Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Бурунди: Нола чок сурап келген кишилерге «Күзөт мунарасын» көрсөтүп жатат

 ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ

Африка

Африка
  • ӨЛКӨЛӨР: 58

  • КАЛКЫ: 1 082 464 150

  • ЖАРЧЫЛАР: 1 453 694

  • ИЗИЛДӨӨЛӨР: 3 688 959

Мотоцикл менен кабар айтуу

Бенин: Дезире земге отурган жүргүнчүгө аудиожаздырууну угузуп, кабар айтып жатат

Бениндин түштүгүндө жайгашкан шаарларда жергиликтүү эл «зем» деп атап койгон мотоцикл таксилер бар. Көпчүлүк унаанын ушул түрү менен жүргөндү жактырышат. Көмөкчү пионер болуп кызмат кылган Дезире да ушундай унаа менен эл ташыйт. Ал мотоциклине эки үн күчөткүч орнотуп койгон. Дезире адабияттарыбыздын жана Ыйык Китепке негизделген  драмалардын аудиожаздырууларын коюп коёт. Жүргүнчү ага учкашкандан көп өтпөй эле жаздырууларды кунт коюп уга баштайт. Көптөр кызыгына батып кеткендиктен барчу жерине жеткенден кийин да, аягына чейин уккусу келип, земден түшпөй отура беришет. Дезире мындай дейт: «Албетте, башка жүргүнчүлөрдү отургузуп, көбүрөөк акча табыш үчүн акчасын төлөп түшүп кетсе дейсиң, бирок акчага караганда алардын кабарды укканы маанилүү деп ойлойм. Анын үстүнө, ушундайча көп адабият тарата алам».

Тырышчаак кыз

Алты жаштагы Нола ата-энеси менен Бурундидеги өрдүү аймакта жашайт. Бир күнү алар кичинекей меште тамак бышырып жатышкан, анан кошуна үйдө иштеп жаткан эки киши келип, от жакканга чок сурашкан. Отту карап отурган Нола аларга чок берген. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Нола ошол эки кишинин жанынан өтүп баратып алардын чок менен тамекисин күйгүзүп жатканын көрүп калган. Ал буга капа болуп: «Тамеки күйгүзөрүңөрдү билсем, чок бербейт болчумун»,— деп айткан. Анан Падышалык залынан тамекинин сүрөтү тартылган журнал көргөнүн эстеп кеткен да, чуркаган бойдон залга барып, тамеки жөнүндөгү макала чыккан журналдан («Күзөт мунарасынын» 2014-жылдын 1-июндагы саны) экини алып келген. Журналдарды аларга берип, дароо окушун талап кылган. Нола кийинчерээк аларга кайра жолугуп, региондук жыйынга чакыруу баракчасын берген. Кичинекей кыздын тырышчаактыгына аябай таң калган ал эки киши жыйынга барууну чечкен. Жыйында тыныгуу  учурунда Нола аларды көрүп калып, өзүнүн үй-бүлөсү менен чогуу тамактанууга чакырган. Жыйындан көргөн-уккандары аябай таасир эткендиктен, ал кишилер Ыйык Китепти изилдей башташкан.

Түрмөлөрдө кабар айтуу

Либериядагы аксакалдар Падышалык жөнүндөгү кабарды оңдоп-түзөтүү жайларында да жарыялоодо. Борбор калаа Монровияда атайын пионер болуп кызмат кылган Ив мындай дейт: «Март айында түрмөдө отургандардын үчөө чөмүлө элек жарчы болду. Анын аркасында Монровия борбордук абагындагы жарчылардын саны алтыга жетти». Алар кабар айтуу кызматына кантип катышышат? «Шаршемби, ишемби сайын кабар айтуу жолугушуусуна чогулушат,— дейт Ив.— Анан, аларга уруксат берилгендиктен, Ыйык Китепте жазылган жакшы кабарды камерадан камерага кыдырып айтышат». Учурда түрмөдө отургандардын көбү Ыйык Китепти өз алдынча изилдеп, ал жакта өткөрүлгөн жолугушууларга катышып жатышат. Филиалдын өкүлү айткан жалпыга арналган баяндаманы ал абакта отурган 79 киши уккан. Дагы башка 6 түрмөдө Ыйык Китепти изилдөө курстары өткөрүлүп турат жана көптөрдүн жакшы жакка өзгөргөнү байкалууда.

«Биз жардамга ушунчалык муктажбыз»

Алыскы аймактарда кабарга кызыккандар Эскерүү кечесине келе алышы үчүн, көп күч-аракет жумшалды. Мисалга бушмендер деп да белгилүү болгон сан элин, Африканын түштүгүндөгү жергиликтүү калкты, алалы. Жупуну  жашаган ал эл көп кылымдардан бери көчүп-конуп, аңчылык кылып, жапайы мөмө-жемиштерди терип жан багып келген. Намибиянын түндүгүндө атайын пионер болуп кызмат кылган Глен 2015-жылы Рунду шаарынан чыгышты карай 270 километр алыстыкта жайгашкан, сан эли жашаган алыскы айылда да Эскерүү кечесинин өткөрүлүшүнө кам көргөн. Ал жакта Эскерүү кечеси ошону менен экинчи жолу өткөрүлгөн. Эки жолкусунда тең айыл өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнө сот залын бекер эле колдонууга уруксат берген. Кеченин алдында да, өтүп жатканда да жаан төккөнүнө карабай, Эскерүүгө 232 киши келген. Ал жакты байырлаган бушмендер хве тилинде сүйлөшөт. Ал тилде сүйлөгөндө таңдайды шакылдаткандай үн чыгып турат. Баяндама англис тилинен ошол хве тилине которулган. Ал тилде Ыйык Китеп жок болгондуктан, Ышая 35:5, 6 сыяктуу аяттар проектор аркылуу дубалдан түстүү слайд түрүндө көрсөтүлүп турган. Кабарга аябай кызыккан бир нече жергиликтүү тургун менен изилдөө өткөрүп жаткан Глен мындай деген: «Акыркы эки жылдан бери бул жакка айына бир жолу келип жатам. Келген сайын бир нече күнгө конуп калам. Тил билбегендиктен жана алыс болгондуктан, өсүш жай болууда. Биз жардамга ушунчалык муктажбыз. Быйыл Эскерүү кечесин өткөрүүнү уюштуруш үчүн бийликтегилерге барганымда, жамаатты башкарган комитеттин бир мүчөсү: „Ушул аймакка сыйынуу жайын курсаңар сонун болмок“,— деди. Анан жерди комитет бермектигин, чыгымды өздөрү жапмактыгын айтты. Бизден, болгону, бир эле „пастор“ жиберүү же, жок дегенде, алардан бирөөнү пастор болгонго үйрөтүү талап кылынмактыгын билдирди».

Намибия: Эки жарчы химба элинен болгон аялга жакшы кабар айтып жатат