Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Ноябрь, 2015

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Өлгөндөр тирилеби?

Жаратып жашоо бергендин жашоону кайрып бере алары шексиз

Жахаба Кудай — өмүрдүн Булагы (Забур 36:9). Андыктан анын өлгөн адамдарга кайрадан өмүр бере аларына ишенүүгө толук негиз бар. Ыйык Китепте ал муну келечекте кылары жазылган. (Окугула: Элчилер 24:15.) Ал өлгөн адамдарды эмне үчүн тирилтет?

Жаратканыбыз башында адамдардын жер бетинде түбөлүк жашашын каалаган (Башталыш 1:31; 2:15—17). Анын каалоосу өзгөргөн жок. Биздин азыркы акыбалыбыз — азап-тозокту башыбыздан кечиргенибиз, анан калса өмүрүбүздүн тез эле өтүп кеткени — аны абдан кейитет. (Окугула: Аюп 14:1, 14, 15.)

Тирилгендер каякта жашайт?

Кудай адам баласын асманда жашаш үчүн жаратканбы? Жок. Асманда жашасын деп ал периштелерди жараткан. Ал эми адамдар жер бетинде жашоо үчүн жаратылган (Башталыш 1:28; Аюп 38:4, 7). Ушуга байланыштуу Иса пайгамбардын өлгөн адамдарды тирилткенине токтололу. Ал аларды кайра эле жердеги жашоого тирилткен. Ошо сыяктуу, келечекте тириле тургандардын көбү мурункудай болуп жер бетинде эле жашашат. (Окугула: Жакан 5:28, 29; 11:44.)

Кудай тандаган айрым адамдар гана көзгө көрүнбөгөн денеге ээ болуп, рух катары асмандагы жашоого тирилишет (Лука 12:32; 1 Корунттуктар 15:49, 50). Алар асмандан Иса Машаяк менен бирге падышалар катары бүт жер жүзүн башкарышат. (Окугула: Аян 5:9, 10.)

 

Көбүрөөк билиңиз

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Тирилүү деген эмнени билдирет?

Кимдердин тирилери жөнүндө окуп көргүлө.