Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ СЕНТЯБРЬ 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ДЕГЕН КИМДЕР?

Кандай адамдар?

Кандай адамдар?

Биз эч бир дин менен байланышы жок эл аралык уюмдун мүчөлөрүбүз. Башкы башкармалыгыбыз Кошмо Штаттарда болсо да, басымдуу бөлүгүбүз башка өлкөлөрдө жашайт. Иса Машаяк: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деп айткан (Матай 24:14). Так ушул сөздөргө ылайык, 230дан ашуун өлкөдөгү 8 000 000дой Жахабанын Күбөсү Ыйык Китептеги жакшы кабарды жарыялашат.

Каякта жашабайлы, биз мыйзамга баш иебиз, бирок саясий бейтараптуулукту сактайбыз. Анткени Иса Машаяк анын жолдоочулары «бул дүйнөгө таандык болбошу» керектигин айткан. Ошондуктан биз саясий маселелерге аралашпайбыз, согушту, согушка байланышкан иштерди колдобойбуз (Жакан 15:19; 17:16). Ошол себептүү Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Жахабанын Күбөлөрүн түрмөгө камашкан, кыйнашкан жана өлтүрүшкөн. Мурун Германияда дин кызматчы болгон бир киши алар тууралуу: «Аларды абийири жол бербегенинен улам Үчүнчү рейхти колдобогон жалгыз топ деп ишеничтүү түрдө айтууга болот»,— деп айткан.

«[Жахабанын Күбөлөрү] укмуштуудай моралдык күчкө ээ. Керт башынын кызыкчылыгын ойлобогон андай кишилер атүгүл саясаттагы жогорку кызматтарды ээлесе жакшы болмок, бирок алар ага эч качан макул болушпайт... Алар бийликке баш иет, бирок адамзаттын бардык көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечет деп ишенишет». («Nova Svoboda» гезити, мурунку Чехословакия)

Ошентсе да биз өзүнчө жашап, элден обочолонбойбуз. Иса өзүнүн жолдоочулары жөнүндө Кудайдан: «Аларды дүйнөдөн алып кетишиңди эмес, кара өзгөйдөн коргошуңду өтүнөм»,— деп тиленген (Жакан 17:15). Ошондуктан эл катары эле иштейбиз, окуйбуз, соода кылабыз.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгы башка бардык өкмөттөрдөн кайсы жагынан жогору турарын окуп көрүңүз.