Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Израиль: Планшетти колдонуп кабар айтуу

 ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ

Азия жана Ортоңку Чыгыш

Азия жана Ортоңку Чыгыш
  • ӨЛКӨЛӨР: 49

  • КАЛКЫ: 4 409 131 383

  • ЖАРЧЫЛАР: 718 716

  • ИЗИЛДӨӨЛӨР: 766 364

Жүз жылга жүз саат

Азия өлкөлөрүнүн биринде жашаган бир белгилүү актриса жана модель Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон. Ал билгендерин дароо жашоосунда колдоно баштаган жана спиритизмге, буддизмге байланыштуу адабияттарын, буркандарын жок кылган.

Бир таанышы андан: «Карьераңа көңүл топтоп, изилдөөңдү үч эле жылга токтото турчу»,—  деп өтүнгөн. Анан: «Изилдөөңдү кийин деле улантасың»,— деген.

Ошондо ал: «Мен Жахабаны 24 жылдан бери издеп келгем. Эмне үчүн дагы үч жыл күтүшүм керек?» — деп айткан.

Теократиялык кызмат мектебинен биринчи жолу тапшырмасын аткара турган жумада ага тасма тарткан бир компания чалып, төрт жылга келишим түзүүнү сунуштаган. Келишим боюнча, ал көп кирише тапмак, бирок сунуштаган тасманын баарына тартылышы керек болчу. Ал андай сунушту четке каккан. Ошентип, 2014-жылдын май айында чөмүлө элек жарчы болуп, август айында 100 саат кабар айтууну чечкен. Андан эмне үчүн ошенткиси келип жатканын сурашканда, ал: «Иса Машаяктын башкарып келатканына 100 жыл болгонун белгилеп ар бир жылга бир сааттан кабар айткым келип жатат»,— деп жооп берген. Ал максатына жеткен. Ал эми 2015-жылдын январында чөмүлгөн. Учурда көмөкчү пионер болуп кызмат кылууда.

Түрмөдө өткөн бир түн

Шри-Ланкада жашаган 4 эже-карындаш буддисттер басымдуулук кылган, дайындалбаган аймакка автобус менен барып кабар айтышкан. Эртеси күнү бир кечил менен таксист киши алардын жанына келген. Анан дагы 30 чакты жаалданган киши тегеректеп калган. Ошондо полиция келип, бир туугандарды участокко алып кеткен. Эч кылмыш кылбаса да, аларды оор кылмыш кылган кишилердин арасына бир түнгө камап коюшкан. Кылмышкерлер бир туугандарды сөгүп-сагып, жаман сөздөрдү айтышкан. Бирок алардын түрмөгө камалганы кабар айтууга жакшы шарт түзгөн.  Ишенимдештерибиздин бири мындай деген: «Мени киши өлтүргөндөр менен бирге отургузуп коюшту. Бирок мен аларга чындык тууралуу айттым. Алар эмне үчүн камалганымды билгенде аябай таң калып, көптөгөн суроолорду беришти. Бир кылмышкер атүгүл: „Сенин мынча кубанып жатканыңдын сыры эмнеде?“ — деп сурады».

Шри-Ланка: Дайындалбаган аймакка автобус менен барып кабар айткан бир туугандар

Полиция кызматкерлери аларды, айыбы жок болсо да, камап, укугун тебелегени үчүн, бир туугандар Шри-Ланканын Жогорку Сотуна арыз-доо менен кайрылышкан. Азырынча иш каралып бүтө элек.

Төшөктөн тура албаган аялга жардам берүү

Жапониялык Мичико деген пионер ооруканада жаткан улгайып калган бир аял менен Ыйык Китепти жаңдоо тилинде изилдечү. Ал ооруканада иштегендерден бейтаптардын дагы кимиси менен сүйлөшсө болорун сураганда, аны Казуми деген аял менен жолуктурушкан. Казуми угат, бирок сүйлөй албайт. Ал 23 жашында жол кырсыгына учурап, төшөккө жатып калган. Казуми тамак да, суу да иче албайт. Анын көптөгөн суроолору бар болгондуктан Мичико менен Ыйык Китепти изилдөөгө дароо макул болгон.

Жапония: Казуми бекемдээрлик каттарды жазып жатат

Изилдөө учурунда Мичико суроо берет, Казуми абзацтагы жоопту колу менен көрсөтөт же жазып түшүндүрөт. Казуми чөнтөк телефон алгандан бери, Мичико ага күндө эртең менен чалып, күнгө берилген аятты чогуу талкуулап келишет. Казуминин ден соолугу начарласа да, рухий ден соолугу барган сайын чыңалып, Жахабанын Күбөсү болгусу келерин билдирген. Ошентип, ал Ыйык Китепти 13 жыл изилдегенден кийин 61 жашында чөмүлө элек жарчы болгон.

