• ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1928

  • ӨЛКӨСҮ: КОСТА-РИКА

  • МУРУН: МЫКТЫ БЕЙСБОЛЧУ ЖАНА КУМАРПОЗ БОЛЧУ

МУРУН

Мен Коста-Риканын чыгыш жээгинен орун алган Пуэрто-Лимон деген порттуу шаардын чет-жакасында туулуп-өскөм. Сегиз бир туугандын жетинчисимин. Атам сегиз жашымда өтүп кеткен. Бизди апам өзү жалгыз тарбиялап-өстүргөн.

Бейсбол жашоомдун ажырагыс бөлүгү болчу. Спортко бала кезимен эле кызыкчумун. Өспүрүм курагымда бейсбол сүйүүчүлөр тобуна кошулдум. 20 жаштарымда бир скаут (таланттуу оюнчуларды издеген киши) профессионалдуу спортко кадам таштап, Никарагуадагы дасыккан оюнчулардан турган бир спорт тобунда ойноого чакырып калды. Ал сунушту кабыл алган жокмун. Себеби апамдын ден соолугу начар болгондуктан, ага каралашчумун. Аны калтыргым келген жок. Кийинчерээк башка скаут бейсбол сүйүүчүлөр лигасынан тандалган мыкты оюнчулардан турган Коста-Риканын улуттук профессионалдуу курама тобунда ойноого чакырды. Бул жолкусунда сунушту кабыл алдым. Ошол топтун мүчөсү катары 1949-жылдан 1952-жылга чейин Кубада, Мексикада, Никарагуада көп оюнга катыштым. Топто жакшы коргоочу болчумун. 17 оюн катары менен бир да жолу жаңылбай ойногон учурларым болгон. Күйөрмандардын атымды айтып, мени сүрөп турганы майдай жакчу.

Өкүнүчтүүсү, адеп-ахлаксыз иштерди да көп кылчумун. Сүйлөшкөн кызым бар болсо да, башка аялдар менен деле жүрө берчүмүн. Анысы аз келгенсип, ичимдикти суудай иччүмүн. Бир жолу ушунчалык көп ичип алгандыктан эртеси ойгонуп, үйгө кантип келгенимди эстей албай койгом. Мындан тышкары, акча сайып домино жана лотерея ойночумун.

Ушинтип жүргөн кезимде апам Жахабанын Күбөсү болду. Ал Кудай жөнүндө көп айтып, кызыктырганга аракет кылып жүрдү. Бирок спортко баш-отум менен кирип кеткендиктен айткандарына көп деле маани берчү эмесмин. Баарынан бейсболду жакшы көрчүмүн. Тамак ичер маал келсе деле оюнга берилип алып, ачка экенимди билбей машыга берчүмүн.

Бир жолу оюн учурунда топту тосом деп катуу жаракат алдым. Ал кезде 29 жашта болчумун. Жакшы болуп калгандан кийин профессионалдуу спорттон кеттим. Бирок үйдүн  жанындагы бир клубда бейсбол сүйүүчүлөр тобунда ойногондорду машыктырып иштей бердим.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

1957-жылы мен мурун бейсбол ойноп жүргөн стадиондо өткөрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынына барып калдым. Ал жактан бири-бирин сыйлап, жакшы мамиле кылган Жахабанын Күбөлөрү тополоң салган бейсбол көрүүчүлөрүнөн кыйла айырмаланарын байкадым. Бул мага аябай таасир эткендиктен Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыштарга бара баштадым.

Ыйык Китептен билгендерим жүрөгүмдү козгоду. Мисалы, Иса пайгамбар бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө анын шакирттери Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды бүт дүйнө жүзүнө таратарын алдын ала айтыптыр (Матай 24:14). Кудайдын чыныгы кызматчылары кылган иши үчүн акча албай турганын да билдим. Иса пайгамбар: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— дептир (Матай 10:8).

Ыйык Китепти изилдеп жүргөндө билгендеримди Жахабанын Күбөлөрүнүн кылган иштери менен салыштырып жүрдүм. Алардын Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды дүйнө жүзүнө таратыш үчүн күжүрмөн эмгектенип жатканына суктандым. Андан тышкары, Иса пайгамбардын айткандарына ылайык, дайыма жакшылык кылууга дилгир экенине да баа бердим. Ошондуктан Иса пайгамбардын Марк 10:21деги: «Келип, менин жолдоочум бол»,— деген чакырыгын окуганда Жахабанын Күбөсү болгум келди.

Бирок чечкиндүү иш-аракет кылганга бир нече убакыт керек болду. Мисалы, көп жыл бою жума сайын улуттук лотерея оюнуна катышып келгем. Менин «куттуу» номурум бар болчу. Анткен менен Ыйык Китептен «Кут кудайына» сыйынгандарды жана ач көз адамдарды Кудайдын айыптай турганын билдим (Ышая 65:11; Колосалыктар 3:5). Ошентип, кумар оюндарын таштадым. Кийинки эле жумада менин «куттуу» номурум утушка ээ болсо болобу! Так ошол жумада ойнобой калганым үчүн башкалар мени шылдыңдап, кайра ойной баштоого көндүргөнгө аябай аракет кылышты. Бирок мен такыр болбой койдум. Ошондон кийин бир да жолу ойногон жокмун.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынында чөмүлгөн күнү «жаңы табиятты кийүүгө», башкача айтканда, жакшы жакка өзгөрүүгө тоскоолдук кылган дагы бир сыноого туш болдум (Эфестиктер 4:24). Ошол күнү кечинде мейманканага барсам, бөлмөмдүн жанында мурунку сүйлөшкөн кызым мени күтүп туруптур. Ал бал тилге салып: «Сэми, кандайсың? Жүр, көңүл ачабыз»,— дей баштады. Мен дароо эле: «Жок!» — деп жооп берип, Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларына ылайык жашап жатканымды эсине салдым (1 Корунттуктар 6:18). Ошондо ал: «Эмне дейсиң?» — деп бурк этти. Анан ал Ыйык Китептеги нормалардын эскирип калганын айтып, кайра бирге болбойлубу деп кирди. Бирок мен эч нерсе деп жооп бербей, бөлмөмө кирип, эшикти бекитип алдым. Жашоомду өзгөртүп, 1958-жылы Жахабанын Күбөсү болгондон бери Кудайга болгон ишенимимди бекем сактап келатам. Буга аябай сүйүнөм.

ПАЙДАСЫ

Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык иш кылганым үчүн кандай пайда алганымды жаза турган болсом, бир китеп болмок болуш керек. Мисалы, көптөгөн чыныгы досторум бар, жашоом маңыздуу өтүп жатат. Азыр чындап бактылуумун.

Бейсболду дагы деле жакшы көрөм, бирок ал жашоомдо биринчи орунду ээлебей калды. Бейсбол ойногондун аркасында акча таптым, атак-даңкка ээ болдум. Бирок мунун баары бүгүн бар, эртең жок. Ал эми Кудай жана ишенимдештерим менен болгон мамилем түбөлүккө созулат. Ыйык Китепте: «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп айтылган (1 Жакан 2:17). Азыр мен баарынан да Жахабаны жана анын элин жакшы көрөм!