Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Англия: Бир туугандар эл аралык жыйынга келген делегаттарды жылуу тосуп алып жатат

 ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ

Европа

Европа
  • ӨЛКӨЛӨР: 47

  • КАЛКЫ: 743 421 605

  • ЖАРЧЫЛАР: 1 614 244

  • ИЗИЛДӨӨЛӨР: 842 091

Адаштырып алган бир тууган

Англиянын Лондон шаарында өткөн эл аралык жыйын жергиликтүү жарчылар үчүн да, делегаттар үчүн да жүрөк толкутарлык учур болгон. Эндрю менен Элизабет чет өлкөдөн келген делегаттардын айрымдарын тосуп алуу үчүн Лондондогу мейманканага барышкан. Элизабет кабылдаманын жанынан жакшынакай кийинген бир аялды көрүп, аны кучактап тосуп алган. Аял таң калып,  оңтойсуз боло түшкөн. Ошондо Элизабет: «Кечиресиз, сизди жыйынга келген делегат деп ойлоп алыптырмын»,— деген.

Аял: «Кандай делегат дейсиң?» — деп сураган.

Элизабет кабылдаманын үстөлүндөгү «Жахабанын Күбөлөрү, кош келгиле!» деген жазууну көрсөтүп, түшүндүрүп берген. Ошондо аял: «Мен чын эле Жахабанын Күбөлөрүндөй көрүнөт бекем?» — деп сүйүнгөн.

Ошентип, экөө пикирлешип калышкан. Аялдын аты Вивиан экен. Ал Нигериядан көчүп келиптир. Көрсө, Элизабеттин үйүнөн бир аз эле арыраак жашайт экен. Вивиан Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, балдарын да окуткусу келерин айткан. Көп өтпөй Эндрю менен Элизабет анын үйүнө барып, ал жолкусунда чындап эле кучакташып көрүшүшкөн. Биринчи жолу кезиккендеги жагдай Вивианга аябай жакшы таасир этиптир. Эндрю менен Элизабет ага «Ыйык Китепте эмне делет?» китебин көрсөтүшкөндө, Вивиан аябай таңданып, анда мурда эле ошондой китеп бар болгонун жана китепти 4 баласына окуп берип жүргөнүн айткан. Бир туугандар ал китеп менен Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдесе болорун айтышканда, Вивиан кубанып: «Азыр эле изилдей баштабайлыбы!» — деген.

Цыган бир туугандан келген кат

2014-жылдын ноябрь айында Словакияда эң биринчи цыган жыйналышы негизделген. Акыркы райондук жыйында цыган тилинде сүйлөгөн 21 жарчы чөмүлгөн. Алардын баары айылдаш эле. Цыган тилинде өткөн Эскерүү кечесине 495 киши келген. Жаңы эле чөмүлгөн бир ишенимдешибиз мындай деп жазган:

Словакия: Эки жарчы цыган аялга кабар айтып жатат

 «Мен Словакиядагы Жегра айылында жашаган цыгандардын бири болом. Биз жашаган жакта башка улуттагылардын көбү бизди кир, жүдөгөн, алдамчы, ууру адамдар деп басынта беришет. Бир жолу чиркөөгө аябай баргым келген, бирок ал жактан эшик кайтарган киши мени киргизбей, кууп жиберген. Ошол сыяктуу окуялардан улам улуту башка кишилерди жек көрүп калгам. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү мени Падышалык залына чакырып калды. Алар деле мага жаман мамиле кылат болуш керек деген ой менен бир аз тынчсызданып баргам. Бирок Падышалык залынын босогосун аттай элегимде эле бир словак киши мага кол берип учурашып, жылуу тосуп алды. Баяндама учурунда көңүл топтой албай, мага эмне үчүн жакшы мамиле кылышканын ойлоп, түшүнө албай жаттым.

Падышалык залында болгондор оюмдан кетпей түнү менен ойлонуп жаттым. Алардын жакшы мамиле кылганы кокусунан болуп калган жокпу деп, дагы барып көрүүнү чечтим. Кийинки жолкусунда алар мага эски досундай мамиле кылып, мурункудан да жакшы тосуп алышты. Ошондон кийин жыйналыштарды такыр калтырган жокмун. Кийин өмүрүмдү Жахабага арнап, чөмүлдүм. Бир туугандардын мамилеси мен чөмүлгөндөн кийин да өзгөргөн жок, алар дагы деле жакшы мамиле кылышат. Кээде атүгүл тамак-ашынан бөлүшүп, жардам берип турушат. Мен бул уюмга кошулганыма абдан кубанам жана Жахабага түбөлүк кызмат кылгым келет!»

Тилегине жооп алган

Айсель автобус менен Азербайжандагы Гянжа шаарынан Бакуга бараткан. Ал жолдон тиленип, бирөө менен Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшкүсү келип жатканын  айткан. Анан эле, белетте көрсөтүлгөн орунга отурарда, бир аял аны жанына отурууга чакырган. Айсель сөз баштап, акырындап маекти Ыйык Китепке бурган. Аял Иса Машаякты аябай жакшы көрөрүн жана ал жөнүндө көбүрөөк билгиси келерин айткан. Ошентип, экөө бири-бирине телефон номурларын беришкен. Ал аял кайра жолугууга макул болуп, Айселден, мүмкүн болсо, Ыйык Китеп ала келишин суранган.

