Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ИЮНЬ 2015

 ӨМҮР БАЯН

Жети атадан калган мурас

Жети атадан калган мурас

Көптөр мени атама аябай окшоштурушат. Өзгөчө, турган турпатым, көзүм, тамашакөйлүгүм окшош деп айтышат. Булардан тышкары, атам аркылуу ата-бабаларымдан бери келаткан дагы бир нерсени мурастадым. Анда ошол тууралуу айтып берейин.

Атам экөөбүздүн ата-бабаларыбыздын сүрөттөрүн көрүп жаткандагыбыз

Түпкү ата-бабаларымдын бири болгон Томас1 * Уильямс 1815-жылдын 20-январында Англиянын Хорнкасл деген шаарында төрөлүптүр. Эки жылдан кийин эле апасы каза болуп калгандыктан, аны жана анын үч бир тууганын атасы Жон Уильямс жалгыз чоңойтуптур. Жон Уильямс Томасты жыгач усталыкка үйрөткөн экен. Бирок Томас башка жолду тандаптыр.

Ошол убакта Англияда жаңы диний агым күч ала баштаган экен. Англия чиркөөсүндөгү Жон Весли деген киши чиркөөдөн бөлүнүп, методисттер коомун — элди Ыйык Китепти изилдөөгө жана андагы жакшы кабарды башкаларга жарыялоого үндөгөн топту — негиздептир. Анын чагылгандай тез тараган окууларын Уильямстын үй-бүлөсү да кабыл алып, Томас Веслинин жолун жолдой баштаган экен. Көп өтпөй Томас Уильямс миссионер болуп кызмат кылыш үчүн Тынч океанынын түштүгүнө көчүп кетиптир. Ошентип, 1840-жылдын июль айында болочок жубайы Мэри2 менен Фижиге, ошол учурда кишинин этин жеген эл жашаган жанар тоолору бар Лакеба аралына *, барышыптыр.

ҮРӨЙ УЧУРГАН КОРКУНУЧТАР

Томас менен Мэри Фижидеги кызматынын алгачкы жылдарында башынан оор кыйынчылыктарды өткөрүшкөн. Аларга начар шарттарда күнүнө бир топ саат бою мээ кайнаткан тропиктик ысыкта оор эмгектенүүгө туура келген. Ошондой эле алар ал жактагы уруулар ортосундагы кагылышуу, жесирлерди муунтуп өлтүрүү, ымыркайларды өлтүрүү жана каннибализм сыяктуу төбө чачты тик тургузган нерселерден коркуп жашашкан. Андан тышкары, жергиликтүү адамдардын көбү алардын кабар айтышына каршы болушкан. Мунун баары аз келгенсип, бир жолу Мэри менен анын тун баласы Жон катуу ооруп, аз жерден өлүп кала жаздашкан. 1843-жылы Томас: «Айлам алты кетип, эмне кыларымды билбей калгам... Көңүлүм аябай чөккөн»,— деп жазган. Ушундай кыйынчылыктарга карабай Томас менен Мэри Жахаба Кудайга кызмат кыла беришкен.

Фижиде жүргөндө Томас биринчилерден болуп европалыктардыкындай үй курган. Ал курган үйдүн полу жерден өйдөрөөк болуп, желдеп турган жана фижиликтердин бүйүрүн кызытып, таң калтырган. Томас үйдү бүтөйүн деп калганда, Мэри экөө экинчи уулдуу болушкан. Ал Томас Уитон 3 Уильямс эле.

1843-жылы Томас Уильямс Жакандын Инжилин фижи тилине которууга жардам берген, бирок которуу иши ал үчүн кыйынга турган *. Анткен менен ал байкоо жүргүзүүгө абдан жөндөмдүү келген антрополог болгон. Ал фижиликтердин жашоосун кылдат изилдеп, изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын  19-кылымдагы фижиликтердин жашоосу баяндалган классикалык билдирүү болуп калган «Фижи жана фижиликтер» деген китебине жазган («Fiji and the Fijians», 1858).

Томас Фижиде жан жигерин төшөп 13 жыл кызмат кылгандан кийин, ден соолугу начарлап кеткендиктен, үй-бүлөсү менен Австралияга көчүп кеткен. Көп жылдар бою миссионер катары кызмат кылып, көптөргө таанымал болгон Томас 1891-жылы Виктория штатындагы Балларат шаарында көз жумган.

