Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ СЕНТЯБРЬ 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ДЕГЕН КИМДЕР?

Эмнеге ишенген нерселерибизди башкаларга айтабыз?

Эмнеге ишенген нерселерибизди башкаларга айтабыз?

Бизди башкалардан баарынан да үймө-үй кыдырып, көчөлөрдөн же дагы башка жерлерден Ыйык Китепте жазылган жакшы кабарды айтканыбыз айырмалап турат деп айтуу жаңылыштык болбос. Ушундай иш жүргүзгөнүбүздүн максаты кандай?

Биз Жахабанын Күбөлөрү катары Жахаба Кудайды даңазалап-даңктоону жана анын ысмын жар салууну көздөйбүз (Еврейлер 13:15). Ошондой эле Иса Машаяктын: «Ошондуктан баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла... Аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө»,— деген буйругуна баш иебиз (Матай 28:19, 20).

Андан тышкары, башкаларга жакшылык каалайбыз (Матай 22:39). Албетте, адамдардын көбүнүн өзүнүн диний көз карашы бар экенин жана баары эле биз айткан нерселерге кызыга бербесин түшүнөбүз. Анткен менен Ыйык Китепте жазылгандар адамдын өмүрүн сактап каларын билгендиктен «Машаяк... жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялай беребиз» (Элчилер 5:41, 42).

Антонио Кова Мадуро деген социолог «Жахабанын Күбөлөрүнүн Кудайдын ыйык сөздөрүн жердин булуң-бурчуна чейин жеткириш үчүн... өздөрүнүн жанын да эч аябай турганын» жазган («El Universal» гезити, Венесуэла).

Биздин адабияттардын окурмандарынын көбү Жахабанын Күбөлөрү эмес. Биз менен Ыйык Китепти изилдеген миллиондогон адамдар да башка диндин өкүлдөрү. Ошентсе да алар Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт.

Эгер дагы башка сурооңор болсо:

  • Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылгыла.

  • www.jw.org/ky сайтына кирип көргүлө.

  • Кирүү үчүн акча талап кылынбаган, каалагандардын баары бара алган жыйналыштарга барып көргүлө.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнөн башка эч ким куткарылбайт деп ойлошобу?

Ыйык Китепте кимдердин куткарылууга үмүтү бар экени түшүндүрүлөт.

Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунда аялдар да окутабы?

Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп жаткан ишинде аялдардын ролу кандай?