Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Эскерүү кечеси. 2015-жыл, 3-апрель, жума

Эскерүү кечеси. 2015-жыл, 3-апрель, жума

2015-ЖЫЛДЫН 7-мартынан, ишемби күндөн, тартып дүйнө жүзү боюнча 4 жумага созулган өнөктүк жүргүзүлгөн. Ал өнөктүк Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүүгө жана анын эмне үчүн өлгөнү, андан адамзат кандай пайда алары түшүндүрүлгөн баяндаманы угууга мүмкүн болушунча көп адамды чакыруу максатында уюштурулган. Жахабанын Күбөлөрү жекече да, телефон аркылуу да, электрондук почта аркылуу да миллиондогондорду чакырган. Натыйжасы кандай болгон? 3-апрелде өткөрүлгөн ал өзгөчө кечеге 19 862 783 киши келгенин билгенде алар аябай кубанышкан. Учурда кечеге келгендерди Жахабанын уюму менен тааныштыруу үчүн, чыныгы Кудайга сыйынууга жардам берүү үчүн жана Кудайдын мээримине бөлөнүп, батасын алууга көмөк көрсөтүү үчүн көп күч-аракет жумшалууда (Мик. 4:2).