Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Июль, 2015

МУКАБАДАГЫ ТЕМА: | САРСАНААНЫН ДАБАСЫ БАРБЫ?

Акча маселеси

Акча маселеси

«Инфляция башталганда, азык-түлүктүн баасы аябай көтөрүлүп, тамак-аш тартыш боло баштаган,— дейт эки баланын атасы Пол.— Биз бир нече саат бою кезекте турчубуз, бирок көбүнчө кезек жеткиче эле, эч нерсе калбай калчу. Тамактын жетишсиздигинен эл аябай алсырап калган, көчөдө баратып кулап калгандар да болчу. Эң керектүү азыктардын баасы алгач миллионго, анан миллиардга чейин көтөрүлүп кеткен. Акырында акчанын күчү кетип калган. Ошондо банктагы акчам, камсыздандырууга жана пенсияга бөлүнгөн акчам эч нерсеге жарабай калган».

Пол

Ошондой жагдайда Полдон акылмандык менен иш кылуу талап кылынган (Накыл сөздөр 3:21). «Өзүм электрик болсом да, кандай жумуш болбосун, акчасына карабай, иштей бердим. Кээ бирлер акыма тамак-аш же тиричиликке керектүү нерселерди берчү. Андайда, мисалы, төрт самын берсе, экөөнү сатып ийчүмүн. Кийинчерээк 40 жөжө багып, алар чоңойгондо сатып, дагы 300 жөжө алдым. Анан 50сүн 50 килограмм жүгөрү унга айырбаштадым. Ошол ун менен өз үй-бүлөм да, башка бир нече үй-бүлө да бир топ убакыт жан бактык»,— дейт Пол.

Пол андайда Кудайга таянуу да абдан маанилүү экенин билген. Анткени Кудай ага баш ийгендерге сөзсүз жардам берет. Бул тууралуу Иса пайгамбар: «Эмне жээриңерди, эмне ичериңерди ойлоп тынчсызданбагыла... Мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет»,— деген (Лука 12:29—31).

Тилекке каршы, Кудайдын башкы душманы Шайтан адамдарды дененин муктаждыктарын канааттандыруу жашоодогу эң негизги нерсе дегенге ишендирип келет. Ошондуктан көптөр ага алданып, керек болгон нерселерди да, керектүүдөй сезилген нерселерди да ойлоп ашыкча тынчсызданып, аларга ээ болууга бүт күчүн жумшашат. Көптөр карызга белчесинен батып, «карыздар — карыз бергендин кулу» дегенди жон териси менен сезүүдө (Накыл сөздөр 22:7).

 Айрымдар болсо акча табыш үчүн чет өлкөгө кетүүнү чечип, кесепетин тартышат. Пол мындай дейт: «Көп кошуналарым жакшыраак жашоону көздөп үй-бүлөсүн, досторун таштап, чет өлкөгө кетип калышкан. Кээ бирлери тийиштүү документтери жок эле кетип калгандыктан жумуш таба албай кыйналып, көчөдө калышкан. Полициядан жашынып жүргөнгө да аргасыз болушкан. Алар Кудайдын жардамына эмес, өзүнүн күчүнө таянышкан. Биз болсо акчага байланыштуу кыйынчылыктарга үй-бүлөбүз менен чогуу туруштук берүүгө бел байлап, аларды Кудайдын жардамы менен көтөрүп кеттик».

ИСАНЫН КЕҢЕШИНЕ ЫЛАЙЫК ИШ КЫЛУУ

Пол сөзүн мындай деп улайт: «Иса пайгамбар: „Эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү“,— деп айткан. Ошондуктан үй-бүлөм ачка калбашы үчүн, Кудайдан күнүгө: „Бүгүнкү күнгө керектүү наныбызды бере көр“,— деп тиленип жүрдүм. Каалаганыбызды жебесек да, Иса пайгамбар айткандай, Кудай бизди куру калтырган жок. Бир жолу эмне сатылып жатканын билбей эле, кезекке турдум. Көрсө, йогурт сатылып жатыптыр. Анча жакшы көрбөсөм да сатып алдым. Ал күнү йогурт жеп жаттык. Мен Кудайга аябай ыраазымын, анткени ал бизди калтырган жок, бир да жолу ачка жаткан жокпуз *.

Кудай: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деп убада кылган (Еврейлер 13:5)

Азыр, Кудайга шүгүр, акча жагынан мурункудай кыйналган жокпуз. Бирок ошол кыйынчылыктардан сары санаага батпоонун эң жакшы жолу Кудайга таянуу экенин түшүндүк. Анткени Жахабанын * айтканын аткарсак, ал сөзсүз жардам берет. Биз Забур 34:8деги: „Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер, аны баш маана кылган адам бактылуу“,— деген сөздөрдүн чын экенине ынандык. Ошондуктан ушу сыяктуу кыйынчылыктардан коркпой калдык.

Кудай ага бекем ишенгендерге күнүмдүк нанын тапканга жардам берет

Биз азыр адамга баарынан да жумуш же акча эмес, тамак керек экендигин жакшы түшүндүк. Биз Кудай: „Дан жер бетинде мол болот“,— деп убада кылган заманды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Азыр болсо „ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз“ болгонуна ыраазыбыз. Бизди Ыйык Китептеги: „Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула. Анткени Кудай: „Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм“,— деп айткан“,— деген сөздөр кайраттандырат. Ошондуктан: „Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм“,— деп айта алабыз» *.

Пол жана анын үй-бүлөсүндөй болуп, «Кудайдын жолунда жүрүш» үчүн Кудайга бекем ишениш керек (Башталыш 6:9). Акча жагынан азыр кыйналып жатабызбы же ошондой кыйынчылыкка келечекте кабылабызбы, Кудайга толугу менен таянуу жана анын кеңештерин иш жүзүндө колдонуу жагынан Полдон үлгү алса болот.

Ал эми үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн айынан жүрөк заада болуп жатсакчы?

^ 9 абз. Карагыла: Матай 6:11, 34.

^ 10 абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

Көбүрөөк билиңиз

ОЙГОНГУЛА!

Акчага келбей турган үч нерсе

Акчага муктаж болгон нерселерди сатып ала алабыз. Бирок канааттануу акчага келе турган нерселерден көз каранды эмес.