Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ НОЯБРЬ 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Кудай согушка кандай карайт?

Кудай согушка кандай карайт?

Ушул суроого эмне деп жооп берет элеңер? Ыйык Китепте Кудай байыркы учурда айрым кызматчыларына согушууга өзү буйрук бергени жазылгандыктан, көптөр Кудай согушту жактайт деген ойдо. Башкалар болсо Кудайдын Уулу Иса Машаяк шакирттерин душмандарын сүйүүгө үйрөткөндүктөн, азыр Кудай согушту туура көрбөйт деген пикирде (Матай 5:43, 44).

Силер кандай ойдосуңар? Кудай согушту чын эле колдойбу? Ошондой болсо, ал азыркы согуштарда ким тарапта? Бул суроолордун жообу согушка карата силердин да көз карашыңарга таасир этиши мүмкүн. Мисалы, эгер Кудай жалпы жонунан согуштарга каршы эмес экенин, анан калса кайсы бир согушта силер жактаган тарапты колдой турганын билсеңер, анда ал тараптын жеңүүчү болуп чыгарына күмөн санамак эмессиңер. Ал эми Кудайдын каршы тарапта экенин билсеңер, эмне кылат элеңер? Анда, балким, оюңарды өзгөртүүгө туура келмектир.

Бирок бул жерде мындан да маанилүү бир нерсе бар: Кудайдын согушка кандай караарын билгениңер Кудай жөнүндөгү оюңарга таасир этиши мүмкүн. Эгер силер да согуштардын болуп жатканына зээни кейиген миллиондогон адамдардын катарында болсоңор: «Айрымдар ишенгендей, согуш отун чын эле Кудай өзү тутантабы? Же тутанпаса да, согуштан жапа чеккендердин кайгысына кайдыгер карайбы?» — деп ойлойттурсуңар.

Бул туурасында Ыйык Китепте эмне деп жазылганын билгенде абдан таң калышыңар мүмкүн. Чынында, Кудайдын согушка карата болгон ою байыркы учурда кандай болсо, азыр да ошондой. Эмесе, адегенде байыркы учурдагы, андан соң Иса Машаяктын күндөрүндөгү, тактап айтканда, 1-кылымдагы мисалдарга токтололу. Ошондо Кудайдын бүгүнкү күндөгү согуштарга кандай карай турганын, ошондой эле адамзаттын келечеги кандай болорун да биле алабыз.