Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 1 2017

Ыйык Китепти туура түшүнүү эмне үчүн маанилүү?

Ыйык Китепти туура түшүнүү эмне үчүн маанилүү?

Бир кичинекей кыз заводдун морунан түрмөк-түрмөк булутка окшоп чыгып жаткан түтүндү көрүп, бул завод булут жасап чыгарат турбайбы деп ойлоп калат. Кичинекей кыздын ушундай бүтүм чыгарганына баарыбыз эле күлмөк болушубуз керек. Бирок жашоодо маанилүү нерселерди туура эмес түшүнүп алганыбыз кесепеттүү болушу мүмкүн. Мисалы, дарынын атын туура эмес окуп алганыбыздын айынан өмүргө коркунуч туулушу ыктымал.

Кудайдын сөзүнө байланыштуу нерселерди туура эмес түшүнүп алсак, кесепети андан да жаман болот. Алсак, айрымдар Иса пайгамбардын айткандарын туура түшүнүшкөн эмес (Жакан 6:48—68). Алар сөздөрдүн маанисин аңдоого аракет кылгандын ордуна, Иса пайгамбардын айткандарын четке кагып коюшкан. Бул чоң жаңылыштык болгон.

Силер туура кеңеш табыш үчүн Ыйык Китепти окуйсуңарбы? Окусаңар, жакшы. Бирок окуганыңарды туура эмес түшүнүп алышыңар мүмкүнбү? Ыйык Китепте жазылгандарды туура эмес түшүнүп алгандар аз эмес. Анда көптөр жаңылыш ойлогон үч нерсеге токтололу.

  • Айрымдар Ыйык Китепте жазылган «Кудайдан корк» деген сөздү туура эмес түшүнүшөт. Алар Кудайдан коркуу андан калтырап-титиреп коркууну билдирет деген ойдо (Насаатчы 12:13). Бирок Кудай ага сыйынган адамдардын ушундай сезимде болушун каалабайт. Кудай: «Коркпо, анткени мен сени мененмин. Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем»,— деген (Ышая 41:10). Кудайдан коркуу аны кастарлоону, терең урматтап-сыйлоону билдирет.

  • Жер өрттөнүп, жок болуп кетеби?

    Кудайдын Сулайман пайгамбарга жаздырган «бардык нерсенин өз убагы бар,.. төрөлө турган убак бар, өлө турган убак бар» деген сөздөрдү да көпчүлүк туура эмес түшүнөт. Алар Кудай ар бир адамдын качан өлөрүн белгилеп коёт деп ойлошот (Насаатчы 3:1, 2). Бирок бул жерде адамдын өмүр айлампасы жөнүндө жана өлүм бир да адамдан кыя өтпөй турганы жөнүндө гана айтылууда. Ошондой эле Ыйык Китептен чыгарган чечимибиз жашообузга таасир этерин да билебиз. Маселен, анда: «Жахабадан коркуу өмүрдү узартат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 10:27; Забур 90:10; Ышая 55:3). Бул эмнени билдирет? Ыйык Китепти жогору баалоо аракечтик, бузуктук сыяктуу ден соолукка зыяндуу нерселерден качууга түрткү берет (1 Корунттуктар 6:9, 10).

  • Кээ бирөөлөр Ыйык Китепте «асман менен жер» «отко» «сакталып турат» деп жазылгандарды түзмө-түз түшүнгөндүктөн, Кудай Жер планетасын жок кылат деп ойлошот (2 Петир 3:7). Бирок Кудай Жер планетасынын эч качан жок болбой турганын айткан. Кудай «жерди бекем пайдубалга орноткон», «ал кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө козголбойт» (Забур 104:5; Ышая 45:18). Демек, кадимки Жер планетасы эмес, бузулган адамдардын коому өрттөлгөн сыяктуу түбөлүккө жок кылынат. Ал эми «асман» деген сөз Ыйык Китепте кадимки асманга, ааламга жана Кудай жашаган жайга карата колдонулат. Булардын бири да жок кылынбайт.

ЭМНЕ ҮЧҮН АЙРЫМ УЧУРЛАРДА ТҮШҮНҮҮ КЫЙЫН БОЛОТ?

Жогорудагы мисалдардан көптөрдүн Ыйык Китепте жазылгандарды туура эмес түшүнүп аларын байкадыңар болуш керек. Кудай эмне үчүн кээ бирлердин туура эмес түшүнүп алышына жол берет? Айрымдар: «Кудай ушунчалык акылдуу болсо жана баарын билсе, ар бир адам оңой эле түшүнө алган, айкын-так жазылган китеп бере алмак да. Эмне үчүн андай кылган эмес?» — деши мүмкүн. Келгиле анда, көптөрдүн Ыйык Китепти эмне үчүн туура эмес түшүнүп аларынын үч себебине токтололу.

