Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ДЕКАБРЬ 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИ ТҮШҮНҮҮ МҮМКҮНБҮ?

Ыйык Китептин пайдасы

Ыйык Китептин пайдасы

«Ыйык Китеп — белгилүү диний китеп. Бирок ал чет элдин китеби, анын кытайларга эч кандай тиешеси жок» (ЛИН, КЫТАЙ).

«Өзүмдүн индус динимдеги китептерди түшүнө албай жатсам, Ыйык Китепти түшүнмөк белем?» (ЭМИТ, ИНДИЯ).

«Ыйык Китептин байыркы жана эң кеңири тараган китеп экенин билем. Бирок аны эч качан көргөн эмесмин» (ЮМИКО, ЖАПОНИЯ).

Дүйнө жүзүндө көптөр Ыйык Китепти жогору баалашат. Бирок анда эмнелер жазылганын азыноолок гана билишет же такыр билишпейт. Бул көбүнчө азиялыктарга тиешелүү болгону менен, Ыйык Китеп кеңири тараган өлкөдөгүлөр жөнүндө да ушуну эле айтууга болот.

Балким, силер: «Ыйык Китепти түшүнүп эмне кылам?» — дейттирсиңер. Бирок аны окуп-түшүнүүнүн аркасында:

  • жашоодон канааттануу алып, бактылуу боло аласыңар,

  • үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарды жеңе аласыңар,

  • өтө көп тынчсызданбайсыңар,

  • башкалар менен болгон мамилеңер жакшырат,

  • акчаны туура пайдаланасыңар.

Мисалга, жапониялык Йошико Ыйык Китепте эмнелер жазылганын билгиси келип, аны окуп көрүүнү чечкен. Ал: «Ыйык Китепти окуунун аркасында жашоонун маңызын таптым жана келечекке үмүт байлап калдым. Азыр бөксөм толуп, көңүлүм тынч»,— деген. Макаланын башында айтылган Эмит да Ыйык Китепти изилдеп көрүүнү чечип: «Мен аябай таң калгам. Ыйык Китепте бардык адамдарга керектүү кеңештер бар экен»,— деген.

Ыйык Китеп миллиондогондордун жашоосуна таасир этип келет. Андыктан ал китептин пайдалуу экенине ынаныш үчүн аны менен таанышып көргүлө.