Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 1 2017

Дүйнөдө азап-кайгы көп болууда. Ушунун баарын Кудай кылып жатабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Азап-кайгыга Кудай күнөлүүбү?

Эмне деп жооп берет элеңер?

  • Ооба

  • Жок

  • Балким

Ыйык Китепте эмне делет?

«Кудай эч качан жамандык кылбайт, Кудурети Күчтүү адилетсиздик кылбайт!» (Аюп 34:10). Кудай эч качан кырсык-каргаша жибербейт жана адамзатты азапка салбайт.

Ыйык Китептен дагы эмнелерди билүүгө болот?

  • Азап-кайгынын болушуна, негизинен, «бул дүйнөнүн башкаруучусу» Шайтан Ибилис себепкер (Жакан 14:30).

  • Азап-кайгы ыймансыз адамдардын да айынан болот (Жакып 1:14, 15).

Азап-кайгы болбогон убак келеби?

Айрымдар эмнеге ишенишет? Айрымдар азап-кайгы баары бирге күч жумшаса жок болот дегенге ишенсе, башкалар дүйнөнүн жакшы жакка өзгөрөрүнө ишенишпейт. Силер кандай ойдосуңар?

Ыйык Китепте эмне делет?

Кудай азап-кайгыны түп-тамыры менен жок кылат. «Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:3, 4).

Ыйык Китептен дагы эмнелерди билүүгө болот?

  • Кудай Шайтандын айынан болгон азап-кайгыны Иса Машаяк аркылуу жок кылат (1 Жакан 3:8).

  • Жакшы адамдар бейишке айланган жерде түбөлүк бейкуттукта жашашат (Забур 37:9—11, 29).

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудай жөнүндөгү чындык

Кудай силерге кам көрөбү? Анын сапаттары жана ага канткенде жакындай аларыңар жөнүндө окуп көргүлө.