  1. Ыйык Китеп аны момун, үйрөнүүгө дилгир адамдар түшүнө алгыдай болуп жазылган. Иса Машаяк Кудайдан тиленип жатканда: «Ата, асман-жердин Жаратканы, сени эл алдында даңктайм, анткени буларды даанышмандар менен акылдуулардан жашырып, наристелерге ачып бердиң»,— деген (Лука 10:21). Ыйык Китеп туура көз караштагы адамдар гана түшүнө алгыдай жазылган. Терс көз караштагы адамдар — «даанышмандар менен акылдуулар» деп эсептелгендер — аны түшүнө алмак эмес. Ал эми Ыйык Китепти «наристелердей» болгон момун, үйрөнүүгө дилгир адамдар туура түшүнө алышат. Ооба, акылман Кудай Ыйык Китепти ушундай кылып жаздырган!

  2. Ыйык Китеп аны түшүнүш үчүн Кудайдын жардамына муктаж экенин мойнуна ала тургандар үчүн жазылган. Иса пайгамбар адамдар анын айткандарын толук түшүнүш үчүн жардамга муктаж болорун баса белгилеген. Алар андай жардамды каяктан ала алышмак? Иса пайгамбар: «Атам менин атыман жибере турган жардамчы, ыйык рух, силерге баарын үйрөтөт»,— деген (Жакан 14:26). Мына ошондуктан Кудай Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам бериш үчүн адамдарга ыйык рухун — иш-аракет кылуучу кубаттуу күчүн — берет. Бирок Кудай анын жардамына муктаж экенин мойнуна албагандарга ыйык рухун бербейт, андыктан аларга Ыйык Китепти түшүнүү оор сезилет. Андан сырткары, ыйык рух Ыйык Китепти туура түшүнгөн аны түшүнүүнү каалагандарга жардам берүүгө түрткү берет (Элчилер 8:26—35).

  3. Ыйык Китептеги айрым нерселерди адамдар өз убагы келгенде гана түшүнүшмөк. Даниел пайгамбарды мисал келтирсек. Кудайдын периштеси ага келечекке байланыштуу нерселерди жазышы керектигин айтып: «Даниел, акыркы убакка чейин бул сөздөрдү жашыруун сырдай сакта»,— деген. Даниел пайгамбар жазган китепти канчалаган кылымдардан бери көптөгөн адамдар окуп келишкен, бирок маанисин түшүнүшкөн эмес. Атүгүл Даниел пайгамбар өзү да эмне жөнүндө жазганын түшүнбөгөнүн ачык айтып: «Мен уктум, бирок түшүнгөн жокмун»,— деген. Адамдар анын жазгандарын Кудай өзү туура көргөн убак келгенде гана түшүнүшмөк. Периште: «Бар, Даниел, анткени акыркы убакка чейин бул сөздөр жашыруун сырдай сакталат, аларга мөөр басылат»,— деп айткан. Кудайдын ал сөздөрүн кимдер түшүнүшмөк? Ыйык Китепте: «Бул сөздөрдү алардын эч кимиси түшүнбөйт, ал эми акылдуулар түшүнөт»,— деп жазылган (Даниел 12:4, 8—10). Ооба, Ыйык Китепте жазылган айрым нерселерди адамдар өз убагы келмейинче түшүнмөк эмес.

Жахабанын Күбөлөрү да Ыйык Китепти туура эмес түшүнүп алган учурлар болду беле? Ооба. Бирок Кудай баарын айкын кылып ачып бере турган убак келгенде, алар оюн дароо өзгөртүшкөн. Ушинтүү менен алар Иса пайгамбар кеңеш бергенде, көз карашын өзгөртүүгө даяр болгон элчилерден үлгү алганын көрсөтүшөт (Элчилер 1:6, 7).

Кичинекей кыздын булут заводдон чыгат деп ойлоп алганы анчалык деле коркунучтуу эмес. Бирок Ыйык Китепте абдан маанилүү нерселер жазылгандыктан, ар бир адам аны окуп чыгып, анда жазылгандарды туура түшүнгөнгө аракет кылышы зарыл. Аны туура түшүнүш үчүн Ыйык Китепти момундук менен изилдеген, Кудайдын ыйык рухунун жардамына муктаж экенин түшүнгөн жана Кудай Ыйык Китепте жазылгандардын маанисин ачып берип жаткан убакта жашап жатканыбызга бекем ишенген адамдарга жардам сурап кайрылгыла. Жахабанын Күбөлөрү менен байланышуудан же jw.org/ky сайтына кирип, алар терең изилдеген нерселерди окуудан тартынбагыла. Ыйык Китепте: «Түшүнүк тилесең,.. Кудай жөнүндөгү билимди табасың»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 2:3—5).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Ыйык Китепте жазылгандар бири-бирине карама-каршы келеби?

Ыйык Китептеги кайсы аяттар бири-бирине карама-каршы келгендей сезилерин жана аларды туура түшүнүш үчүн эмнелерди эске алыш керектигин окуп көргүлө.