Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016

Жахабанын Күбөлөрүнүн 2015-жылы дүйнө жүзү боюнча жүргүзгөн иши жана Индонезияда кандай иштерди кылганы жөнүндө окуп көргүлө.

2016-жылдын жылдык аяты

Еврейлер 13:1де үндөө да, мактоо да камтылган.

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жүрөк жылыткан бул билдирүүлөр jw.org сайты, JW телеберүүсү, эл көп жерде күбөлөндүрүү ыкмасы жана 2015-жылда өткөн региондук жыйын сыяктуу чаралар чын эле Жахабанын батасы экенин далилдөөдө.

«Биз JW телеберүүсүн ушунчалык жакшы көрөбүз!»

Интернет аркылуу көрсөтүлгөн телеберүүбүз ишке кириши үчүн, кандай күч-аракеттер жумшалган?

Падышалык залдарын куруу ишинин тездеши

Миңдеген Падышалык залдары курулушу керек болгондуктан, курулуш бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Уориктеги куруу иши кандай жүрүп жатат?

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгында жаңы дагы эмнелер курулду?

Ишти илгерилеткен ыкма

Терри Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшкөнү тиленүүсүнө жооп болгонуна эмнеден улам ынанган?

Жарык улам жаркыроодо

Бул бөлүктө Жахабанын өзүнүн чыныгы кызматчыларынын жолуна кантип жарык чачып жатканы жөнүндө айтылат.

Филиалдардын арноо аземи

Мадагаскардагы жана Индонезиядагы Жахабанын Күбөлөрү 2015-жылдын башында өзгөчө кубанычка бөлөнүштү.

Көп тилде чыгып жаткан «Жаңы дүйнө котормосу»

2015-кызмат жылында 16 чыгарылышы жарык көрдү.

Юридикалык отчёт

Диний кодулоого каршы күрөш дүйнө жүзү боюнча дагы деле улантылып жатат.

Келип түшкөн каттар. Дүйнө жүзүндөгү кабарлардан

Кендин жашыруун кутусу Падышалык залын курууга жардам берди.

Африка

Жахабанын Күбөлөрү кабар айтууда жаңы ыкмаларды колдунушат.

Түндүк жана Түштүк Америка

Эмне себептен бир кыз Ыйык Китепти шамдын жарыгында изилдейт? Юкпа элинин башчысы Жахабанын Күбөлөрүн эмне үчүн жинденип күткөн? Мурун Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктап жүргөн киши эмне үчүн ыйлаган?

Азия жана Ортоңку Чыгыш

Падышалыктын жарчыларын эч нерсе: майыптык да, түрмө да токтото албайт.

Европа

Жакшы кабарды укканда цыган кишинин, түрмөдө отурган кишинин жана өзүн-өзү өлтүрөйүн деп жаткан аялдын жүрөгү козголгон.

Океания

Адабият үстөлдөрү, сүйрөмө текчелер, jw.org сайты, тасмалар аркылуу жүздөгөн эмес, миңдеген кишилердин жүрөктөрүнө чындыктын үрөнү себилип жатат.

Кыскача маалымат

Дүйнөдөгү эң чоң архипелагдын эли, жери жана маданияты тууралуу кыскача маалымат алгыла.

Татымал аралы

16-кылымда Индонезия татымалдары экономикага чоң таасир эткен.

Ушул жерден баштасам окшойт

Австралиядан келген эр жүрөк китеп таратуучулар (пионерлер) кабар айтуу ишине чыйыр салууда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңишкен.

Алгачкы ыкмалар

Радиоберүү жана кеме жайларда кабар айтуу Индонезияда чындыктын таралышына каршы болгондордун каарын кайнаткан.

Бибелкриң

Бул топту Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын окуп чыккан адамдар негиздеген. Бирок Кудайдын уюму менен байланышы жок болгондуктан, көп өтпөй ал топтогулар адамдык көз карашка жетектеле башташкан.

Ал рухий кенчти баалаган

Зио Сең Бинин көзүнчө үйүн тоноп кеткен жаалданган топ ал үчүн баарынан баалуу болгон нерсесин калтырып кеткен.

Батыш Явада кабар айтуу ишинин жемиш бериши

Адабияттарга тыюу салынганда, бир туугандар жакшы кабарды таратуу үчүн тапкычтык кылышкан.

