Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ МАЙ 2015

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Сот күнү деген эмне?

Эмне үчүн сот күнүн кубанычтуу убак десе болот?

Байыркы учурда Кудай анын элинин арасында адилеттүү сот жүргүзүшү үчүн бийлерди дайындачу (Бийлер 2:18). Ыйык Китепте келечекте боло турган сот күнү жөнүндө жазылган. Ал бүт жер жүзүнүн Соту Жахаба Кудай адамзатты адилетсиздиктен арылта турган кубанычтуу убак болот. (Окугула: Забур 96:12, 13; Ышая 26:9.)

Тирүүлөрдү да, өлгөндөрдү да адилеттүү түрдө соттош үчүн Кудай Иса Машаякты дайындаган (Элчилер 10:42; 17:31). Ал Кудайды тааныбай көзү өтүп кеткен көптөгөн адамдарды тирилтет. Ошондо аларда Кудай менен жакын мамиле өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк болот. (Окугула: Элчилер 24:15.)

Эмне үчүн сот күнү миң жылга созулат?

Өлгөндөр миң жыл аралыгында тирилет (Аян 20:4, 12). Кудайды таанып-билип, ага баш ийгенди үйрөнүш үчүн аларга убакыт керек болот. Көптөр адам өлгөнгө чейинки иштери үчүн соттолот деп ойлойт. Бирок Ыйык Китепте адам тирилгенден кийинки иштеринин негизинде соттолору жазылган. (Окугула: Римдиктер 6:7.)

Ыйык Китепте ал убакка чейин капыстан келе турган дагы бир сот күнү жөнүндө айтылат. Журналдын баш макалаларында айтылгандай, ал күн дүйнөнүн акыры деп да айтылат. Ал күнү Кудай ыймансыздардын баарын жок кылат (2 Петир 3:7). Ошондуктан Кудай менен жакын мамиле өрчүтүшүбүз керек. (Окугула: 2 Петир 3:9, 13.)