Айсель Гянжа шаарына кайтып келгенден кийин ошол аялдын жумушуна барган. Аял анда «тиленүү китеби» бар экенин жана аны күндө окуп турарын айткан. Кызыктуусу, ал айткан «тиленүү китеби» 2013-жылдын «Ыйык Жазманы күндө изилдөө» китепчеси болуп чыккан! Ошентип, аны менен изилдөө башталган. Айсель кабар айтууга кайрат бергени үчүн Жахабага абдан ыраазы болгон.

Түрмөдөн келген ыраазычылык кат

Испаниядан келген катта мындай деп жазылган:

«Алгач, Ыйык Китептеги жакшы кабарды ар кандай адамдарга жеткирүүгө күч жумшап жатканыңарга ыраазычылык билдиргим келет.

Биринчи жолу мен Жахабанын Күбөлөрүнө 15 жыл мурун Албаниядагы Тирана шаарынан кезиккем. Бир Жахабанын Күбөсү келип, биз менен сүйлөшкөн. Ошондо мен анын эр жүрөктүгүнө таң бергем. Анткени биз бейбаштыгы ашынган 10 баладан турган топ болчубуз, эч ким бизге сүйлөөгө даай алчу эмес. Бирок ал бир тууган, атүгүл курал-жарактарыбызды көрсө да, бизге келип, Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшүүгө батынган. Ошондо анын тайманбастыгына ушунчалык суктангам.

Ошондон төрт жыл өткөндөн кийин бул жакка, Испаниядагы мен жаткан түрмөгө, бир Жахабанын Күбөсү  келип, Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштаганда, макул болгом. Ошондон бери оңолуп келатам: мурункудай кызуу кандуу, зөөкүр болбой калдым. Бир нече жылдан бери көйгөйгө кабыла элекмин. Жахабаны таанып-билгенимден бери жашоом маңызга толду. Айланадагылар менен чатакташпаганга аракет кылып жатам, чөмүлө элек жарчы болуп кызмат кылып келатканыма бир жылдан ашты.

Түрмөдө отурганыма 12 жыл болсо да, акыркы 4 жылда жан дүйнөмө бейкуттук орноп, өзүмдү бактылуу сезип келем. Бул үчүн Жахабага күн сайын ыраазычылык билдирем.

Бир нече жума мурун jw.org сайтынан айрым видеотасмаларды көрдүм. Кошмо Штаттардагы түрмөдө отурган бир тууган жөнүндөгү тасма жүрөгүмдү ушунчалык козгоду. Негизи, мен жашык киши эмесмин, бирок ал бир туугандын канчалык өзгөргөнүн көргөндө көз жашымды токтото албай калдым.

Адабияттарды көптөгөн тилдерге которуп, мага окшоп түрмөдө отургандарга келип, жакшы кабарды  ар кандай адамдарга жеткирүүгө аракет кылып жатканыңарга Жахаба батасын бере берсин.

Силерге чоң рахмат!»

«Акыры, жүрөгүмө тынчтык орноду»

«Дайыма бир нерсе жетишпегенсип, жашоодо ордумду таппай кыйнала берчүмүн. Көөдөнүмдөгү боштукту толтурууга канчалык аракет кылсам да, эч майнап чыкчу эмес»,— дейт Швецияда жашаган, жашы 68ге таяп калган Филисэти. Ал католик дининен канааттануу албагандыктан ар кандай диндерди изилдеп көргөн. Акырында төлгө салып, көз боочулук да кыла баштаган.

Ал жашоонун маңызы эмнеде экенин биле албаганына абдан кайгырып, жанын кыйгысы келген. Ал мындай деген: «Бир жолу көзүмөн жашым шорголоп, үнүмдү катуу чыгарып, эмне кылышым керектигин сурап Кудайдан жалындым. Анан эки жума өткөндөн кийин эшигимди бирөө акырын тыкылдатты. Чыксам, бир жаш жигит жылмайып: „Кудайдын Сөзүн уккуңуз келеби?“ — деп сурады. Мен өзүмчө: „Оо, Кудай, башкасы келсе да, Жахабанын Күбөлөрү келбей эле койсо болмок“,— дедим».

Эшикти дароо жаап салгысы келип турса да, Филисэти анын айтканын угуп көрүүнү чечкен жана изилдөөгө макул болуп, «Ыйык Китепте эмне делет?» китебин алган. Ал: «Ыйык Китептин башкача китеп экенин түшүндүм»,— деген. Филисэти 2014-жылы Швецияда өткөн региондук жыйында чөмүлгөн. «Мен өмүр бою издеп келген нерсемди таптым. Акыры, жүрөгүмө тынчтык орноду»,— деген ал.