БАТЫШТАН ТАБЫЛГАН «АЛТЫН»

1883-жылы Томас Уитон Уильямс жана анын жубайы Фиби4 үй-бүлөсү менен Батыш Австралиядагы Перт деген шаарга көчүшкөн. Алардын экинчи уулу, менин чоң аталарымдын бири Артур Беквел 5 Уильямс, ошол учурда 9 жашта болчу.

Кийинчерээк Артур 22ге чыкканда Перт шаарынан чыгышты көздөй 600дөй чакырым алыстыктагы алтын алынган өнүгүп бараткан Калгурли шаарына көчүп кеткен. Ошол жактан азыр Жахабанын Күбөлөрү деп белгилүү болгон Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр чыгарган адабияттардын айрымдарын окуган. Ошондой эле «Сион күзөт мунарасы» деген журналды алып турууга жазылган. Окугандары аябай жаккандыктан, ал Ыйык Китепти изилдеш үчүн алардын жыйналыштарына барып, билгендерин башкалар менен бөлүшө баштаган. Батыш Австралиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн азыркы тапта жүрүп жаткан иши ушинтип башталган.

Артур билгендерин үй-бүлөсүнө айтып берген. Анын Ыйык Китепти Изилдөөчүлөргө кошулганын атасы Томас Уитон Уильямс колдогон. Бирок көп өтпөй каза болуп калган. Убакыттын өтүшү менен Артурдун апасы Фиби, карындаштары Мэри менен Виолет да Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн катарына кошулушкан. Виолет пионер болуп кызмат кылчу, башкача айтканда, Ыйык Китептеги жакшы кабарды айтууга көп убакыт жумшачу. Артур анын «Батыш Австралиядан чыккан жалындаган, ынталуу пионерлердин бири» болгонун айткан. Артур ошол учурда эки анжы болуп жүргөн көрүнөт. Бирок Уильямстардын кийинки муунуна Артурдун карындашы Виолеттин ынталуулугу чоң таасир тийгизген.

Кийин Артур үйлөнүп, Батыш Австралиянын түштүк-батышындагы жер-жемиш көп өскөн Донибрук деген шаарга көчүп барган. Ал Ыйык Китепте 1914-жылга байланыштуу алдын ала айтылгандарды башкаларга ынталуулук менен айткандыктан, көптөр аны шылдыңдап, «Алжыган 1914» деп атап коюшкан *. Бирок 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда, аны эч ким шылдыңдабай калган. Артурдун менчик дүкөнү бар болчу. Ал товарлар тизиле турган жерге Ыйык Китепке негизделген адабияттарды да тизип коюп, келген кардарлардын баарына кабар айтчу. Ошондой эле адабияттардын жанында Үчилтиктин Ыйык Китепке негизделген окуу экенин далилдеп бергендерге 100 фунт берилери жазылган жазуу бар болчу. Бирок ал окууну эч ким далилдеп бере алган эмес экен.

Артур Уильямстын Донибруктагы үйүнө Ыйык Китепти изилдегендер чогулуп турчу жана жыйналыш өткөрүлчү. Кийинчерээк Артур Ыйык Китепти изилдегендер жыйналыш өткөргөн Падышалык залын курган. Ал Батыш Австралиядагы эң биринчи курулган Падышалык залы болчу. Артур 70 жаштарында  костюм шым кийип, галстук тагынып, Дол деген карыган атына минип алып, Донибрукту аралап кабар айтчу экен.

Токтоо, өз кадырын билген жана Кудайга ынталуу кызмат кылган Артурду көрүп, балдары көп нерсеге үйрөнүшкөн. Анын Флоренс6 деген кызы миссионер болуп Индияда кызмат кылган. Ал эми уулдары Артур Линдсей7 менен Томас, атасындай болуп, жыйналышта узак убакыт бою жетекчиликти колго алып келген.

ТАТТУУ ЛЕДИ УИЛЬЯМС

Чоң чоң атам Артур Линдсей Уильямс жумшак киши болгондуктан, көптөр аны кадырлап-сыйлашчу экен. Ал башкалардан убактысын такыр аячу эмес экен жана адамга урмат-сый менен мамиле кылчу экен. Ал 12 жылдын ичинде бак кыюу боюнча өткөрүлгөн аймактык мелдештерде 18 жолу жеңүүчү болуптур.

