Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ИЮНЬ 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕП ЖАНА ИЛИМ

Илимдин тиши өтпөгөн нерселер

Илимдин тиши өтпөгөн нерселер

Жакындан бери жаңы атеисттер деп аталгандардын көз карашы түшүндүрүлгөн китептер кеңири жайылууда. Ал китептер көптөрдү кызыктырып, далай талаш-тартышты, талкууну жаратып келет. Буга байланыштуу нейробиолог Д. Иглмен: «Кээ бир окурмандар... окумуштуулар баарын билет деп ойлошот»,— деп жазган. Анан: «Бирок чыныгы илим дайыма кеңири көз карашта жана калыс болот, ошондуктан илимдин тарыхы күтүлбөгөн ачылыштарга толгон»,— деп кошумчалаган.

Кылымдар бою не бир таланттуу окумуштуулар табиятка байланышкан баш катырган суроолорго жооп издеп жатып таң калтырарлык ачылыштарды жасашкан. Анткен менен катуу жаңылгандар да болгон. Мисалга улуу окумуштуулардын бири Исаак Ньютонду алалы. Ал гравитациялык күчтүн ааламдагы планеталарды, жылдыздарды жана галактикаларды кандайча бириктирип турарын түшүндүргөн. Ошондой эле учурда компьютерди долбоорлоодо, космоско саякат жасоодо, ядролук физикада колдонулган жана математиканын бир тармагы болуп саналган эсептөөнүн түрүн негиздеген. Бирок ошол эле учурда ал коргошунду жана башка металлдарды алтынга айландыруу максатында астрология жана сыйкырдуу формулалар колдонулган жалган илимдин түрү менен, алхимия менен, иришкен.

Ньютондон 1 500 жылдан ашуун убакыт мурун жашаган грек астроному Птолемей асманды эч кандай шайманы жок изилдеген. Ал түнкү асманга байкоо салып, планеталардын кыймылын аныктаган, ошондой эле мыкты картограф (карта түзүүчү) болгон, бирок Жер планетасын ааламдын борбору деп ишенген. Карл Сэйгэн деген астрофизик Птолемей жөнүндө: «Анын Жер планетасы ааламдын борборунда жайгашкан деген 1 500 жылдай убакыт бою таасирин жоготпогон көз карашы адамдын акыл жөндөмдүүлүгү анын катуу жаңылбай турганына кепил боло албасын эсибизге салып турат»,— деп жазган.

Бүгүнкү күндөгү илимпоздор жөнүндө деле ушуну айтууга болот. Алардын качандыр бир учурда ааламды толугу менен түшүнүүгө кудурети жетеби? Илимдин көп ашуу ашканы жана адамзатка тийгизген пайдасы чоң экени чын болсо да, анын кудурети чексиз эмес экенин эсибизден чыгарбаганыбыз жакшы. Пол Дейвис деген физик: «Бардык нерсеге өзүнө-өзү каршы келбеген жана толук түшүндүрмө бере турган логикалык схеманы издөөдөн эч кандай майнап чыкпайт»,— деп айткан. Бул сөздөр эч ким тана албай турган чындыкты — адамдар табиятты толук түшүнө албасын — тастыктап турат. Андыктан илимдин дүйнөдөгү бардык нерсени түшүндүрө алгыдай кудурети бар экенин айтышканда, эч качан ишенимдүү түрдө антип айтууга болбой турганын унутпоо акылдуулукка жатат.

Ыйык Китептин илим канааттандыра албаган муктаждыктарыбызды канааттандыра алары талашсыз

Ыйык Китепте жаратылыштагы кереметтер жөнүндө: «Булар [Кудайдын] жолдорунун чети гана, бизге Анын шыбыры эле жетет!» — деп айтылган (Аюп 26:14). Бул сөздөр адам баласынын аң-сезими жана түшүнүгү жетпей турган толгон-токой нерселердин бар экенинен кабар берет. Андыктан мындан 2 000 жылдай мурун жашаган элчи Пабылдын: «Оо, Кудайдын байлыгы кандай түгөнгүс, акылмандыгы, билими кандай терең! Сот өкүмдөрү акыл жеткис, жолдору изилденгис!» — деген сөздөрү кандай гана таамай айтылган! (Римдиктер 11:33).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жер калыбына келгис болуп кыйрап калабы?

Ыйык Китепте Жердин кыйратылары эле эмес, анын кыйрашына эмне себеп болору да алдын ала айтылган.

Көптөр эмнеден улам Жаратканга ишенип калган?

Адамдар жаныбарлардан пайда болгонбу? Же аларды Кудай жаратканбы?