Жапондор салган оор моюнтурук

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары инсан күбөлүгүн жапон бийлигине берилгендик сактоого ант бербей эле алуунун жолун табышкан.

Эр жүрөк пионер

Андрэ Елиас аны суракка алып, коркутуп-үркүтүшкөнүнө карабай, берилгендигин сактап, 60 жылдай ынталуу кызмат кылган.

Миссионерлердин келиши

Гилат мектебинен билим алган миссионерлер келгенден кийин, өлкөдө кабар айтуу иши тездик менен илгерилеген.

Жакшы кабардын чыгышка жайылышы

Диний жетекчилердин бөгөт коюуга кылган аракети оңунан чыкканбы?

Көп миссионерлердин барышы

1970-жылдардын орто ченинде кабар айтуу ишин токтотуу үчүн көрсөтүлгөн каршылык күч алган.

Сааранын кызы

Тити Кютин күйөөсүнө толук баш ийген жана бул үчүн Кудайдын батасын алган.

Эсте каларлык жыйын

1963-жылдагы «Түбөлүк жакшы кабар» деген эл аралык жыйындын өтүшүнө эч нерсе тоскоол боло алган эмес.

Көтөрүлүштө аман калгам

Роналд Жакэнин сөөгүн коюуга көр казып коюшкан.

50 жыл атайын пионер болдум

1964-жылы Батыш Папуада бир протестант диний кызматкер: «Манокваридеги Жахабанын Күбөлөрүнүн көзүн тазалайм!» — деген. Ал айткандай болгонбу?

Үлгүлүү жаранга айланган кылмыштуу топтун башчысы

Чалгын кызматынын деректири бир Жахабанын Күбөсүнөн: «Жахабанын Күбөлөрү Индонезияда чынында эмне кылып жүрүшөт?» — деп сураган.

Алга кадам шилтөөгө чечкиндүү болушкан

Эмне үчүн башкалар: «Жахабанын Күбөлөрү мыкка окшош. Аларды канчалык каксаң, ошончолук терең киришет»,— деп айтышкан?

Алар жолугушууларды калтырышкан эмес

Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине уруксат берилгенде, бир бийлик өкүлү: «Силер дин тутуу эркиндигине бул документтин аркасында ээ болуп жаткан жоксуңар»,— деп айткан.

Табигый кырсык учурунда көрсөтүлгөн күчтүү сүйүү

Индонезиянын Гунунгситоли шаарында жер титирөө болгондо, Жахабанын Күбөлөрү жабыр тарткандарга жардам берүүгө дароо киришкен.

Биз ишенимибизден эч качан баш тартпайбыз!

Даниел Локолло түрмөдөн кандай азап тартканын айтып берет.

Баш ийгендиктен аман калдык!

Мусулмандар менен христиандардын ортосунда болгон диний кагылышууда Жахабанын Күбөлөрүнүн өмүрүнө коркунуч туулган.

Иштин кызый башташы

Ишибизге уруксат берилгенден кийин, бир туугандар үч нерседен пайда алышкан.

Жахабанын ысмын жарыялоо — сыймык

Жахабанын Күбөлөрү кайраттуу болууга тоскоол кылган адаттардан жана маданияттын таасиринен кантип арылган?

Асмандагы филиал

Кабар айтыла элек аймактарды издегендер, акыры, ошондой аймакты табышкан.

Жахаба батасын биз күткөндөн да мол төктү!

Индонезиядагы Тугала айылына жаңы Падышалык залы курулуп, ал жергедеги бир туугандарга Жахаба батасын берген.

Акыры табыштык!

Индонезиядагы кулагы укпаган эже-сиңдинин бирин башкалар багып алгандыктан, экөө бөлөк өсүп калган, бирок Кудай аларды табыштырган.

Жүз жыл мурун 1916

1916-жылдын күзүндө болгон окуя Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр үчүн зор мааниге ээ болгон.

2015-жылкы жалпы жыйынтык

Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды дүйнө жүзүнө таратууга канча күч, каражат жумшалды?

Эскерүү кечеси. 2015-жыл, 3-апрель, жума

Төрт жумага созулган өнөктүктүн натыйжасы эң сонун болду.