Бир жолу анын эки жаштагы уулу Роналд8 (менин чоң атам) үйдүн жанындагы кичинекей алма бакты балта менен чаап салат. Аны көргөн апасы бакты таңып коёт. Кийин ал бак укмуштуудай таттуу жемиш берет. Алар ал алманы Леди Уильямс деп атап коюшат. Кийинчерээк Леди Уильямс сорту башка сорттогу алма менен кыйыштырылып, дүйнө жүзүнө белгилүү Крипс Пинк сорту пайда болгон.

Роналд чоң атам чоңойгондо накта уста болгон. Чоң апам экөө Австралияда жана Соломон аралдарында Жахабанын Күбөлөрүнүн курулуш долбоорлорунда ыктыярдуу кызматчы катары бир нече жыл бою кызмат кылышкан. Азыр чоң атам 80ге таяп калды, бирок дагы деле Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында жетекчиликти колго алып келет, ошондой эле Батыш Австралиядагы Падышалык залдарын салууга жана оңдоп-түзөөгө жардам берип турат.

БААЛУУ МУРАС

Ата-бабаларыбыздан бери келаткан баалуу мурасты жоготпой, атам Жефри9 Уильямс жана апам Жанис10 карындашым Кэтринге11 жана мага12 Ыйык Китепте жазылган принциптердин негизинде тарбия берген. Ошондуктан 13 жашымда Жахаба Кудай менен өзгөчө ынак мамиле өрчүтө баштадым. Бир жолу Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынында Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жон Барр жаштарга кайрылып: «Силерде болгон баалуу нерсени — Жахабаны таанып-билип, аны менен ынак мамиле өрчүтүү мүмкүнчүлүгүн — колдон чыгарып жибербегиле»,— деп айткан болчу. Ошол күнү кечинде өмүрүмдүн аягына чейин Жахабага кызмат кылууну чечтим. Ошондон эки жыл өткөндөн кийин пионер болуп кызмат кыла баштадым.

Бүгүнкү күндө жубайым Клое экөөбүз Батыш Австралиянын Том Прайс деген шахтёрлордун шаарында убактыбыздын көбүн Кудайга кызмат кылууга жумшап, бактылуу жашап жатабыз. Ал эми калган убактыбызда жумушта иштейбиз. Ата-энем жана карындашым Кэтрин күйөөсү Андрес болуп биз жашаган шаардан түндүктү көздөй 420дай чакырым алыстыкта жайгашкан Порт-Хедленд деген шаарда пионер болуп кызмат кылышат. Учурда атам экөөбүз тең жыйналышта жетекчиликти колго алып, Кудайга кызмат кылып жатабыз.

Түпкү бабам Томас Уильямс Жахаба Кудайга кызмат кылууну чечкен. Андан калган мурасты баалап, мен да Жахаба Кудайга кызмат кылып жатам. Ушундай баа жеткис мурасты Кудайдын батасы деп эсептейм.

^ абз. 5 Аты номурланган кишилер 12, 13-беттеги сүрөттө көрсөтүлдү.

^ абз. 6 Мурун Лакемба аралы деп аталган бул арал Фижинин чыгышындагы Лау аралдарына кирет.

^ абз. 10 Ыйык Китептин Жаңы Келишим деген бөлүгүнө кирген жана 1847-жылы фижи тилинде жарык көргөн китептердин көбүн Жон Хант деген миссионер которгон. Көңүлгө аларлык нерсе, анын котормосунда Марк 12:36да, Лука 20:42де жана Элчилер 2:34тө Кудайдын Жахаба деген ысымы «Жиова» деп кездешет.

^ абз. 16 Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин «1914-жыл — адамзат тарыхындагы өзгөчө дата» деген тиркемесин карагыла. Ал китеп www.jw.org/ky сайтында да бар.

Көбүрөөк билиңиз

Кудайдын мыйзамдары бизди кандайча коргойт?

Иса пайгамбар эмне үчүн жетекчиликке муктаж экенибизди жана эң маанилүү эки осуят кайсы экенин айткан.

Ыйык Китепте 1914-жыл жөнүндө эмне делет?

Даниел китебиндеги «жети мезгил» жөнүндөгү пайгамбарлыктын аткарылышы кандай чоң окуя менен коштолгонун окуп көргүлө.

Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла

Ыйык Китепте жазылган ишеними күчтүү инсандар жөнүндө окуп-билүүдөн кандай пайда алабыз?