 Казуми төшөктөн тура албагандыктан, бир туугандар анын жолугушуунун жана жыйындардын программаларын уга алышына кам көрүшкөн. Анын даярдаган жоопторун жыйналыштагы эже-карындаштар окуп берип турушат.

Ыйык Китепти изилдеп, жыйналышка келип жаткандардын ар бирине Казуми бекемдээрлик каттарды жазып турат. Ал ооруканада иштегендерге да, аны көргөнү келгендерге да кабар айтат. Казуми аларга: «Эгер Ыйык Китепти изилдесеңер, чындап бактылуу болосуңар»,— дейт.

Кечилдин чындыкты угушу

Азиянын түштүк-чыгышындагы өлкөлөрдүн биринде жашаган бир ишенимдешибиз ооруканага көзүн көрсөткөнү барып, бир кечилге жолугуп калган. Ал андан:  «Ден соолугуңуз чың болуп, кооз жерде түбөлүк жашагыңыз келет беле?» — деп сураган. Алар жакшы сүйлөшүп, бир тууганыбыз ага «Кудайды уккула!» деген китепчени берген. Кечил ага өзүнүн телефон номурун калтырган. Ишенимдешибиз анын номурун жыйналыштагы бир байкеге берген. Көп өтпөй ал байке кечил менен байланышып, аны атайын баяндамага чакырган. Кечилге жыйналыш жолугушуусу, өзгөчө, Падышалык ырлары аябай жаккан. Баары сылык-сыпаа мамиле кылып, жылуу тосуп алгандыктан, ал ушунчалык таасирленген.

Кечил Жахабанын Күбөлөрүнүн диний окуу жайларынын бар-жогун сураганда, ишенимдешибиз ар бир адам менен жекече Ыйык Китепти изилдөө курстары өткөрүлөрүн айткан, анан ага Ыйык Китепти изилдеп көрүүнү сунуштаган. Ал бир жуманын ичинде «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебинин 1-бөлүмүн окуп чыккан. Ал изилдөөсүн уланта берген жана жолугушууларга барып, «Күзөт мунарасын» изилдөөдө жооп бере баштаган.

Кечил райондук жыйынга барганда, филиалдын өкүлү аны Бейтелге келип кетүүгө чакырган. Ал кийинки жумада 10 саат жол жүрүп, Бейтелге барган. Ал жактагы бир туугандар аны жылуу тосуп алышкан. Ошентип, 2015-жылдын февралында ал кечилдиктен баш тарткан жана Ыйык Китепти изилдегенин улантып, жолугушууларды калтырбай бара баштаган.

Кайра табылган

Жакында эле бир жубайлар Индиянын түндүк-чыгышындагы көп жылдардан бери кабар айтыла элек аймакка дайындалышкан. Ал жакта кабарга кызыккан адамдар аябай көп болгондуктан, пионерлер жолугушуу өткөрүүгө ылайыктуу жер издей башташкан. Бир жолу изилдөөгө баратып курулуп бүтө элек имаратты көрүп калып, ээси менен сүйлөшүп көрүүнү ойлошкон.  Ал жерден бир аз арыраак барып, кайра кайтып келишкен. Анан имараттын артынан улгайган аялды жолуктуруп, өздөрүнүн Жахабанын Күбөлөрү экенин айтышкан. Ошондо тиги аял сүйүнүп кетип: «Мен да Жахабанын Күбөсүмүн»,— деген. Ал бир туугандарды үйүнө киргизип, 1970—1980-жылдары чогулткан адабияттарын көргөзгөн. Ал Ыйык Китепти 30 жыл мурун изилдептир жана күйөөсүнүн каршылыгына карабай, жыйналыштарга барып турчу экен. Чындыкты тапканынан эч күмөн санабаптыр, бирок пионерлер башка жакка кеткенден кийин, уюм менен байланыша албай калыптыр. Балдарынын баары ар кайсы чиркөөлөрдүн мүчөсү болуп кетиптир. Бирок ал эч бир чиркөөгө барбаптыр.

Индия: Мурда изилдеген аял 1970—1980-жылдары чогулткан адабияттарын көрсөтүп жатат

 Чиркөө салтына ылайык көмүлүшү үчүн акыркы маалдарда балдары аны чиркөөнүн мүчөсү болууга кысым көрсөтө баштаган экен. Сиңдиси да католик чиркөөсүнө алып бармакчы болуптур, бирок жол тыгынына кабылып калып, кайра үйүнө кайтыптыр. Эртеси да алып барам деп, бирок ооруп калган экен. Анан так ошол күнү түштөн кийин пионерлер аныкына барып калыптыр. Азыр ал Ыйык Китепти кайрадан изилдеп, жыйналышты калтырбай барып жатат жана балдарын да, неберелерин да Ыйык Китепти изилдөөгө үндөп турат.