Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 1 2017

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Жашооңорду жакшы жакка кантип өзгөртөт?

Жашооңорду жакшы жакка кантип өзгөртөт?

Ыйык Китеп кадимки китептердин бири эмес. Ал китепте Жаратканыбыздын насааттары камтылган (2 Тиметей 3:16). Анда жазылгандар бизге терең таасир эте алат. Ыйык Китепте: «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү»,— деп жазылган (Еврейлер 4:12). Аны окуунун аркасында, биринчиден, күнүмдүк жашообузга керектүү кеңештерди биле алабыз. Экинчиден, Кудайды таанып-билип, анын убадалары жөнүндө билебиз (1 Тиметей 4:8; Жакып 4:8).

Жашоого керектүү кеңештер. Ыйык Китепте жеке ар бирибизге пайдалуу боло турган эң сонун кеңештер камтылган.

Азиядагы бир жаш жубайлар Ыйык Китептеги кеңештерди аябай баалашат. Жаңы үйлөнгөн кезде алар бири-бирине анча көнө албай, ачык сүйлөшө албай бир аз кыйналышкан. Бирок Ыйык Китептеги кеңештерди колдоно башташкан. Натыйжасы кандай болгон? Күйөөсү Висент: «Ыйык Китептен билгендерим жубайыма жакшы мамиле кылып, ортобуздагы кыйынчылыктарды оңой чечкенге жардам берди. Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгондуктан экөөбүз тең бактылуубуз»,— дейт. Жубайы Анналоу жолдошуна кошулуп, мындай дейт: «Азыр жолдошум экөөбүз бир пикирде болуп, бир максатты көздөп жашайбыз, мен турмушума ыраазымын, аябай бактылуумун деп айта алам».

Кудайды таанып-билүү. Висент Ыйык Китеп никесин бекемдегенин айткандан тышкары, мындай дейт: «Ыйык Китепти окугандын аркасында Жахаба * Кудайга мурункудан да жакын болуп калдым». Висенттин айткандары маанилүү бир нерсени баса белгилеп турат: Ыйык Китепти окуп-изилдесеңер, Кудайды таанып-биле аласыңар. Ошондой эле анын акыл-насааттарынын канчалык пайдалуу экенин эле эмес, аны менен жакын достордой боло аларыңарды түшүнөсүңөр. Андан тышкары, Кудай келечекте түбөлүккө созула турган «чыныгы жашоону» тартуулай турганын билесиңер (1 Тиметей 6:19). Бул тууралуу башка бир да китепте айтылбайт.

Ыйык Китепти окуп-изилдей берсеңер, көптөгөн пайдалуу кеңештерди таап, Кудай жөнүндө көбүрөөк билесиңер. Бирок аны окуп жатканда көп суроолор туулушу мүмкүн. Мындан 2000 жылдай мурун жашаган эфиопиялык бир төрөнүн да Ыйык Китепте жазылгандарга байланыштуу көптөгөн суроолору болгон. Иса Машаяктын Филип деген жолдоочусу андан окугандарын түшүнүп жаткан-жатпаганын сураганда, ал: «Бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?» — деп жооп берген *. Ыйык Китепти жакшы билген Филип ага баарын түшүндүрүп берген (Элчилер 8:30, 31, 34). Эгер силер да, ал төрөгө окшоп, Ыйык Китепти жакшыраак түшүнгүңөр келсе, www.jw.org/ky сайтыбыздагы купонду толтурсаңар же ушул журналдагы өзүңөргө жакыныраак даректердин бирине жазсаңар болот. Ошондой эле жергеңердеги Жахабанын Күбөлөрү менен байланышсаңар же Падышалык залына барсаңар болот. Ыйык Китептеги кеңештерди колдонсоңор, жашооңорду жакшы нукка бура аласыңар. Андыктан Ыйык Китепти окуп көргүлө.

Ыйык Китепте чындык жазылганына ынангыңар келсе, «Ыйык Китепте чындык жазылганын кайдан билебиз?» деген тасманы көргүлө. Ал үчүн jw.org/ky сайтына киргиле.

^ 8-абз. Ыйык Китептеги дагы башка кеңештерди jw.org/ky веб-сайтыбыздан таба аласыңар. (Жолу: ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР.)

^ 10-абз. Ыйык Китепте Кудайдын аты Жахаба экени айтылат.

^ 11-абз. Ушул журналдагы «Ыйык Китепти туура түшүнүү эмне үчүн маанилүү?» деген макаланы да карагыла.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудайдын мыйзамдары бизди кандайча коргойт?

Иса пайгамбар эмне үчүн жетекчиликке муктаж экенибизди жана эң маанилүү эки осуят кайсы экенин айткан.

Ыйык Китепти түшүнүүгө эмне жардам берет?

Билим деңгээлиңиз кандай болбосун, Ыйык Жазмада камтылган Кудайдын кабарын түшүнө аласыз.

Кудайга жакындоо мүмкүнбү?

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө Кудай менен ынак мамиледе болгондор миллиондоп саналат.

Кудайдын ысмы барбы?

Кудайдын Кудуреттүү, Жараткан, Теңир деген наамдары бар. Бирок Кудайдын ысмы Ыйык Китепте 7000дей жолу кездешет.