрымдары балдарга арналган ырларды жаттап алышкан.

Тимор-Лесте: Балдар «Жахаба Кудай менен дос бол» деген сериядагы мультфильмдерди көрүүдө

 «Студенттерге так ушундай китептер керек!»

Палаудагы аралдардын биринде миссионер болуп кызмат кылган Бриэн менен Роксаннэ бир коллежге адабият текчесин коюуга уруксат сурап кайрылышкан. Ал жубайлар коллеждин башкы деректирине жолугуп, jw.org сайтындагы кабар айтуу ишибиз жөнүндөгү тасманы көрсөтүшкөн. Ошондой эле адабият текчесине коё турган адабияттардан калтырып кетишкен. Ал Бриэн менен Роксаннэге студенттердин ишин караган  деректирге кайрылышы керектигин айткан. Бир туугандар ага жолукканы барганда, ал аларды коллеждин деканына жөнөткөн.

«Декан менен жакшы сүйлөштүк,— дейт Бриэн,— бирок ал бизди кайра коллеждин башкы деректирине жиберди. Анын кеңсесине барганыбызда, ал адабият текчесин коюуга жазуу түрүндө уруксат алышыбыз керектигин айтты. Алар жөн эле ары-бери чуркатып жаткандай сезилип, бир аз көңүлүбүз чөктү, ошондой болсо да, өтүнүчүбүздү жазып, жөнөтүп жибердик».

Палау: Коллеждин тегерегине адабият текчесин коюп, студенттер менен маектешкен Бриэн менен Роксаннэ

Бриэн менен Роксаннэ декан алардын өтүнүчүн орундатпайт болуш керек деп ойлошкон, ошентсе да ага  кайра барышкан. Бриэн мындай дейт: «Декан биз калтырган китептерди окуп чыкканын, алардын жакшы экенин айтканда, аябай таң калдык. Ал: „Студенттерге так ушундай китептер керек!“ — деди». Ошентип, миссионерлер акыры уруксат алышкан!

Бриэн сөзүн мындай деп улайт: «Студенттердин ишин караган деректир кийинчерээк жатаканада жашаган студенттердин жекшемби күндөрү өздөрү каалаган чиркөөгө барса болорун айтты. Ал: „Эгер силердин чиркөөңөргө баргысы келгендер болсо, жеткирип коёбуз“,— деди. Ошондо Роксаннэ экөөбүз уккан кулагыбызга ишене албай туруп калдык. Биз коллеждин жетекчилери өтүнүчүбүздү аткарбайт болуш керек деп ойлогонбуз, бирок алар студенттерди Падышалык залына жеткирүүнү сунуш кылышты!»

Биринчи күнү Бриэн менен Роксаннэ адабият текчесин коллеждин короосуна коюп, 65 китеп, 8 журнал, 11 китепче таратышкан. Студенттердин көбү менен жакшы маектешишкен. Коллеждин деканы да, студенттердин ишин караган деректир да миссионерлерди дагы келип кетүүгө чакырган.

Биздин тасмалар көрсөтүлгөн дүкөн

Соломон аралдарындагы филиалда кызмат кылган Липсон кызматтан кайтып келатып бир дүкөндө Падышалык ыры ырдалып жатканын угуп калган. Анан кызыгып дүкөнгө кирген. Ичине кирсе, кичинекей балдар да, чоңдор да телевизордон балдарга арналган, «Жахаба Кудай менен дос бол» деген тасманын «Мына, чексиз өмүр!» деген 55-ыр ырдалган сериясын көрүп жатышыптыр. Ыр бүткөндөн кийин дүкөндүн ээси: «Азыр мен силерге дагы бир тасма көрсөтөм»,— деген да, «Уурдаган Кудайга жакпайт» деген мультфильмди койгон. Бүткөндөн кийин баарын дүкөндөн эч нерсе уурдабаганга үндөгөн.

 Тасма коюлуп жатканда, дагы башка кишилер кирип калган. Дүкөнчү алардан: «Өзүмө аябай жаккан ырды коюп берейинби?» — деп сураган да, 55-ырды кайра койгон. Анан Соломон аралдарындагы пиджин тилинде чыгарылган «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» жана «Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?» деген кыска тасмаларды көрсөткөн.

Соломон аралдары: Дүкөндүн ээси кардарларына jw.org сайтындагы тасмаларды көрсөтүп жатат

Соломон аралдарында Интернет аябай кымбат жана көпчүлүктүн Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Бирок Жахабанын Күбөсү болбогон дүкөндүн ээси тасмаларыбызды кардарларына көрсөтүп, чындыктын үрөнүнүн себилишине өбөлгө түзүүдө.

Китептен Кудайдын ысмын көрүп калган

Бир жаш жубайлар Жаңы Каледониянын борбору Нумеа шаарында дүйшөмбү сайын сүйрөмө текче менен кабар айтышат. Бир күнү текченин жанына бир аял  басып келип, эч нерсе айтпай эле «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебин алып кеткен. Жарым сааттан кийин китепти көтөрүп алып кайра келген. Ал китептен Кудайдын ысмы жазылган бетти ачып, Жахаба деген ысымды жубайларга көрсөткөн да: «Силер муну көрдүңөр беле? Бул Кудайдын ысмы турбайбы! Мен Кудай жөнүндө билгим келип бир жумадан бери китепканада китептерди казып жүргөм. Машинеме отуруп китебиңерди ачканда эле Кудайдын ысмы Жахаба экени айтылган жерин көрүп калдым. Силерге рахмат айтыш үчүн кайра келдим»,— деген. Жубайлар аны менен жакшы маектешип, китептин тиркемесиндеги «Кудайдын ысмынын колдонулушу жана мааниси» деген теманы көрсөтүшкөн. Аял китепканада дагы изилдөө жүргүзүп көргүсү келерин айткан. Бирок ал, суроолору болсо, дүйшөмбү күндөрү текченин жанына келип, сүйлөшүп тура алат.